Интерньюс Red Jolbors Fest үчүн маалыматтык колдоону көрсөтөт

31 июля 17

VI Red Jolbors Fest Борбор Азиялык жарнаманын фестивалы бул жылы салт боюнча Бишкекте Аяк Оона айынын 16-17 күндөрүндө өтөт.

Ал билим берүүчү лекциялар, воркшоптор жана жарнама мелдештер аркылуу борборазиялык маркетинг базарын жана жарнама тармагын өнүктүрүүгө максат алган.

Катышуу үчүн билдирүүлөрдүн кабыл алуусу башталган жана Баш Оона айынын 10а бүтөт.

Билдирүүнү расмий сайтында жиберсе болот.

Бул жылы: “Жарнамалык видеотасмалар”, “Кампания”, “Басма жана сырткы жарнама”, “Дизайн”, “Digital”, “PR-кампаниялар” сыяктуу категориялар тартууланат.

Жумушту 30 аталмалардын ичинен бирисине тапшырганы мүмкүн.

Быйыл уюштуруучу комитет Digital категориясынын аталмаларын жаңылады. Кошумча дагы Film категориясына “Copywriting&Storytelling” деген аталма кошту.

Катышуучуларга жумуштарын жүктөп жана сүрөттөөсүн жазып койгондон да сырткары, кошумча кейстерди бүткөн түргө келтирүүнү сунушташты. Бул баардык эл аралык реклама фестивальдарында иштетилет. Кейсте адатынча маселени, чечимди жана жыйынтыкты баяндашат.

Фестивалда Борбор Азиянын жана Азербайджандын жарнамалык, коммуникациялык, креативдик агенттиктери, студиялары, бюролору жана digital-агенттиктери, бизнес-ишкемелери жана фрилансерлери катышса болот.

Red Jolbors Fest’ке катышуу үчүн КМШнын жарнамалык жана креативдик агенттиктери да билдирүүлөрдү жиберишсе болот. Эгер алардын жумуштары Борборазиялык кардарлары үчүн ыңгайлуу болсо.

 
Бөлүшүү