"Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге'' Интерньюстун үч жылдык добоору ачылат

 

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү сиздерди 2017–жылы 10-ноябрда саат 17:30да «Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге” жаңы долбоорунун расмий ачылышына чакырат. Media-K деген жаңы үч жылдык долбоору кыргызстандагы көзкарандысыз массалык маалымат каражаттарын өнуктүрүүгө багытталган.

 

Бул долбоорду Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен, FHI360 уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.

 

Долбоор жарандарга ар түрдүү жана ар-тараптуу, коомдук кызыкчылытарды чагылдырган жана чечим кабыл алууга жардам берген маалыматтардын берилишин көздөйт. Media-K долбоору кыргызстандагы медиаларынын кесипкөйлүгүнүн жана көзкарандысыздыгынын жогорулашына жардам берет.

 

Интерньюстун кыргызстандагы командасы төмөнкү маселелерди ишке ашырат:

 

- Медиа рынокту өз өнүмдөрүн чыгарууга жана кеңири таралган мултимедиялык контентти көбөйтүүгө кызыктыруу, медиалардын арасында жарнак кирешени жогорулатуу.

-Медиа өнөктөштөрдүн жарнак кирешесин бизнес-жараяндарын жакшыртуу аркылуу көбөйтүүнү, анын ичинде аудиторияны изилдөө боюнча маалыматтарды пайдаланууга жардам берүүнү көздөйт.

- Аудиториянын талаптарына дал келген сапаттуу санариптик контентти жана инновациялык форматтарды түзүүгө жана ошондой эле ар тараптуу жана баланстуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга гранттарды берилет.

- Дата-журналистика боюнча стипендиялар берилет.

- Жеке сектор менен өнөктөштүктө people-meters деген телеаудиториянын көлөмүн өлчөөчү электрондук системасын киргизүү.

- Кыргызстандагы Жылдык медиа конференциясынын өткөрүлушу пландаштырылып жатат. Ал конференция көз карандысыз ММКнын жана интернет-басылмалардын кесипкөй адистерин бириктирет. Конференцияда мастер-класстары, медиа жарманкеси ж.б. уюштурулат.

 

Ошондой эле, конференцияда ММКдагы инновация, телевидениеде жана онлайн контентте, журналистика жана жарнамада эң зор жетишкендикке ээ болгондорго Media Super Star Awards деген жаңы сыйлыгы берилет.

Бул жаркын жаңы долбоордун расмий ачылышы 2017-жылы 10-ноябрда саат 17:30 баштап, Victory бизнес ордосунда өткөрүлөт.

Дареги: Ибраимов көчөсү 103, конференс-зал, 10-кабат.

 

Сиздерди, Элина Каракулованын, КР Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору, Кори Джонстонун АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) кызматчысы катышуусу менен болгон презентацияга жана ачылышына арналган салтанаттуу тез даамга чакырабыз.

Долбоордун негизги багыттары жөнүндө суроолорго жоопторду да ала аласыздар.

 

Каттоо өтүш үчүн жана тиешелүү суроолоруңуз бар болсо, eakmatova@internews.org электрондук дареги аркылуу же

+996 705 817178 уюлдук номуру менен байланышса болот.

 
Бөлүшүү