Кыргызстандык көз карандысыз медиаларды өнүктүрүү үчүн уч жылдык добоор жарыялады

13 ноября 17

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кыргызстандык көз карандысыз медиаларды өнүктүрүүгө багытталган үч жылдык “Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” (Media-K) деген ар тараптуу долбоордун башталышы жөнүндө жарыялайт.

Бул долбоорду Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен FHI360 уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат. Долбоор жарандарга ар түрдүү жана ар-тараптуу, коомдук кызыкчылытарды чагылдырган жана чечим кабыл алууга жардам берген маалыматтардын берилишин көздөйт.

Ошондой эле долбоор кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын кесипкөйлүгүнүн жана көзкарандысыздыгынын жогорулашына жардам берет.

 

Media-K долбоорунун алкагында Интерньюстун кыргызстандыгы командасы төмөнкү маселелерди үч багыттарда ишке ашырат:

 

  • Медиа рынокту өз өнүмдөрүн чыгарууга жана кеңири таралган мултимедиялык контенттикөбөйтүүгө кызыктыруу;

 

  • Максаттуу медиалардынарасында жарнак кирешени жогорулатуу;

 

  • Медиа сектордун өз ара координациясын жана биригүүсүн жакшыртуу;

 

Биринчи компонент алты өнөктөштөрдүн арасында өз өнүмдөрүн  жана медиа контенттерин чыгаруу боюнча колдоо көрсөтүүгө багытталган. Анын алкагында, санариптик контенттин өндүрүшүнө жана түрдүү окуяларды чагылдырууда инновациялык форматтарды өнүктүрүүгө гранттар каралган.

 

Бул жоопкерчиликти көбөйтүүгө жана жарандык коомдун катышуусуна көмөк болот.

 

Интерньюс жыл сайын элге кызыктуу болгон контентти жаратуу үчүн ММК жана телеөндүрүш компаниялар арасында ачык сынактарды жарыялайт. Эң ийгиликтүү пилот долбоорлору каржыланат.

 

Эки стипендия берүү үчүн дата-журналистика боюнча сынак өткөрүлөт.

Тандалган журналисттер тажрыйбалуу менторлордун жардамы менен өз макалаларын даярдап, жарыялоого мүмкүнчүлүк алышат.

 

Экинчи компонент медиа өнөктөштөрдүн жарнак кирешесин жогорулатууга жардам берүүнү көздөйт.

 

Негизги өнөктөштөр бизнес-жараяндарды жакшыртуу жана аудиторияны изилдөө боюнча маалыматтарды пайдаланып контентти жакшыртуу жана кирешени жогорулатуу боюнча консультация алышат.

 

 

Долбоордун үчүнчү компоненти people-meters деген телеаудиториянын көлөмүн өлчөөчү электрондук системасын киргизүү аркылуу негизги өнөктөштөргө өз аудиториясын аныктоодо көмөк көрсөтүүнү көздөйт.

 

Интерньюс келерки үч жылда ММК жөнүндө мыйзамдарды жакшыртууга көмөк көрсөтүүнү улантат. Медиа полиси Институтуна жана медиа укук чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иштеген башка уюмдарга жардам берет.

 

 «Интерньюс командасы кыргызстандыгы эң маанилүү жана терең медия окуясын – Жылдык медиа конференциясын өткөрүүнү пландаштырып жатат. Ал конференция көз карандысыз ММКнын жана интернет-басылмалардын кесипкөй адистерин бириктирет» - деди КР Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова.

 

- Конференцияда эл аралык жана жергиликтүү машыктыруучулардын мастер-класстары уюштурулат. Медиа жарманкеси телеканалдарга жана продакшн-студияларга өзүнүн контенттерин сатууга же алмаштырууга мүмкүнчүлүктөрдү берет.”

 

Конференцияда ММКдагы инновация, телевидениеде жана онлайн контентте, журналистика жана жарнамада эң зор жетишкендикке ээ болгондорго Media Super Star Awards деген сыйлыгы берилет.

Фото internews.kg 2017 -жылы 10-у ноябрда өткөн презентациядан.
Бөлүшүү