Журналисттердин көз карандысыз Союзнун билдирүүcү

Акыркы убакытта өкмөттүк эмес ЖМКа төртүнчү бийликтин ролүн аткаруусу абдан кыйын болуп жатат. Көз карандысыз болуу үчүн жогорку акы төлөнүш керек экен.

Бул билдирүүнү президенттин намысын коргоо боюнча башкы прокурор менен берилген көп миллиондук дооматтарды биринчи инстанциянын соттору толугу менен канааттандырганы далилдеп турат.

Zanoza.kg сайтынан жана анын уюмдаштыруучуларынан Нарынбек Идинов жана Дина Масловадан 24 млн сом, кошумча дагы экс-депутат, "Адилет" укуктук клиникасынын директорунан Чолпон Джакуловадан 3 млн сом төлөтүүгө чечим чыгарылды. Соттор моралдык зыянды калыбына келтирүү үчүн белгилегенде коомдун сумма акылга ылайыктык жана ченеми менен болсун деген чакырууларын эске албай коюшту. Бул аракеттер мамлекеттин ичиндеги көз карандысыз жана лоялдуу эмес ЖМК интернет-басылмаларын жабуу үчүн кылынгандай көрүнөт. Zanoza.kg сайты андай оор каражаттык кысымчылыктан өзүнүн ишин токтотууга мажбур болот. Ошондон коомчулукка өлкө боюнча жана Президенттик шайлоолору жөнүндө альтернативдик маалымат келбей калат.

Эгер бийликке лоялдуу СДПК партиянын ИА "24.kg" каршы миллиондук дооматын эсепке алган болсок, анда бул баары көз карандысыз жана бийликке оңтойсуз болгон интернет-басылмаларга карата каршы кысымчылык болуп көрүнөт.

Журналисттердин эгемендик бирикмеси бир четтен президенттин "Азаттык Уналгысы"га каршы болгон айыптоолорунан баш тартышын колдойт, бирок Zanoza.kg боюнча кабыл алынган чечимдер соттук реформаларын туура өтпөгөнүн жана өзүн актабаганын көрсөтүп турат. 

Ушундан улам биз акыл жана мыйзам сезимдерден баш алганына үмүттөнүп, жана кийинки соттун инстанциялары интернет-басылмаларга адилеттүү чечимдерди чыгарышын күтүп турабыз.

ЖМК өзүнүн кесиптик жумушуна эч кыйын себепсиз болгон материалдык жазаны көрбөшү керек. Ар бир кыргыз жарандын альтернативдик ой жана пикирлерди угууга мүмкүнчүлүгү, жана эч кандай цензурасыз өз оюн, пикирин билдирүүгө укугу болушу керек.

Бөлүшүү