“Ынтымак” Коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы төмөндөгү жумуш орундары үчүн сынак жарыялайт.

“Ынтымак” Коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы төмөндөгү жумуш орундары үчүн сынак жарыялайт.

Юрист

талабы:

- юриспруденция тармагы боюнча жогорку билим.

- 3 жылдан кем эмес кызматтык тажрыйбасы

- укуктук ишмердүүлүктө нормативдик материалдарды билүү

- жарандык, эмгек, финансылык жана административдик укутарды билүү 

- салык мыйзамын билүү

- чарбалык жана жамааттык келишимдерди түзүү

Функционалдык милдети :

- Компаниянын ишмердүүлүгүн жана мыйзамын сактоо менен бирге укуктук кызыкчылыгын коргоо

- даярдалган долбоорго, буйруктарга, жоболорго жана башка ченемдик укуктук актыларга укуктук экспертиза жүргүзөт, ошондой эле ушул документтерди даярдоо менен алектенет.

 

- мыйзам бузуулар менен берилген акттыларды өзгөртүү же аны жокко чыгаруу да чечим кабыл алуу.

- чарбалык, жамааттык жана эмгек келишимдерин түзүүгө катышат

- Келишим, каржылык жана эмгек тартибин күчөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууга катышып, компаниянын каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу

 

- дебитордук карыздарды көрсөтүүчү материалдарды кароого катышып, карызды жоюуда Компаниянын кызыкчылыгын коргоого алат

 

Кассир

 

Талабы:

- “Бухгалтердик эсеп жана анализ”, “Эконогмика”, “Финансы жана кредит” тармагындагы жогорку билим

- 2 жылдан кем эмес кызматтык тажрыйбасы

- ПК колдонууну билүү

- кассалык жана банкттык формаларды билүү

- акчалай каражатты берүү, алуу, каттоону жана сактоону билүү

- келген жана чыгарылган документтерди каттону билүү

- акчалай каражаттарды сактоо эрежелерин билүү

- кассалык китепче жүргүзүүнү жана кассалык отчет жасоону билүү

 

Функционалдык милдети:

 

- компаниянын тартибине ылайык, алынган жана берилген акчалай каражаттарды каттоо жана алардын сакталуусуна жооп берет

- келген жана чыгарылган документтерди кассалык китепчен6ин негизинде каттоо (жүргүзүү)

- китепчеге катталган каражаттар менен калган акчалай каражаттарды салыштыруу 

- каражаттарды Компаниянын бухгалтериясына белгиленген тартипте өткөрүп берүү 

- Кассалык отчетторду даярдоо

- Ага жүктөлгөн каражаттардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле келтирилген зыянды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүү

 

Эфирди мониторинг боюнча адис

Талабы:

- Жогорку билим;

- 2 жылдан кем эмес кызматтык тажрыйба

- ММК тармагындагы нормативдик докуметтерди билүү

- ПК колдонууну билүү

 

Функционал дык милдети:

- эфирге берилип жаткан программаларга, жарнамалык материалдарга мониторинг жүргузүү.

- медиа-планга ылайык, жарнамалык жана социалдык материалдардын эфирге чыгарылуусун көзөмөлдөө жана керектүү учурда чара көрүү.

- жарнамалык материалдарды жана пограммаларды КРнын ЖМК мыйзамына ылайык эфирге берилүүсүн көзөмөлдөө

 

              Резюмелерди yntymak.marketing@gmail.com электрондук дарегине жиберип же “Ынтымак” КРТРКнын кеңсесине алып келсеңиз болот. Дареги: Ош ш. Нурматов көчөсү 3.

Резюмелерди кабыл алуу 2019-жылдын 18-мартына чейин.

Кызмат орду: Ош шаары.

   
Бөлүшүү