Контенттерди өндүрүү үчүн гранттарга өтүнмө каттар кабыл алынат

 

 

Ачык сынак жарыялоо 

Контенттерди өндүрүү үчүн гранттарга өтүнмө каттар кабыл алынат

“Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге”

(Media-K) долбоорунун алкагында

Бишкек, Кыргызстан

Кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2018- жыл, 14чү март саат 16:00гө чейин

Кыргыз Республикасындагы ТВ, интернет- басылмалары жана өндүрүүчү студиялары үчүн ачык сынак.

 

Бул контенттерди өндүрүү үчүн гранттар сынагын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун өкүлчүлүгү жарыялайт.

 

Интерньюс жеке электрондук ММКлар,  интернет- басылмалары (онлайн медиалар) жана телеөндүрүш компаниялар арасында өз өнүмдөрүн чыгарууда элге кызыктуу жана кеңири таралган мултимедиялык контентти жаратуу үчүн ачык сынактарды өткөрөт.

Максаты:

Бул сынак алкагында көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгына ылайык, жергиликтүү жана жагымдуу ТВ же болбосо онлайн-видео контентти өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн каржылоолор каралууда.

Ошондой эле бул иш чаралар аудиториянын кызыкчылыктарын эске алып, медиа рыноктун туруктуулугуна көмөк көрсөтүүгө таасир этет. Бул Кыргыз Республикасында ар түрдүү жана плюралисттик медиа мейкиндигин колдоодо мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Ийгиликтуу долбоор сунуштары контенттин креативдуу жана инновациялык жолу менен түзүлүшүнө багытталышы керек. Аларды түзүү үчүн аудитория менен аракетте турган форматтар колдоого алынат. Бул бир жагынан аудиториянын кызыкчылыгын көрсөтөт ал эми башка жагынан өлкөнүн маанилүү социалдык, экономикалык жана жарандык коомдун өнүктүрүү маселелерин чагылдырат.

Көп тилдүү контенттердин өндүрүшү колдонот.

Жарандык коом, медиалар жана жеке бизнес ортосундагы биргелешкен, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан ар кандай басылмаларын арасында өнөктөштүгүн көрсөткөн өтүнмө каттар колдонот.

Жогорудагы көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык бардык темалар каралат, бирок алардын арасындагы долбоордун эң кызыктуу  темалары:

Гендердик ролдору: эркектердин жана аялдардын коомдук ролдорунун өзгөрүү боюнча контент даярдоо, аялдардын жана кыздардын көйгөйлөрүн чагылдыруу.

Жаштар: Жергиликтүү коомчулуктун жана жамааттардын маселелеринин чечүү үчүн жаштар салымы жөнүндө, жаштар көйгөйлөрү тууралуу баяндар.

Азыркы Кыргызстандын каармандары: Кыргызстандын ар түрлүү маданият мурастарын аныктаган жана көрүүлөрдүн өлкөнүн ар кайсы аймактарынын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүсүн жакшырта турган контент.

Укук  жана укуктук жөнгө салуу маселелери  -  коомчулуктун укуктук маселелерин түшүнүшүн жогорулата турган, укуктукту урматтоону жогорулаткан контенттер колдоого алынат (соттордун, укук коргоо органдарын иштеши, адам укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугу, ж.б. ).

Экономика жана бизнес  -  мамлекеттеги жана жергиликтүү бизнести өнүктүрүү жөнүндө контент, талдама жана экономикалык темалар, жеке каражат жөнүндө кеңештер, Кыргыз Республикасында бизнес-сабаттуулугун жогорулатууга  багытталган мыкты ишкерлердин тажрыйбаларын көрсөтүү.

Башка социалдык темалар  -  жергиликтуу жамааттар жана жалпы өлкөнүн экологиялык, социалдык жана ден соолукка байланышкан көйгөйлөрдү чагылдыруу

Бул контент ар түрдүү жана ар кайсы жанрларды колдонуу негизинде менен түзулүшү керек.

Мултимедиалык онлайн чыгармачылыктарга артыкчылык берилет.

Инновациялык эсперименттерге жакын жана коом үчүн маанилуу ТВ-шоу, атайын репортаждар, окуяга негизделген иликтөөлөр, комедиялар, ток шоу реалити шоу, анимация, документалдык тасмалар ж.б. колдонулат.

Онлайн басылмалары санариптик аспаптарын же тиркемелерин колдоону менен даярдаган лонгриддерди (узун баяндар) таймлайндарды, интерактивдуу тейлөөрүү, инфографика түзүү жана фактчекинг жасоо менен пайдаланышат.

Интерньюс көркөм тасмаларды, социалдык көрмөлөрдү, музыкалык клиптерди өндүрүүнү колдобойт.

 

Грант алуучулар өзүнүн долбоору ишке ашыруу убактысы ичинде Медиа -К командасы тарабынан менторлук көмөк алышат.

Грант көмөгү алкагында өндүрүлгөн видео чыгармалар обого чыккандан кийин, же интернет басылмаларда жарыялангандан кийин,  TVexchange.asia  платформасына жүктөлүшү керек. 

Медиа –К тайпасы грант алуучулар менен алардын аудиториясынын көлөмүн байкап жана даярдалган контенттин таасирине байкоо жүргүзүп чогу иштешет. 

Сунушталган долбоордун мөөнөтү: 6 ай

Гранттын көлөмү : 12 миң АКШ долларга чейин

Гранттар негизинде даярдалган контент ачык Creative Commons лицензиясы менен таркатылат. Контент обого чыккандан кийин, же веб-платформадан жайылтылгандан кийин эркин жана акысыз колдонууга уруксат берилет (көчүрүү жана таркатуу).

 

Өтүнмөдөгү талаптар жана баалоо жөнүндө маалымат:

Толтурулган өтүнмө катта, өнүгүү планынын долбоору, ошол пландын алкагында долбоордун максаттары, кадр жана башка каражаттар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле өз төлөмүнүн түзүлүшү жана суммасы жөнүндө маалыматтар берилиши зарыл.

Анкета Форма заявки  жана бюджет форма бул жерден жүктөгүлө.

Азыркы аудиторияны аныктап билиш керек жана максаттуу аудиториянын өзгөчө сегменттерине тийиштүү стратегияга ээ болуш керек.

Өтүнмө кат берүүчүлөр долбоор концепциясын иштеп чыгууда кайсы телеаудиторияны изилдөө маалыматтарын жана максаттуу аудиториянын ченеп чыгуусунун берилмелерин пайдалангандыгын сүрөттөп бериши зарыл. Бул долбоордун натыйжалуулугун баалоого кандай мүмкүндүк берет.

(Айкын мисалдарды көрсөткөндөргө артыкчылык берилет.) Эгерде каржылоону иштеп жаткан долбоорлорду жакшыртканы же өнүктүргөнү керектегени жатсаңар, анда аларга шилтемелерди бергиле.

Керектуу документтердин тизмеси:

-       Долбоордун негизги катышуучуларынын резюмелери;

-       Болгон ТВ - программаларынын тизмесин көрсөткүлө;

-       Басылмалардын жана баяндамалардын портфолио же шилтемелерин аныктагыла;

Баалоо критерийлери:

- Коомдук мааниси жана аудиториянын көпчүлүгүнө жагымдуулугун көрсөтүү.

- Гранттын суммасынан 25 пайызына чейин жеткен өз салымын кошооруна даярдагын көрсөтүү.

- Долборлордун портфолиосун көрсөтүү.

- Долбоордун негизги катышуучуларынын резюмелери жана мурдагы тажрыйбасы.

- Азыркы аудиторияны аныктап билүү жана максаттуу аудиториянын өзгөчө сегменттерине тийиштүү стратегияга ээ болуш керек.

- Чыгармачылык жана инновациялык мамиле көрсөтүү.

- Көп тилдүүлүктү көрсөтүү.

- Көп түрдүү көз караштар жана ой-пикирлер менен даярдалган контент.

- Саясий таасиринен, диний, корпоративдуу же болсо жеке кызыкчылыктарынан  алыс болуу.

- Жогоруда аныкталган жанрларга ылайыктуу контент.

- Контенттин темалары жана өндүрүлгөн чыгармалар Кыргыз Республикасынын мызйзамдарынын ченемине ылайык болушу зарыл.

- Мултимедиалык контентти өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү барлар.

- Акча кирешени жогоруп алуу мүмкүнчүлүгүн барлар.

- Долбоорунун алкагында гендердик жана жаштар өкүлчүлүгүн эсепке алуу.

Башка ММК же медиа уюмдары менен өнөктөштүгү кат жүзүндө тастыкталышы керек жана болжолдонгон өнөктөштөрдүн обо убактысын берүүгө даярдыгынын далилдери же өндүрүлгөн контентти веб платформага жайгаштырууну көрсөтүү.

Анкета жана бюджеттик өтүнмө кыргыз же орус тилдеринде берилиши керек, аларды “Контент гранттар” белгиси менен төмөнкү дарегине жибергиле.

 

Бардык анкеталарды жана коштоочу документтерди электрондук форматта

kg-grants@internews.org дарегине жибергиле.

 

Долбоорлор боюнча ой пикирлериңиз болсо, Интерньюстун контент өндүрүү боюнча адиси Элима Джапаровага кайрылсаңыздар болот, дареги: edzhaparova@internews.org, же +996 (312) 98-68-80 телефон номуру менен чалыңыздар.

 

Бюджет же анкетаны толтуруу боюнча тиешелүү суроолоруңуз бар болсо, nsariev@internews.org электрондук дареги аркылуу же +996 312 98 68 80 номуру менен Нарынбек Сариевменен байланышса болот.

 

«Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” же Media-K деген жаңы долбоорду Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен, FHI360 уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.

Бөлүшүү