Журналисттик иликтөө: “Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билимге тартылуусу”

Интерньюстун  өнөктөштөрү “Улыбка” коомдук фонду (Ош ш.) менен НТС телеканалынын чыгармачыл тобу “Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билимге тартылуусу” деген темадагы журналисттик иликтөөнү сунуштайт.

Коомдо мүмкүнүчүлүгү чектелген балдарды окутууга мүмкүн эмес деген стереотип калыптанып калган. Өкүнүчтүүсү ал балдардын ата-энелери да бул ойду карманышат. Бирок дүйнө жүзүндө ден соолук маселесине карабастан дени сак адамдарга караганда алда канча чоң ийгиликтерге  жетишкен он миңдеген инсандар бар.

Журналисттик иликтөө Ош шаарында 95 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим берүү менен камтылбай калганын аныктаган. Ошол эле мезгилде мамлекеттик органдар баардык ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышат деп билдиришүүдө. Кимге ишенсе болот? Эмне себептен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмеси жок? Үйдө билим алуунун сапаты эмне үчүн текшерилбейт? Эмне учун бул балдар экзамен тапшырышпайт? Бул жана башка суроолорго журналисттик иликтөө жооп берген.

“Улыбка” коомдук фонду менен НТС телеканалынын журналисттик иликтөөсүн толугу менен бул видеосюжеттен көрө аласыздар. Иликтөө «Айкындуулук жана отчеттуулук процесстеринде медианын жана жарандык коомдун катышышы» долбоорунун алкагында даярдалган.

Бөлүшүү