Коомдук аймактык каналына колдоо көрсөтүү (Ынтымак)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта Интерньюс Ош шаарында жаңы “Ынтымак” регионалдык коомдук телерадиокомпаниясын (РКТРК) ишке киргизди. РКТРК «Ынтымак» 2011-жылы 29 ноябрдан иштөөнү баштады.

2010-жылдагы окуялар убагында жана андан кийин ЖМКлардын көптөгөн кызматкерлери Ош шаарынан кетип калышты, өлкөнүн чектеринен тышкары да чыгып кетишкен. Натыйжада жер-жерлерде билимдүү адистер өтө аз калышты жана ЖМКлар кесиптик билимдин жана тажрыйбалардын жетишсиздигин баштан кечиришүүдө. Интерньюс “Ынтымак” РКТРКнын персоналынын арасынан 15 жаш журналистти региондогу окуяларды, улуттар аралык жана этностор аралык мамилелерди объективдүү чагылдыруунун негиздерине жана журналисттик этикага окутту. Жаш журналисттер программаларды мультимедиялык өндүрүүгө үйрүтөлгөн.

Азыркы учурда “Ынтымак” РКТРКнын радиосу өлкөнүн түштүгүндөгү өзбек тилинде уктуруучу жалгыз компания болуп саналат. Аны онлайн режимде www.yntymak.kg сайтынан угууга болот. 2012-жылдын 29-августунан баштап радио FM 106.1 жыштыгында чыга баштады.

Учурда Ынтымак өзүнүн үч жылдык стратегиялык пландарын иштеп чыгууда. Бул стратегиялык пландоо тренингдеринен кийин менеджмент жана өндүрүш багытындагы көйгөйлөрүн чечүү максатында жүргүзүлүүдө.

Жакшыртылган функционалы, уюштурулган контенти менен дизайны бар Ынтымактын жаңы сайтын иштеп чыгуу үчүн Интерньюс “UlutSoft” ИТ-компаниясын ишке тартты.

Жаңылыктарды автоматташтыруу боюнча жаңы заманбап программалык камсыздоо Ынтымакка өндүрүү процессин санариптөөгө жана жаңылыктардын трансляциясынын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Долбоор персонал менен башкаруу жана башкаруу практика боюнча кеңеш берүү аркылуу Ынтымакка уюм катары бекемдей алды. Ошондой эле долбоор Ынтымакка финансылык, IT жана PR менеджерлерин жалдоого жана үйрөтүүгө мүмкүндүк берди.

Азыр Ынтымак Интерньюстун колдоосу менен аткарылган жаңы изилдөөнүн жардамы менен өзүнүн өндүрүмүн аудиториянын кызыкчылыгына жараша модификация кыла алат. Изилдөө Ош жана Жалал-Абад областтарында өткөрүлдү.

Ынтымак» телерадиокомпаниясынын программалык директору Акылбек Орозматовдун интервьюсу

Акылбек Орозматов интервьюда «Ынтымак» телерадиокомпаниясынын иштери жана вебинарлардын пайдасы жонундо айтып, журналисттик тажрыйбасы менен болушту.

 

 

Оштогу «Ынтымак» телеканалын телекөрсөтүү башталгандан бери беш жыл өттүү

Ал тажрыйба биздин гана республикабызда эмес, бүткул Орто Азиялык өлколөрүнө да баасыз тажрыйба.Учурда «Ынтымак» түштүк аймагындагы жалгыз уч тилдуу, кыргызча, өзбөкчө жана орусча сапаттуу маалымат бере турган мултимедиялык канал...

Кененирээк
Датасы: 24 ноября 17

«Ынтымак» коомдук регионалдык телерадиокомпаниясынын жаңы веб-баракчасы ишке кирди

Ынтымак» КРТРКсынын жаңы расмий сайты 2015 жылдын 11 январында ишке киргизилген. Веб-баракчаны толугу менен ишке киргизүү дагы алдыда – ал иштер кыштын аягына чейин аткарылып бүтүрүлмөкчү, бирок буга карабастан сайттын жаңы...

Кененирээк
Датасы: 15 января 15

ЕККУ «Ынтымакка» техникалык жардам көрсөттү

1-апрелде ЕККУнун Бишкек шаарындагы борборунан «Ынтымак» коомдук регионалдык телерадио компаниясына (КРТРК) техникалык каражаттарды берүү иш-чарасы өттү. ЕККУнун ЖМКларды колдоо долбоорунун алкагында уюштурулган бул салтанаттын жүрүшундө КРТРКнын өкүлдөрүнө аудиовизуалдык жана...

Кененирээк
Датасы: 2 апреля 14