«Чылымсыз жаны муун» темадагы журналисттер арасында сынак.

29 августа 17

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлчүлүгү ( ВОЗ - ДСУ), Массалык маалымат каражаттарында (ММК) жарыяланган мыкты материал, чылым чегүү маселесин чагылдыруу боюнча, Кыргызстандын журналисттери арасында сынак жарыялайт.

Сынакка республикалык жана аймактык электрондук жана басма сөз ММКлардын журналисттери ошондой эле кызыктуу жана күтүүсүздөн чылым чегүүнүн ден соолукка тийгизген таасири темасын ачып бере алган блогерлер катыша алышат.

Сынактык материалдар (сюжеттер,жарыялар, аналитикалык материалдар, очерктер, баяндамалар, атайын репортаждар, лонгриддер) 1-сентябрдан баштап 30-ноябрга чейин жарыяланып, жана ага ылайык далили болушу керек.

Мурда башка сынактарга катышуу үчүн берилген иштер каралбайт.

Сынактын максаты - тамекинин зыяндуулугу жөнүндө маалыматты жалпы калкка жеткирүү.

Сынак төмөндөгүлөргө багытталган:

-Чылым чегүүгө карата түзүлгөн терс мамилеге;

-Дени сак жашоого карата түзүлгөн калктын позитивдүү мамилесине;

-Биздин акыйкатка тамекини же ага көнүүгө каршы күрөшүү үчүн, эл аралык тажрыйбаны       талкуулоого коомчулуктун активдүү катышуусуна.

Сынакка катышуу үчүн журналисттер көрсөтүшү керек:

-катышуу үчүн арыз (каалоосу боюнча) аты жөнү, иштеген жери, уюлдук жана кызматтык телефону, электрондук дарегинин көрсөтмөсү менен;

-материалдын көчүрмөсү (шилтеме, сканирлөө же CD)

altymyshevaa@who.int электрондук дарегине же

пр. Чуй, 160, үй БУУ, ДСУ Алина Алтымышевага 30 ноябрга чейин.

Коммерциялык шартта чыккан маалыматтык жана жарнамалык түрдөгү материалдар каралбайт.

Байге фонду:

1-орун – 20 миң. сом;

2-орун – 15 миң. сом;

3-орун – 10 миң. сом.

Сынактын жыйынтыгы декабрда атайын сыйлык тапшыруу аземинде жарыяланат жана сайттар аркылуу маалымат берилет.

Кошумча маалыматтарды уюштуруучулардын баракчаларынан көрө аласыздар.

 
Бөлүшүү

Окшош жазуулар: