Сот “Вечерний Бишкектин” мурдагы ээсин алты жылга шартуу кести

Бишкектин Свердлов райондук соту “Вечерний Бишкектин” мурдагы ээси Александр Кимди эки жыл сыноо мөөнөтү менен , жылга шартуу эркинен ажыратты.

Ошондой эле, ал басылманын учурдагы ээси Александр Рябушкинге 27 миллион сом кун төлөп берүүгө милдетендирилди.

Сот айыпталуучунун ден соолугун, жашын жана анын сыйлыктарын эске алып мындай чечим чыгарды. Бирок, судья Александр Кимди “Вечерний Бишкектин” учурдагы ээси Рябушкиндин пайдасына 27 млн сом төлөп берүүгө милдетендирилди.

Айыптоо тарап Кимди күнөөлүү деп таанып, анын мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен , жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын талап кылган.

Александр Ким жана анын адвокаттары райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанышат.

“Вечерний Бишкек” мурдагы ээсин басылмадан дивиденддерди мыйзамсыз алууга айыпташууда.

2014-жылы “Вечерний Бишкек” мурдагы энчилеши Рябушкин өз акцияларынын жарымын кайтарыш үчүн сотко кайрылган.

2000-жылы компаниялардын үлүшүн мурдагы президент Акаевдин күйө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган соң, Рябушкин “Вечерний Бишкек” ээлик кылган "Рубикондун" акцияларынын жарымынан кол жууган.

Рябушкин келишим кысым астында түзүлгөн билдирип, ага “Рубикондун” акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион долларды өзүнө кайтарып берүүнү талап кылды.

Соттун чесими менен Рябушкин Кимге таандык болгон 50 пайыз акцияларга ээ болгон. Ошондой кийин “Вечерний Бишкекте” директорлор кеңешинин курамы алмашылган.

Ким менен “Вечерний Бишкектин” жамааты ырасташкандай, мындай чечимдин артында “бийлик турат”.

Булагы: kloop.asia 

 
Бөлүшүү