Коомдук берүүлөрдү колдоо

Интерньюс  учурда «Кыргызстандагы маалымат булактарын күчтөндүрүү: коомдук телерадиоберүүгө жана көз карандысыз он-лайн медиаларга колдоо көрсөтүү» долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун башкы максаты:

 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Интерньюс КТРКна анын коомдук телеберүү форматына өтүүсү үчүн көмөк көрсөтүүдө. Коомдук телеберүү форматына ийгиликтүү өтүү КТРКнын өкмөттөн көз карандысыздыгын бекемдеп, профессионалдык потенциалын жогорулатып, калкты маанилүү суроолор жана окуялар боюнча маалымат менен камсыздоодо жоопкерчилигин көтөрөт.

—  альтернативдүү маалымат булактарын кеңейтүү

Интерньюс КРдагы эң популярдуу интернет-форумдардын бири – www.diesel.elcat.kg форумунун техникалык жаңыртылуусу жана маалыматтык коопсуздугу боюнча жана “Доор Медиа” КФсы менен КРдагы мобилдүү жаңылыктарды жеткирүүнүн биринчи уникалдуу системасы – “Куш Кабар” долбоорун колдоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен иштешүүдө. Жалпысынан, долбоор сайттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, пайдалануучуларды Интернеттин интерактивдүү жана мультимедиялык функцияларын пайдаланууга активдештирүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоор төмөнкү ыкмаларды колдонуу менен ишке ашырылууда:

1. Пландаштырылган иш-чаралады ишке ашыруу: каржы системасынын анализи, техникалык абалды баалоо, башкаруу системасынын анализи, КТРКнын программаларынын мазмунунун анализи багыттары боюнча баалоону жүргүзүү, КТРКнын кызматкерлери үчүн окутууларды, жеке консультацияларды жана жумуш сапарларын уюштуруу. Алардын башкы максаты — КТРКнын идеологиясын жана структурасын оптималдаштыруу, чыныгы коомдук берүүгө өтүү үчүн анын штатынын профессионалдык даярдыгын көтөрүү.

2. Каржы системасы, уюштуруучулук структурасы, менеджмент жана техникалык бөлүктөрдөгү реформалоо процесстерин эффективдүү башкаруу үчүн КТРКнын жана анын башкаруу структурасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

3. КТРКнын аудиториясын кеңейтүү жана тыкыс байланышта болуусу үчүн жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүүгө жана конвергенттүү жаңылыктар бөлүмдөрүн (news room) ишке киргизүүгө жардам көрсөтүү.

4. Программалардын курамына, КТРКнын ички саясатына, чечим чыгаруу процесстерине жана компаниянын менеджментине гендердик аспектилерди кригизүү.

Долбоордун негизги максаты – регионалдык “Ынтымак” каналы жана Коомдук Биринчи канал (КТРК) чагылдырган так жана бейтараптуу жаңылыктар аркылуу жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.

 2016-жылдын июнь айынан тарта долбоор Ынтымактын жаңылыктарынын сапатын көтөрүү жана анын туруктуулугу үчүн түрдүү каражат булактарын издөөгө багытталган. Долбоор максатту кеңеш берүү, насаатчылык, стратегиялык пландаштыруу, аудиторияны изилдөө жана Интернеттеги берүүнү күчөтүү боюнча тренингдер аркылуу Ынтымакка көмөк көрсөтөт.

КТРК менен кызматташуу маалында долбоор каналдын ишин жогорулатуу үчүн техникалык, каржылык, функционалдык аудиттердине негизинде ар кандай кеңештерди көрсөтүүгө багытталган эле. Интерньюс ошондой эле каналга укук маселелери, техникалык ыкмалар, жаңылыктарды алып баруу жана пландоо, менеджмент, коомдук көрсөтүүлөрдүн принциптери сыяктуу тренингдерди өткөрүүдө жардам көрсөттү. Ушул эле долбоордун алкагында КТРКга техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууда жана интернет аудиториясынын кеңейтилишине көмөк көрсөтүлдү.

 

 

Тажикистан Кыргызстандын СТБга өтүү боюнча тажрыйбасына жогорку баа берди

Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Тажикстан делегациясы Бишкекке келип, санариптик телеберүүгө (СТБ) өтүү боюнча тажрыйбасы менен көңүл салып таанышып кетишти. Борбор Азиялык өлкөлөрдүн арасында санариптик телеберүүгө эң биринчи болуп, убактылуу...

Кененирээк
Датасы: 7 июля 17

Түштук жергесиндеги тургундар КТРК каналында “көңүлсүз берүүлөрдүн” ордуна көбүрөөк “журналистик тергөөлөрдү” көрүүнү каалашат

  Лейлек районунун Исфана шаарынын тургундары КТРКнын эфиринде «чек ара конфликттердин» аз берилиши жана жаштар, балдар үчүн берүүлөрдүн жетишсиздиги бар экендигин белгилешкен.   Бул жана башка суроолор КТРКнын өкүлдөрү...

Кененирээк
Датасы: 10 июля 15

КТРК өкүлдөрү Таластын коомчулугу менен жолугушуу өткөрүштү

Кыргызстандын коомдук телерадиоберүү корпорацисынын өкүлчүлүгү Талас областынын коомчулугу менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты – КТРК жана анын теле көрүүчүлөрү, радиоугуучулары менен эффективдүү байланышты түзүү, алардын муктаждыгын аныктоо. Катышуучулардын...

Кененирээк
Датасы: 3 июня 15

КТРКнын жаңы башкы директору шайланды

Коомдук теле радио Корпорациясынын жаңы башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды. Корпорациянын Байкоочу Кеңеши дал ушундай чечимге жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 2015 жылдын 19 мартында келди. КТРКнын коомчулук менен...

Кененирээк
Датасы: 19 марта 15

КТРК башчылыгына 10 талапкер ат салышат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматына талапкерлердин арызын кабыл алуу кечээ, 10-мартта токтоду. Жалпысынан 13 адам КТРКнын Байкоочу кеңешине документтерин тапшырды. Кечээ Байкоочу кеңеш мүчөлөрү талапкерлердин документтерин карап чыгып, 13 талапкер менен маек...

Кененирээк
Датасы: 11 марта 15

«Кыргызстандагы коомдук телеберүүнү колдоо» долбоору узартылды

  Жакында эле «Кыргызстандагы коомдук телеберүүнү колдоо» долбоорун узартуу тууралуу чечим кабыл алынды, ал дагы бир жылга – 2016 жылдын 28 февралына чейин узартылмакчы. Бул чечим, Кыргызстандагы коомдук берүүчүлөрдү...

Кененирээк
Датасы: 3 марта 15

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды

12 февралда 2015 ж. КТРКнын Байкоочу кеңешнин кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйында КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Абды Сатаров шайланды. Төрагалыкка Абды Сатаров менен Сабырбек Муканбетовдун талапкерлеги көрсөтүлдү. Жабык...

Кененирээк
Датасы: 13 февраля 15

Журналисттердин коопсуздугу боюнча тренинг анын келечектеги актуалдуулугунан кабар берет

Журналисттердин коопсуздугу, Ошто өткөн эки күндүк тренингдин негизги темасы болду. «Журналисттердин митингдердеги жана күнүмдүк турмуштагы коопсуздугу” аттуу тренинг 2015 жылдын 7-8 февралында “Ынтымак” Коомдук Регионалдык Телерадио Компаниясында орун алды....

Кененирээк
Датасы: 10 февраля 15

КТРКнын жаңы интернет баракчасы: жаңылануу жаңы сапатты алып келеби?

Жаңыланган КТРКнын сайты өз ишин үстүбүздөгү жылдын декабр айында баштады. Веб-ресурстун жаңы версиясы, аны иштеп чыккан адистердин айтымында, аны колдонууну жеңилдетүүгө жана көрүүлөрдүн санын көбөйтүүгө багытталган сайттын ишин оптимизациялаган...

Кененирээк
Датасы: 29 декабря 14

КТРКнын өнүгүү стратегиясы боюнча иш аракет жаны жылдан кийин талкууланат

Байкоочу кеңештин биринчи жыйыны КТРКнын жаңы жетекчиси Султан Жумагуловдун катышуусу менен 25 декабрда, 2014 ж. өттү. Жыйында төмөнкү суроолор каралды: эффективдүү менеджмент, санариптик телекөрсөтүүгө өтүү, контентти жакшыртуу, каржылоо булактарын...

Кененирээк
Датасы: 29 декабря 14

reports

Айжамал Айдарбекова
Ассистент проекта