«Умтулуу-2019» сынагы өтүнмөлөрдү берүүгө ачык

 

Интерньюс  Кыргызстандын профессионалдык журналистика чөйрөсүндө «Умтулуу-2019» улуттук сынагына катышуу үчүн  өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Сынактын максаты

Өлкө медиакомпанияларынын кызматкерлеринин, аудитория жана жалпы коомдун алдында өзүнүн атуулдук жана кесиптик жоопкерчилигин сезген журналисттердин кесипкөйлүгүн сыйлоо жана Кыргызстандын учурдагы маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү.

Бул сынак дайым эле даяр жооп табыла бербеген, чечмелөө жагынан оор жана маанилүү темаларды коомдо талкууга алынышына түрткү берүүгө багытталган.

Сынактын катышуучулары

Сынакка  материалдары  2018 жылдын 1чи январынан баштап 31чи декабырына  чейин басылмаларга же обого чыккан ар кандай медиаламатериалдардын авторлору катыша алышат.

 

Катышуу үчүн өтүнмолөрдү авторлор  өзүлөрү, же аларды сунуш кылган медиакомпаниялар жибере алышат.  Эл аралык медиалардын өкүлдөрү бул сынакка катыша алышпайт.

Өтүнмолөрдү жиберүүнүн акыркы мөөнөтү - 31 январь 2019-ж.

Онлайн өтүнмөнү толтууру

Аныктама каттын формасы (жуктөө)

Номинациялар, сынак иштерин тапшыруу жолдору жана мөөнөттөрү тууралуу маалымат Сынак жобосунда берилген.


Сынактын номинациялары

Бул жолу Интерньюс сынактын төмөндөгү темаларында аркыл медиаформаттардагы сапаттуу журналисттик иштерди жөнөткөн авторлорду сыйлоону чечкен:

  1. Бийлик жана коом
  2. Балалыкты коргоо
  3. Тынчтык жана ынтымак 
  4. Маданият жана агартуу
  5. Жардам берүү мезгили 
  6. Аракетчил инсан
  7. Темага берилгендиги үчүн кесиптештери тарабынан таануу  (сынактын атайын номинациясы)

Сынактын атайын номинациясы «Темага берилгендиги үчүн кесиптештери тарабынан таануу».

 

Көпчүлүк учурда берилүүчү суроолорго жооптор

Кошумча суроолор боюнча Элима Джапаровага 0 (312) 98-68-80 (кошумча 307) (иш күндөрү 9.00 - 18.00) тел. аркылуу же edzhaparova@internews.org электрондук дарегине жазып кайрылсаныз болот.

 

«Умтулуу» кесиптик сынагын Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун өкүлчүлүгү Media-K аттуу “Кыргызстандагы  медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” долбоорунун алкагында, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө уюштурат.

 фото internews.kg

 

Бөлүшүү