Тажикистан Кыргызстандын СТБга өтүү боюнча тажрыйбасына жогорку баа берди

Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Тажикстан делегациясы Бишкекке келип, санариптик телеберүүгө (СТБ) өтүү боюнча тажрыйбасы менен көңүл салып таанышып кетишти.

Борбор Азиялык өлкөлөрдүн арасында санариптик телеберүүгө эң биринчи болуп, убактылуу жана ийгиликтүү өткөн Кыргызстан болду. Бул тажрыйбаны кызыгып ТР (Тажикстан Республикасы) изилдөөнү каалады. Үч күндүн ичинде, 2017 жылдын теке айынын 3 баштап 5 чейин, өкмөттүн жана телерадиоберүүнүн өкүлдөрү Кыргызстан борборундагы кесиптештердин жумушу менен таанышышты.

Тажикистан делегациясынын өкүлдөрү:

— «Таджиктелерадиоком»дун башкы директордун орун басары  Исфандиер Саъдулло;

— эл аралык иштер, эл аралык уюмдар жана ЖМК парламенттин комитетинин мүчөсү Мухаббатшо Рузадоров;

— ТРдын теле жана радиоберүү боюнча Өкмөттүк комитетинин башкы инженери Исмоилзода Шохрухмирзо Рустам;

— Көз карандысыз берүүчүлөрдүн ассоциациясынын мүчөсү Зинатулло Исмоилзода;

— Интерньюс Тажикстандын директору Абдумалик Кадиров;

— “Хома” коомдук уюмунун аткаруучу директору Шахло Абокирова;

Тажикстан делегациясын Кыргызстандын өкмөтүндө кабыл алышты. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев конокторго санариптик телеберүүгө өтүүнүн ар бир этаптарын, берилген программаны ишке ашырууга кандай жумуш өткөнүн, техникалык жабдуулар менен пайда болгон маселе жана суроолор жөнүндө маалымдап берди.

Мухамметкалый Абулгазиев, биринчи вице-премьер-министр:

Кыргыз Республикасы санариптик телеберүүгө 2017 жылдын бугу айынын 15де өткөн. Биз санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Бул иште каражаттар болуусу шарт, бирок андан да керектүүсү – кесипкөй топ.

Эң биринчи учурда биз элди маалымдап кеттик. Үч жылдын ичинде маалымдоочу-түшүндүрүүчү иштер өткөн. Өкмөттүк комиссия түзүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом, коомдук уюмдар жана телерадио адистер тартылган.

Мухаббатшо Рузадоров, эл аралык иштер, эл аралык уюмдар жана ЖМК парламенттин комитетинин мүчөсү:

Биздин өлкөлөр арасында ынтымактуу коңшулук байланыштар түзүлгөн. Кыргызстан абдан ылдамдуу өнүгүп барып жатат. Биз силердин республикаңардын санариптик телеберүүгө өткөнүңөр боюнча тажрыйбаңарды изилдөөнү каалайбыз.

Негизги жолугуш Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинде өттү. Ал жерде мекеме башчынын орун басары Айнур Темирбекова жана маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгуль Норузбаева СТБга өтүү боюнча баардык этаптарын тартуулап беришти.

Катышуучулардын алдында чыгып, Айнура Темирбекова санариптик телеберүүгө өкмөттүк программасы боюнча ишке ашырылганын, иш аткаруу убагында пайда болгон маселелер жана алардын чечүү жолдору жөнүндө баяндап берди.

Жогорку Кеңештеги жолугушуусунда Наталья Никитенко жана Жанар Акаев депутаттары менен сүйлөшүүгө учурашты.

Наталья Никитенко белгилеп кетти: Кыргызстан санариптик телеберүүгө ийгиликтүү өткөнүнө баардык бөлүмдөр бирге ынтымакта иш жүргүзгөнү үчүн болду. Элдик депутаттар өкмөткө жардам берип жана СТБга өтүүсүнө тиешелүү 18 мыйзам чыгаруу документтерин колдошту. Анын сөздөрү боюнча, өкмөтүк эмес уюмдар менен болуп өткөн өз ара критика жана талкуулар ылайыктуу моделди түзүүгө түрткү беришти.

Кошумча дагы Республикалык радиорельдик магистралдарын өндүрүү боюнча бирикмесинде, жана теле жана радиоберүү жерлеринде (РПО РМТР) жолугушуу жана экскурсия өттү. Санариптик телеберүүгө өтүүнүн техникалык камсыздоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө делегацияга анын башкы директору Замирбек Мамбеталиев маалымдап берди.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башчысы Илим Карыпбеков тажик делегациясына күнү-бою иштеген “Ала Тоо 24” маалыматтык берүүсүнүн жумушу менен тааныштырып кетти, анткени ал санариптик мультиплекстери жайгашкан телесекисинин жеринде орун алат.

Андан тышкары тажик делегациясы маалыматтык жана байланыш технологиялар, байланыш өкмөт агенттигинин жетекчилиги менен жолугушушту, жана дагы ТРК НТСдын студиясында жүрүп келишти.

Омурбек Сатаев, Интерньюс Кыргызстандын медиаконсультанты:

Даярдоочу мезгилинде кандай чоң иш жасалып өткөнүн ойлоруна да келген жок эле. Эң башкысы, коңшулар биз кетирген каталарды кайталабаса жакшы.

Тажик делегациясы санариптик телеберүүгө өтүүнүн мыйзамдык, техникалык жана маалыматтык чектеринде таанышып кетишти.

Делегация кайра Душанбеге кайтканда, өзгөчө иштетүүчүлөр тобун уюштуруу ой пайда болду. Ал телекөрүүчүлөр, жеке телерадио мекемелердин жана байланыш операторлордун кызыкчылыктарына карата Тажикстан Республикасын алынган тажрыйба аркылуу санариптик телеберүүгө өтүүнүн этаптарын иштетип чыгууну максат кылышат.

фото Интерньюс, МКИТ жана  kabar.kg

   
Бөлүшүү