Журналисттердин коопсуздугу боюнча тренинг анын келечектеги актуалдуулугунан кабар берет

10 февраля 15

Журналисттердин коопсуздугу, Ошто өткөн эки күндүк тренингдин негизги темасы болду.

«Журналисттердин митингдердеги жана күнүмдүк турмуштагы коопсуздугу” аттуу тренинг 2015 жылдын 7-8 февралында “Ынтымак” Коомдук Регионалдык Телерадио Компаниясында орун алды. Иш чарага жыйырмага жакын ОРТРК “Ынтымак” жана “Ош Пирим” телеканалынын кызматкерлери катышты.

Машыктыруучулар – белгилүү журналисттер, Айзатбек Бешов жана Аида Касымалиева мурун Би-Би-Си Орус кызматында жана “Азаттык” радиосунда эмгектенишкен. Алар өздөрүнүн митинг жана массалык каршылык акциялары учундар кандай иш алып баруу керек экени тууралуу кенен тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Тренингдин катышуучуларынын пикиринде, анын актуалдуулугу айдан ачык.

Тренинг мен үчүн өтө пайдалуу болду. Анткени мен бул кесипти аркалап жатканыма үч жылдын жүзү болсо да, журналисттин митинг, пикеттерде кандай алып жүрүүсүн билбейт элем. Мен үчүн агрессивдүү адамдардан интервью алыш кыйын болчу. Тренингдин акыбети менен мен жана кесиптештерим өзүнө керектүү пайдалуу кеңештерди ала алдык. Тренингди жакшы деңгээлде өткөрүп берген Интерньюска жана Айзат Бешов, Аида Касымаливага ыразычылык айтам”, — деп, ОРТРК “Ынтымак” журналисти Дарыйка Шерматова өз пикирин ортого салды.

Буга үндөш пикирди Раъно Эназарова да карманат. Ал азырынча ксиптештеринин материалдарын которуу менен гана алектенгени менен, бирок келечекте репортаждарды жасоого өтөм деп кыялданат.

Мага тренинг абдан жакты. Берилген маалыматтын көбү – мен үчүн пайдалуу. Жаңы маалыматты көп алдым. Азырынча сюжет жасаганы чыкпаганым менен, келечекте, тренинг учурунда берилген акыл-насааттарды менин жана операторумдум коопсуздугу үчүн колдоном деп ойлойм, — деп үмүттөнөт Раъно Эназарова.

Бөлүшүү