Интерньюс журналистика чөйрөсүндөгү “Стремление” аталган жылдык сынагын кайталайт

 

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Стремление”(Умтулуу) атындагы Улуттук кесипкөй журналистика чөйрөсүндөгү сынакты жарыялайт.

 

“Стремление” (Умтулуу) сынагы Кыргызстандагы маалыматтык чөйрөнү өнүгүшүнө жана медиакоампанияларынын кызматкерлеринин кесипкөй денгээлин жогорулашына көмөк көрсөтөт.

 

Маалыматтарды өндүрүүнүн жана жайылтуунун деңгээли - бул коомдун ачыктыгынын көрсөткүчү.

 

Ошондуктан, бүгүнкү жанылык өндүрүүчүлөр үчүн эң маанилүү нерсе, бул

жарандык жана кесипкөйлүк жоопкерчиликти коомдун алдында, көрүүчүлөр жана аудитория алдында сезүү.

 

Сынакта тандоону адистик жюри өткөрөт. Анын алкагында алдынкы журналисттер, медиа эксперттер, аккредиттелген эл аралык маалымат агенттиктеринин корреспондентери, медиа уюмдарынын өкүлдөрү бар.

 

Конкурска жиберилген материладар төмөнкү критерийлер менен бааланат:

  • тандалган теманын коомдук мааниси;

 

  • тактыкты, тең салмактуулукту жана калыстыкты сактоо;

 

  • иликтөөнүн сапатты жана тереңдиги;

 

  • даярадалган материалдын берилишинин өзгөчөлүгү;

 

  • материалды визуалдаштырууда инновациялык ыкмаларды колдонуу.

 

Бул ачык сынакка электрондук ММКлар, интернет- басылмалары (онлайн медиалар) жана көзкарандысыз журналисттер чакырылат. Алар өзүлөрүнүн чыгармалары 2017- жылдын 1чи январынан баштап 31чи декабырга чейин жарыяланышы керек.

 

Сынак төмөнкү номинацияларда өткөрүлөт:

  • Эң мыкты жаңылык репортажы;
  • Эң мыкты атайын репортажы, лонгрид (узун баяны);
  • Эң мыкты журналисттик иликтөө.

 

Бирөөнүн өмүрүн өзгөрт» сынактын атайын номинациясы:

Бул номинацияда ар-кандай форматтарда даярдалган материалдар (ТВ/онлайн), жарыялоонун каармандарынын тагдырына чоң позитивдуу таасири тийгизен чыгармалар каралат.

 

Сынактын мөөнөтү жана катышуу эрежерлерин жөнүндө, анын Кыргызча Жобону  бул жерден  караса болот.

онлайн формасын толтуруш керек

уруксат берүү катынын орусча жүктөгүлө форма (скачать)

Стремление” кесипкөй сынагы, Media-K деген “Кыргызстандагы медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” узак мөөнөтүү долбоорунун алкагында, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасындагы  Интерньюстун өкүлчүлүгү менен уюштурулат.

 
Бөлүшүү