“Сентябрь” доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылды

“Сентябрь” телекомпаниясы Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 22-августундагы телеканалды жабуу тууралуу чечимин мыйзамсыз жана жөнсүз деген даттануу арызы менен Жогорку Сотко кайрылды.

Белгилей кетсек, саналуу сааттын ичинде жактоочусу жок, жоопкер тарап жана далилдери жок, бир видео материалга гана байланыштырып, бүткүл  телеканалды жаап салган учур Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Андан тышкары, “Сентярбь” каналына каршы Башкы прокуратура доо арыз менен кайрылгандыгы тууралуу жоопкер тарапка 22-август күнү эртең менен телефон аркылуу маалымдама берилип, ушул эле күнү түштөн кийин саат 14:00до сот иши башталып, бир саатка созулган процессте судья Жылдыз Жумабаева  өз чечимин чыгарды.

Медиа полиси институтунун жакточуларынын орус тилинде жазган арызды төмөнкү шилтеменден өтүп көрсөңүздөр болот.

Булагы  
Бөлүшүү