Түштук жергесиндеги тургундар КТРК каналында “көңүлсүз берүүлөрдүн” ордуна көбүрөөк “журналистик тергөөлөрдү” көрүүнү каалашат

10 июля 15

 

Лейлек районунун Исфана шаарынын тургундары КТРКнын эфиринде «чек ара конфликттердин» аз берилиши жана жаштар, балдар үчүн берүүлөрдүн жетишсиздиги бар экендигин белгилешкен.

 

Бул жана башка суроолор КТРКнын өкүлдөрү менен Байкоочу Кеңештин төрагасы Абды Сатаровдун Исфана шаарына болгон иш-сапарында талкууланган. Жолугушуу 18 июнда Исфана шаарында өткөн.

Жергиликтүү калктын активисттери КТРКнын иши тууралуу өзүнүн ой-пикирин билдиришти.

«КТРК менен ЭЛ ТРдин жаңылыктар тизмеги жана билим-берүү программалары бир маалда берилет, чыгаруулардын иш тартибин өзгөртүүгө мүмкүн эмеспи? Мен мисалы телевизор көрбөйм, азыр жаңылыктарды социалдык тармактар аркылуу билсе болот. «Күндүн темасы» деген программаны күндүзү көрсөтүшөт, көпчүлүк адамдар жумушта болгондугуна байланыштуу көрө албай калышат. Мүмкүн ал жерде бизге кызыктуу болгон суроолор талкууланып өткөн. Мүмкүн күндүзгү берүүлөрдү кечки убакта берүү зарылчылыгы бар», — деп сунуштады Лейлек районунун тургуну Чынгыз Тажибаев.

Жергиликтүү тургундардын ой-пикири боюнча КТРК санариптик берүүгө өтүү тууралуу элдерди кеңири маалымдаш керек. Ошондой эле эки адамдын талкуулоосу менен өткөн берүүлөр көрүүчүлөргө кызыксыз болгондугуна байланыштуу аларды кыскартуу сунушу берилген.

«Ой-Ордо» сыяктуу телеберүүлөрдүн жыйынтыгы жок, деп белгиледи Эшназар Тажибаев, жергиликтүү мектептин жетекчиси. 19 июнда КТРКнын өкүлдөрү Ош шаарынын жаш активисттери менен жолугуш өткөрүштү. Алардын катарында “Youth of Osh” жаштар биримдигинин өкүлдөрү, продакшн-студиялар, Ош шаарынын журналисттер профсоюзу, юристтер КТРКнын эфири тууралуу пикир алмашышты.

«КТРКга үй-бүлөөлүк, кызыктуу, тарыхый, илимий-популярдуу передачалар жетишпейт. Дин экстремизми тууралуу көйгөйлөрдү, экотуризм тууралуу жаңылыктарды көбөйтүү керек”- деп белгилешти Ош шарынын тургундары.

Буга чейин мындай жолугушуулар Кыргызстандын баардык областтарында өткөн, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасындагы Интерньюс Нетуорк Өкүлчүлүгүнүн «Коомдук телеберүүнү колдоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Бөлүшүү