Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү

Бул уюм журналисттерди колдоого алып, иликтөө жанрын өнүктүрүүгө түрткү бермекчи. Кыргыз медиа айдыңында иликтөө эми телчигип бараткан тармак. Бирок ага карабай толтура темалар казылбай, көмүскөдө калып жатат дегендер арбын.

 

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүп, өз ишин баштады.

Коомдук фонд биринчи кезекте Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдогону турат.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды уюштурат. 

Аталган фонд муну менен катар иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Коомдук фонддун ишмердигинин ачык-айкындыгын камсыз кылыш үчүн 11 кишиден турган Байкоочу кеңеш түзүлдү.

Ага экс-президент Роза Отунбаева,“Азаттык” радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова, журналисттер:Нарын Айып, Султан Каназаров, Олжобай Шакир, Азамат Тынаев, Элдияр Арыкбаев, Коомдук талдоо институтунун директору Рита Карасартова,жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, “Полис Азия” аналитикалык борборунун директору Элмира Ногойбаева жана “Сереп” аналитикалык борборунун директору Искендер Ормон уулу мүчө болушту.

Маркум кабарчынын ысымынан аталган Журналисттик иликтөөлөр фондунун расмий бет ачары 2018-жылдын сентябрь айында өтөт.

 

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которду.

Мекеме терс көрүнүштөрдү журналисттик иликтөө аркылуу ашкере кылууну каалаган башка, бардык жарандарды жана уюмдарды кызматташууга чакырып, банктык эсептерин жарыялады.

Алар: “Demir Kyrgyz International Bank" (Bishkek, Kyrgyzstan)

кыргыз сому: 1180000113646218,

АКШ доллары: 1180000113646319,

орус рубли: 1180000113646521,

евро: 1180000113646420.

Каалоочулар egizbaevfoundation@gmail.com электрондук дареги менен байланышса болот.

Булагы:

https://www.azattyk.org

Бөлүшүү