
"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган.
Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу эле.
Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов буларды айтты:
- Келинчеги экөө “Акун” пансионатында эс алып, бүгүн кайтмак экен. Чыгар алдында ал "көлгө бир түшүп келейин" деп кетиптир. Көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин элдин баары көрүптүр, “Тез жардам” чакырып, ооруканага жеткенде каза болгон экен. Суудан алып чыкканда эсине келип-келбей турган деп айтып жатышат. Окуяны Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды.
Иликтөөнүн жыйынтыктарын кошумча кабарлап турабыз.
http://ky.kloop.asia/2018/07/22/ulan-egizbaev-kaza-tapty-emnege-bul-kyrgyz-zhurnalistikasy-ch-n-cho-zhogotuu-ekenin-t-sh-nd-r-b-z/
"Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаш болсо да кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп, бай тилде сүйлөп, жазган таланттуу, абдан сабаттуу, мыкты кесиптешибизди жоготуу биз үчүн өтө оор кайгы.
Чыгаан кесиптешибизден айрылганыбызга ишенип-ишенбей, кабыргабыз кайышып турат.
