Кыргызстандын коомдук каналына колдоо көрсөтүү (КТРК)

Интерньюс КТРК үчүн коомчулук менен жолугушуу жана башка иш-чаралар үчүн он төрт жыйын өткөрүүгө көмөк көрсөттү. КТРКнын Байкоочу кеңеши коомдук көрсөтүүлөрдүн өнүгүшү тууралуу кеңири билүү үчүн Кыргызстандын алыскы аймактарынын жарандык активисттери менен жолугушууларды өткөрөт.

КТРК башкаруу жана техникалык аудит, уюштуруу-функционалдык анализден өттү. Ошолордун негизнде учурда тренингдердин жана башка потенциалды көтөрүү иш-чаралыны жүрүп жатат.

Чечүүнү талап кылган суроолорду табуу үчүн ОТРКга финансылык, башкаруу жана техникалык аудиттер, ошондой эле функционалдуу анализ өткөрүлдү.

Интерньюс тарабынан чакырылган медиа эксперт КТРКнын негизинде түзүлгөн 24 сааттык жаңылыктар каналынын концепциясын түздү. “Ала-Тоо-24” жаңы каналы 2016-жылдын 12-сентябрында обого чыкты.

Интерньюстун тапшырыгы менен Oxus International КТРК үчүн коммуникациялык стратегиясын түзүп чыкты. Жаңы негизделген коммуникация бөлүмү коомчулук менен иштөө, социалдык медиадагы маркетинг жана потенциалды ар кандай иш-чаралар менен жогорулатуу боюнча бир катар тренингдерден өтүштү. Долбоор ОТРК үчүн байланыш стратегиясын иштеп чыгууга жана социалдык медиада коомчулук жана маркетинг менен иштөө туралуу тренингдерди өткөрүүгө көмөк көрсөттү.

Долбоордун алкагында КТРК заманбап программаларды жана жаңылыктар бөлүмүнө түз чагылдырууну камсыздаган техникалык жабдыктарды, каржы бөлүмүнө компьютердик программаларды жана сайт менен иштеген бөлүмгө уюлдук тиркемелерди алды. Долбоор тарабынан камсыз кылынган жаңы заманбап программалык камсыздоонун жана түз трансляция үчүн жабдыктардын жардамы менен ОТРК өзүнүн өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

USAID жана Интерньюстун көмөгү менен КТРК веб-сайтына бир убакта 5000дон ашык колдонуучу киргенде иштөөнү уланта бергенге мүмкүнчүлүк түзгөн сервер сатып алынды. Сервердин өндүрүмүн көбөйтүү ОТРКнын сайтын жакшыртып, сайтка бир убакытта 5000 көрүүлөрдөн жогору көтөрө алган мүмкүндүктү берди. Ошондой эле каналдын мобилдик тиркемеси пайда болду.

Техникалык, каржылык жана функционалдык аудит жүргүзүүдөн тышкары долбоор КТРКнын каржылык, уюштуруу жана техникалык реформарларын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн тренингдерди уюштурду.

Кийинки аудити менен тренингдер өзгөрүүлөрдү бекитүүнү камсыздоо үчүн ОТРКга өзүнүн финансылык, уюштуруу жана техникалык реформаларды өткөрүүгө мүмкүндүк берди.

Орусиялык ТВ2 каналынын жаңылыктарынын продюсери, тажрыйбалуу медиа устат Юлия Мучник КТРКнын жаңылыктар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн аналитикалык журналистика боюнча эки жумалык тренинг өттү. Тренинг апталык берүүлөрдүн професионалдуу стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн анын өндүрүмүн жогорулатуу максатында жүргүзүлдү. ОТРКнын жаңылыктар бөлүмүнүн кызматкерлери аналитикалык журналистика, ал эми вебсайт жана коммерция бөлүмүнүн кызматкерлери маркетинг боюнча тренинг өтүштү.

КТРК жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча адистер иштешти

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы” жөнүндөгү мыйзамга оңдоо киргизүү үстүндө жигердүү иш алып барууда.     2014-жылы “Коомдук берүүнү колдоо”долбоорунун чегинде өлкөбүздүн коомдук биринчи телеканалынын мыйзамдуу түрдө саясий, финансы жана редакциялык көз карандысыздыгын камсыздоо...

Кененирээк
Датасы: 9 июня 17

Түштук жергесиндеги тургундар КТРК каналында “көңүлсүз берүүлөрдүн” ордуна көбүрөөк “журналистик тергөөлөрдү” көрүүнү каалашат

  Лейлек районунун Исфана шаарынын тургундары КТРКнын эфиринде «чек ара конфликттердин» аз берилиши жана жаштар, балдар үчүн берүүлөрдүн жетишсиздиги бар экендигин белгилешкен.   Бул жана башка суроолор КТРКнын өкүлдөрү...

Кененирээк
Датасы: 10 июля 15

КТРКнын жаңы башкы директору шайланды

Коомдук теле радио Корпорациясынын жаңы башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды. Корпорациянын Байкоочу Кеңеши дал ушундай чечимге жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 2015 жылдын 19 мартында келди. КТРКнын коомчулук менен...

Кененирээк
Датасы: 19 марта 15

Грэм Морланд: «Бүгүнкү КТРК – мен бир жарым жыл мурун биринчи жолу көргөн телеканал эмес»

ТВ жана радио программалоо боюнча британиялык консультант Грэм Морланд Ош жана Бишкек шаарларында фокус-группаларды өткөрдү. Грэм Морланддын айтымында, фокус-группаларды өткөрүүнүн башкы максаты – КТРКнын аудиториясы кандай программаларды көрүүнү каалашарын...

Кененирээк
Датасы: 31 октября 12