Интерньюс Ош шаарындагы телеканалга мультимедиялык түзүлүштү өнүктүрүүгө жардам берет

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү “Ош Пирим” телеканалында Алматылык медиа кеңешчи Анна Сухачеванын катышуусу менен, newsroom2.0.долбоорунун алкагында   кезектеги үч күндүк резиденция уюштурду.

ТРК “Ош пирим” беруүсү 2011-жылдан тартып иштейт. Анын берүүлөрүн мурун Ошто, Кара-Суу жана Ош облусуна караштуу Өзгөндө, Сузакта, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Букада жана Жалал-Абад облусунун Аксы жергесинде көрсөтөтүлгөн. Телеканалдын эфири коңшу Өзбекстанга чектеш Андижан, Фергана жана Наманган аймактарына жеткиликтүү болчу. Учурда бул каналы Кыргызстандын бардык аймактарында санариптик телеберүлөр көрсө болот. Ошондой эле спутник Azerspace 1 46° в.д.  аркылуу.

“Ош Пирим” өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, айыл-чарбадагы жетишкендиктер, калктын социалдык көйгөйлөрү туурасында маалымат берет. Көрүүчүлөргө спорт, билим берүү, туризм жана дин жөнүндөгү программаларды сунуштайт.

Өткөн жылы жайында oshpirim.kg сайты ачылган, ал эми үстүбүздөгү жылдын башында WordPress. платформасына которушту. Буга чейин кызматкерлерди аудиторияны сайтка тартууну, жарнамалык иштерди алып барууга, социалдык тармактарды колдонууну окуткан.

Телеканалдын башкы продюсери Алымбек Апызаков белгилегендей, кыска убакыт ичинде каналдын кызматкерлери көлөмдүү пайдалуу маалыматтарды алышты. Атап айтканда, түштүк калаада 19- 21-сентябрында болуп өткөн долбоордун алкагында өткөн акыркы резиденцияда, Анна Сухачева сюжеттер үчүн теманы кантип тапса болот, ачык берилмелерди кандай колдонуу керектиги тууралуу айтып, аларды кайдан тапса болот, сайттарга шилтемелерди берди.

Журналисттер көрүнөө берилме жана инфографиканы колдонуу менен телеканалдын сайтына контент түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле телеканалдын командасын сайтка мультимедиялык материалдарды даярдоо үчүн иш жүзүндө онлайн-кызматтарды жана куралдарды колдонууну үйрөтүштү.

Порталдын редактору Ныяз Ташматов төмөндөгүлөрдү кошумчалады, эми сайт жаңыланган форматта чыгып жатат о.э. анын мобилдик нускасы да пайда болду.

Кабарчылар онлайн-кызматын колдонуу менен сайтка сурамжылоо жана тесттерди түзүүнү үйрөнүштү

Анна Сухачева өткөн жылы «Ош Пирим» телеканалында ушуга окшогон бир нече резиденциялар өткөн. Жаңылыктарды чагылдыруу Эл аралык стандарттарга жакыныраак материалдар чыга баштаган нускадагы портал жаңылангандыгын байкады.

Интерньюстун ТРК “Ош Пиримге” болгон жардамы тууралуу сюжетти кыргыз тилинде бул жерден көрө аласыз:

Бөлүшүү