Тренерлерди Аудиторияны тартуу тренингине (TOT) катышууга чакыруу өтүнмө каттарын кабыл алуу

 

Интерньюс 2018 -жылы 23-25чи апрелде Аудиторияны тартуу боюнча Тренерлер үчүн Тренинг (ТОТту) өткөрөт. ТОТко катышууга ТВ компаниялары же болсо онлайн басылмалары менен иштеген, жергиликтүү медиаэксперттер жана бизнес кеңешчилери чакырылат.

 

Кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2018- жыл, 30чү март саат 16:00гө чейин.

 

Максаты: билими жана кесипкөй ыкмалары бар эксперттер тобун түзүү, Ал эксперттер берилиш маалыматтарды анализдөөнү жана медия өндүрүмдөрдү баалаган кымбат эмес иш чараларды аткарганды билиши керек.

Ошондой эле, алар контент өндүрүү стратегиясын көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгына ылайыктап оңдоп, ишенимдүү мамилелерди көздөгөн тажрыйбалары болуш керек.

Тренингди медиаменеджмент жана маркетинг боюнча Эл аралык эксперт Мишель Фостер алып барат. Анын аракеттери дүйнөдөгү медиа уюмдарга алардын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.

Фостер Knight International Journalism программасынын эки жолку стипендиаты жана Көзкарандысыз журналистика Фондунун (Independent Journalism Foundation) кеңешинин мүчөсү.

Анын жарнак чөйрөсүндө, инновация жана рынокто баштагыч жолдорунда көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн көптөгөн сыйлыктары бар.

Аны медиаменеджмент суроолору боюнча бат баттан эл алдына чакырып турушат.

Тренинг бүткөндөн кийин, ар бир катышуучу өзүнүн медиясы үчүн аудиторияны тартуу боюнча өз үнүн долбоордук оюн сунуштаганга мүмкүнчүлүгү бар.

Көзракандысыз журналистерге өз идеяларын ар кайсы медиаларда, анын аудиториянын анализдөө жана кызыкчылыгын негизинде, ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү берилет.

Сунушталган идеялар төмөнкү долбоорлорду камтыйт:

социалдык тармактары негизинде;

медиа контентти талкулоо үчүн аудиторияны тартуу;

түз эфирде бир катар иш чараларын өткөрүү;

аудиториядан жооп алуунун жаңы ыкмаларын ишке киргизүү;

аймактагы журналистер жана редакторлор үчүн бир катар тренингин сериясын өткөрүү.

 

Тренингде катышуу үчүн төмөнкү талаптарга ылайыктуу адистер чакырылат:

 

  • маалыматтарынын чогултуу жана талдоо тажрыйбасы бар
  • медиа тернер болуп иштегендер
  • аудиторияны тартуу стратегияларын билгендер

 

 

Алган билимдерин жана жөндөмдүүлүктөрүн тренингтен кийин кандай колдонушаарына айкын түшүнүккө ээ болгондор.

 

Тренингге катышуу үчүн төмөнкү табыштаманы толтургула (бул жерден жүктөөгүлө)

 

Сурооңуз бар болсо, онлайн медиалар адиси Валентине Галичке кайрылгыла. Электрондук дареги vgalich@internews.org же + 996 (312) 98-68-80 (доб. 302) телефон номуру менен кайрылыңыз.

 

«Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” же Media-K деген жаңы долбоорду Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен, FHI360 уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.

 

 

 

 

Бөлүшүү