Медиа өкүлдөрү кесиптештерин колдоого чакырды

Эркин журналисттер бирикмеси доого жыгылган журналисттерди акчалай колдоого үндөдү.

 

Кыргызстанда ири өлчөмдө доого жыгылган журналисттерге тилектештик иретинде айрым медиа уюмдар бир күндүк эмгек акысын чогултууга киришти.

"Zanoza" иши боюнча журналисттер Нарын АйыпДина Маслова жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова жалпысынан 30 миллион сомду экс-президенттин пайдасына төлөөгө милдеттендирилген. Аларга мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин дарегине далилденбеген бир катар маалыматтарды тараткан деген кине тагылган.

Эркин журналисттер бирикмесинин төрайымы Тамара Валиева "Zanoza.kg" сайтын негиздеген Нарын Айып менен Дина Маслова үчүн атайын банк эсеби ачылганын, аларга онго жакын басылмалар бир күндүк эмгек акысын берүүгө макул болушканын кабарлады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "кадыр-баркына шек келтирди" деген кине менен журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана алар негиздеген "Zanoza.kg" басылмасы быйыл 27 миллион сом доого жыгылган. Райондук соттун мындай чечими Жогорку Сотко чейин жетип, өзгөртүлгөн эмес.

 

Жогорку Соттун "Zanoza.kg" сайты боюнча акыркы тыянагы эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигине сокку урган оор чечимдердин бири катары бааланууда. Бул боюнча "Human Rights Watch" сыяктуу эл аралык уюмдар да тынчсыздануусун билдирген.

Эркин журналисттер бирикмесинин төрайымы Тамара Валиева азыр журналисттер кандай жагдайда доого жыгылганын талдап отуруу туура эмес экенин белгилеп, кесиптештерин аларга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

- Басылмада мынчалык көп каражат жок экенин биле туруп, ушундай чечим чыгарууну түшүнбөй турам. Биздеги соттор тырмакча ичинде "гумандуу" экенине дагы бир жолу ынандым. Кантсе да, азыр журналисттер коомчулугу эки жаатка бөлүнбөй, биримдикти көрсөтүшү керек. Доого жыгылган кесиптештерибиз өздөрү сумманы төлөй алышпайт. Мындай кырдаал башкалардын да башына келип калышы мүмкүн. Саясий көз караштар ар түрдүү болсо да, аларды колдоого чакырабыз, деди ​ Тамара Валиева.

 

 

Доого жыгылган журналисттерге жардам үчүн банк эсеби:

«Медиа Фокус» КБ

ИНН 00307201710246

ОКПО 29998887

Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч., 90а

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»,

БИК 118003

Эсеп:

СОМ 1180000101079462

ДОЛЛАР 1180000101079563

ЕВРО 1180000101079664

 

Кенирээк бул шилтемеден тапса болот

 

 
Бөлүшүү