Бишкекте “Медиа топтоо» :өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр” Индустриалдык форуму ачылды

21-22 апрелде ''Медиа Топтоо” өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр” Индустриалдык Форуму Кыргызстандыгы медиа адистерине жана журналисттерге акыркы трендтердин багытында болууга, кесиптештери менен пикир алмашууга көмөк берет.

Бул форумда медиалардын азыркы жагдайы жөнүндө жана өлкөдөгү көз карандысыз ММКларын өнүктүрүү багыттары боюнча талкуу өтөт.

 

Эки күндүн ичинде бул форум адистик байланыштарды түзүүго жана тажрыйба алмашууга ачык аянтча сыяктуу боло алат. Ошондой эле ийгиликтин тарыхын, контенттер, жарнама жөнүндө маек курууга жардам берет.

Мунун баарынын максаты медиалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү үчүн уюштурулуп жатат.

“Топтоо деген сөз чоң мааниге ээ. Биздин “Медиа Топтоо” форумубуз Кыргызстандагы медиаларын сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап жолу менен өнүктүрүү үчүн аракет жасаган тилектештердин топтоолушу,''- деди Элина Каракулова, Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн директору.  

 

Белгилүү адистеринин мастер класстарына катышуусуна мүмкүнчүлүгү ачык.

Аудиовизуалдык жабдыктарды сатуучулар заманбап техниканын үлгүлөрүн жана технологияларын көрсөтушөт.

 

Форум динамикалык презентацияларды жана талкуулоолорду камтыйт.

Ошолорду белгилүү эл аралык Мишель Фостер, Иван Колпаков (Медуза), Всеволод Пуля (Media Toolbox), Андрей Таранов (Kwendi, Украина) эксперттери жана жергиликтүү Анастасия Валеева (Школа данных ), Ринат Тухватшин («Клооп медиа»), Динара Суймалиева (ТРК «Мир»), Айбек Куренкеев (I Do Marketing), Марина Кыдыралиева (”Индустриальный медиакомитет” Ассоциациясы), Елена Барановски (“Quasar” жарнак агенттиги) адистеринин катышуусу менен өткөрүлөт.

 

Алар өзүнүн аудиторияны талдоолордун жыйынтыгын кантип пайдаланса болот, ошол талдоолорду контенттердин өндүрүүсүндө болгон маанилүгү жөнүндө, баалуу билимдерин жана көнүмдөрүн тартуулашат. Андан тышкары, санариптик доордо медиа кампанияларын кандай башкаруу жөнүндө сөз алып барышат. 

 

Форумдун экинчи күнүнүн аягында “Стремление» (“Умтулуу”) сыйлоо аземинин алкагында, ТВ жана онлайн медиаларында, басылмаларда олуттуу адистик жетишкендиктери үчүн, Интерньюс журналисттерге сыйлыктарды тапшырат.

 

Форум АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун өкүлчүлүгү уюштуруп жатат. 

Өнөктөштөрү: Beeline жана «Аю» компаниялары, «Сорос-Кыргызстан» Фонду, IDEM, “Школа данных Кыргызстана”, ОБСЕ Бишкектеги программалык кеңсеси, «Индустриалдык медиакомитет» Ассоциациясы.

 
Бөлүшүү