“Экологиялык контентти кантип сатуу керек же эмне үчүн пандага бамбук керек?” тренинги

Интерньюс Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан, Туркменистан жана Узбекистандагы ЖМК, медиауюмдарын, контент жаратуучуларын жана бейөкмөттүк, экологиялык уюмдарды “Экологиялык контентти кантип сатуу керек же эмне үчүн пандага бамбук керек?” тренингине катышууга чакырып жатат. Иш-чара 2017-жылдын баш оона(август) айынын 10н баштап 20на чейин кезеги менен үч өлкөлөрдө өтөт: Алматы  — баш оона айы 11-12 Душанбе  — баш оона айы 14-15 Бишкек  — баш оона айы 17-18 Эгер төмөнкү нерселерге үйрөнгүңүз келип турса, катышыңыз: —  жарнама берүүчүлөр үчүн татаал мазмунду сатуу (мультимедиялык дагы кошумча); — жарнама берүүчүлөр жана демөөрчүлөр менен аларга жаңы болгон маалыматтык тармакта майнаптуу бирге кызматташуу; — саткан коммерциялык сунуштарды түзүп жана аларды баштан баштап акырына чейин ишке ашыруу; — табигый реклама жана лонгридтерден пайда табуу; — жарыялоонун сериясы менен долбоордун айырмачылыктарын билип, жана экөөсүн тең монетизациялоо; — тар багыттык иш-чараларды уюштуруп, алардан пайда табуу; — сатууларда жана долбоордун илгери өнүгүүсү үчүн PR-стратегиясын жана CMM(мүмкүнчүлүк жетилгендиктин модели) колдонуу. Тренингге катышса болот: — редакторлор; — коммерциялык башкаруучулар; — маркетинг/жарнама бөлүмдөрдүн жетекчилери; — экологиялык мазмундун түзүүчүлөрү. Билим берүүдө ар бир уюмдан эки өкүлдөр катышканы мүмкүн. Иш-чаранын максаты – катышуучуларга экологиялык мазмундун монетизациялоонун жаңы ыкмаларын үйрөтүү. Медиалабораториянын тренери – Анастасия Снегирева, ар кандай кызыктыруучу-маалыматтык өкүлдөрдө аракеттүү жарнама сатыктарда жана жарнама түзүүдө 15 жылдык тажрыйбасы бар. КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Интерньюс “Борбор Азиядагы айлана-чөйрө жана табигый ресурстар жөнүндөгү маселелерди аракеттүү чагылдыруу үчүн медиа” долбоорунун негизги өнөктөштөрдө жана субгранттарды алуучуларда тең шарттарда өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү бар. Катышуучулардын жол кире, турган орун-жай жана тамак-аштын чыгымдарын Интерньюс төлөп берет. Билдирүү формасын бул жерде жүктөп алсаңыз болот. Толтурулган билдирүүнүн формасын, дагы кошумча иш кагаздарын төмөнкү электрондук дарегине жибериңиз centralasia@internews.eu. Билдирүүлөр 2017 жылдын баш оона айынын 2 чейин(кошо эсептегенде) кабыл алынат. “Экологиялык мазмунду кантип сатуу керек же эмне үчүн пандага бамбук керек?” тренинги Интерньюстун “Борбор Азиядагы айлана-чөйрө жана табигый ресурстар жөнүндөгү маселелерди аракеттүү чагылдыруу үчүн медиа” долбоорунун чектеринде өткөзүлөт жана Европалык Биримдиги тарабынан колдоону көрөт. Булак: livingasia.online.      
Бөлүшүү