Астанада өткөн “Келечек Энергиясы” форумунда журналисттер үчүн стипендия

Борбордук Азия журналисттери Казахстандын борборунда Баш Оона(Август) айынын 21-22де өтүп турган “Келечектин Энергиясы” стипендиялык жана конкурстук программасына катышуу үчүн чакырылат.

Билдирүүлөр Баш Оона айынын 10а гана чейин кабыл алынат, аны кошуп.

Берилген стипендиялар “Борбордук Азиядагы айлана-чөйрө жана табигый ресурстар маселелерин натыйжалуу ачыктама үчүн медия” аттуу регионалдык долбооруна киришет. Ал долбоор Европалык Биримдик менен каржыланып, Интерньюс менен ишке ашырылат. Конкурстун жыйынтыктары донор тарабынан бышыктоосунан кийин билинет.

Интерньюс конкурска Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан, Туркменистан жана Узбекистан өлкөлөрүндө дагдыланган жана онлайн-басылмаларды тартуулаган журналисттерди чакырат.

Тандалып алынган журналисттер Баш Оона айынын 21-22де, 2017 жылы Астана шаарында өтүп турган “Климаттын өзгөрүү маселеси боюнча энергетикалык чечимдер” аттуу форумдун 10у конференциясына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Көнүл буруңуздар! Стипендия программасына билдирүү берүүдөн мурда конференцияга катышуу үчүн аккредитацияны өтүп жана аны тастыктап коюңуздар.

Иш-чара тууралуу

Стартаптар, ишкерлер, илимпоздор жана новаторлор Астана ЭКСПО-2017 чектеринде өткөн “Келечектин Энергиясы” форумдун 10у конференциясында климат өзгөрүү маселесин өз мойнуна алышат.

Анда азыркы жана жаңы пайда болуп жаткан энергетика боюнча чечимдер каралат жана талдоо жүргүзүлөт, семинарлардын сериялары, талкуулар, катышуучуларын боюнча биргелешкен иштери иштетүү, долбоордоо, жаңычылдарды түзүү жана келечекте мүмкүн болгон бузуулар боюнча өткөрүлөт.

Катышуучулардан талап кылынат:

  • онлайн-басылмаларда журналист/корреспондент жумушу боюнча 3 жылдан аз эмес тажрыйба;
 
  • айлана-чөйрө, климаттын өзгөрүүсү жана энергетика боюнча маселелерди ачыктоо тажрыйбасы (материалдарыңыздарга шилтемелерди билдирүүңүздө жөнөтүп бериңиз);
 
  • редактор/башкы редактор/жетекчи журналист тарабынан конференция жөнүндө материалдарды жайгаштыруу үчүн уруксат кагазы;
 
  • берилген убакытта конференциянын баардык иш-чараларына, жана брифингтерине катышууга мүмкүнчүлүк;
 
  • англис тилин (эң аз сүйлөшүү деңгээлинде) билүү пайдалуу болот;
 
  • эки-орундуу бөлмөдө турганы макулдук (башка стипендиат менен кошо);
 
  • өзүнүн басылмасында айлана-чөйрө, климаттын өзгөрүүсү жана энергетика маселелерин ачыктоосун жактагандыгы жана кызыккандыгы жана өлкөсүндө, регионунда журналисттер жана эксперттер тармагында аракеттенүү;
 

Фрилансерлердин да билдирүүлөрү кабыл алынат, бирок эгер басылмалардын башкы редакторлорунан уруксат кагазы болсо.

Кошумча маалымат:

- “Келечектин Энергиясы” форумдун расмий сайты – https://www.futureenergyforum.org/ru.

- ЭКСПО-2017, расмий сайты - https://expo2017astana.com/.

Конкурска катышуу үчүн билдирүүсүн бул жерде жүктөп алсаңыз болот.

Кошумча суроолор боюнча бул e-mail почтасына жазыңыз: abolotova@internews.org.

Уюштуруучулары жол жана жай тууралуу баардык чыгымдарын өздөрү төлөшөт.

Булагы: livingasia.online.

Бөлүшүү