Facebook социалдык тармагындагы журналисттер үчүн коопсуздук боюнча колдонмо

Европалык журналистика борбору(EJC) Facebook Journalism Project менен бирге бул жумада интернет тармагында иштеген журналисттер үчүн Facebook Safety for Journalists коопсуздук боюнча колдонмону жарыялашты.

Баарына маалым Facebook маалыматтарды табуу, жаңылыктарды окуп жана анын булактары менен бөлүшүү үчүн абдан керектүү интернет аспабы. Ошондон журналисттер үчүн бул тармакта туура иштегени үйрөнүшү керек болуп турат. Анткени ар бир социалдык тармакта болгондой эле, Facebook’ту колдонгондун да өзүнүн тобокелдиги бар.

Интернет тармагында журналисттер жаңы окуяларды издеп туруп, маалыматтарды сактап, бири-бири менен жаңылыктар менен бөлүшүп жана анын булактары менен ачык байланышууга чыгышкандыгынан тармактык коопсуздуктун мааниси жогорулап барып жатат.

ЮНЕСКО тарабынан 2015 жылы жарыяланган баяндама боюнча Интернет тармагындагы журналистика үчүн 12 коркунуч табылган. Алардын ичинде өзгөчө бөлөк адамдардын артында болгон байкоо, онлайн-коркутуу, жеке маалыматтарды уурдоо ж.б.. Үстүдө билинген баяндамада 167 сурап билинген журналисттер ичинде 54%ы тармактык коопсуздук жөнүндө билим алышпаганы аныкталды.

Бул начар акыбалды жакшыртуу үчүн конфиденциалдуулукту кантип ырастоо, кош факторлук жана орун алган жериңизди аныктоо жана орой мамиле кылган колдонуучулар менен эмне кылыш кереги жөнүндө атайын колдонмо жарыяланды.

Ал колдонмо маалыматты жалпылаган анимацияланган видеотасмалар, жана коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн эң мыкты жолдорун өзүндө камтыйт.

Колдонмонун маалыматы бир нече тилдерде окуганы мүмкүнчүлүк болот. Ал француз, немис, индонезиялык, жапон, корей, португал, кытай, испан жана арап тилдери.

Медианын өкүлдөрү үчүн көбүрөөк маалыматтардын булактарын EJC’ни колдогон дагы бир сайт Learno’до табып аласыздар.

Булагы ijnet.org

   
Бөлүшүү