Чыгармачылык сунуштар учун сынагын жарыялоо

 

«Медиа-К» долбоору алкагында Кыргызстандагы Интерньюс контентти иштеп чыгаруу боюнча чыгармачылык сунуштар сынагын жарыялайт.

Интерньюстун «Медиа-К» долбоору- бул жарнама, бизнес, медиарынокту бириктируу, ТВ-өлчөмдөрүнүн жаңы системалары жана сапаттуу атамекендик контент.

Биз «санарипке» ийгиликтүү өткөндөн кийин жана Кыргызстанда көбүрөөк санда телеканалдар пайда болгондон кийин, ар бирибиздин кызыктуу, сапаттуу жана профессионалдуу телевизиондук программаларды көрө алуубузду каалайбыз.

Биз онлайн-редакциялардын коомубузду бириктирген жана өнүктүргөн, көбүрөөк, кызыктуу, аудиторияга түшүнүктүү мультимедиялык окуяларды чагылдырып чыгаруусун каалайбыз. Дал ошондуктан Интерньюс атамекендик контент иштеп чыгаруу боюнча ой-сунуштар сынагын жарыялайт.

Сынак Кыргызстандагы баардык телеканалдар, онлайн-медиалар, продакшн-студиялар жана көзкарандысыз продюсерлер үчүн ачык.

Максат –сапаттуу атамекендик мультфильмдерди, сериалдарды, иликтөөлөрдү, документалдуу тасмаларды, атайын репортаждарды, лонгриддерди, мультимедиялык долбоорлорду жана башка медиаматериалдарды көбөйтүү.

Интерньюс көркөм фильмдердин, социалдык роликтердин жана музыкалык клиптердин чыгарылышын сынак алкагында колдобойт.

Сынактын тематикасы эркин.  

Сынак үч этапта өткөрүлөт:

1-си – чыгармачылык сунуштардын сынагы

Онлайн-өтүнмөнү толтуруу менен ой - сунуштар жөнүндө кыскача айтып берүү керек. Темаларга чектөө жок. Жараткыла, ойлоп чыгаргыла, кыялдангыла! Мазмуну боюнча да, форматы боюнча да кызыктуу, дем берүүчү сунуштарыңызды күтөбүз.

Акыркы мөөнөт – 18.00 1 октябрь.

Эң кызыктуу ой-сунуштар сынактын экинчи кезегине өтөт.

2-си –чыгармачылык сунуштарды жактоо

15-октябрда эң мыкты долбоордун авторлору атайын питчинг-сессияга чакырылат. Авторлор же чыгармачыл топ каалаган формада беш мүнөт ичинде актуалдуулугун, ишке ашыруу реалдуулугун далилдеп берүү менен өздөрүнүн концепциясын тартуулай алышат .

Презентацияда сиз

  • иштеп чыгаруу процессин тактоо;
  • долбоордун бюджети;
  • аякы продукт

жөнүндө түшүнүгүңүздү көрсөтүшүңүз керек.

Презентациядан кийин комиссиянын мүчөлөрү аныктоочу суроолорду жана долбооруңардын жакшыртуу үчүн сунуштарды бериши мүмкүн.

3-сү – контент иштеп чыгарууга грант алуу үчүн сынак

Долбоорлордун авторлору алдын ала жактырууну алгандан кийин, бир ай долбоорлорду кайра иштеп чыгууга мункүнчулүгун алышат. Ошондой эле, бюджетти түзүү жана грант алууга болгон документтерди даярдоого убакыт алышат.

 

Контенттик гранттарды каржылоо боюнча акыркы чечимин сынак комиссия 2018-жылдын ноябрь айынын аягында чыгарат.

 Өтүнмө онлайн формасы

Чыгармачылык сунуштар жөнүндө кошумча суроолор бар болсо, анда Интерньюстун контентти иштеп чыгаруу адисине Элима Джапаровага +996 (312) 98-68-80 (кошумча 307) тел. же болбосо edzhaparova@internews.org.  электрондук дареги боюнча кайрылсаңыз болот.

Бюджет, формаларды толтуруу жана грант алуу жол-жоболору тууралуу маалымат алуу үчүн +996 (312) 98-68-80 тел. же nsariev@internews.org. электрондук дареги боюнча грант-менеджер Нарынбек Сариевке кайрылсаңыз болот.

   
Бөлүшүү