Жалган жаңылыктарды кантип аныктап билсе болот

Маалыматтык тармак азыркы учурда жалган жаңылыктар менен толуп кеткен. Жалган жаңылыктарды (“утка”, “фейк”) жалпы агымда айкындап билүүгө мүмкүн эмес. Алар кең коомдук тармакка токойдогу өрттөй тез жайылат. Бул маалыматтык таштандыларды кантип тапсак болот, чын жаңылыктарды жалгандардан кантип айырмалай алсак болот?

АКШдан келген журналистика профессору Светлана Куликова “Коомдук тармактардагы саясий дискурстар” лекциясында өткөн жылкы АКШда өткөн президенттик шайлоолорун негизинде жалган жаңылыктардын түзүү технологиясы жөнүндө маалымдап берди.

Фейк Facebook’та кантип иштейт

— Материал түзүлөт – жана сырткы сайтында көчүрүлөт.

— Шилтеме өзгөчө аталышы менен бир нече өзгөчөлөнгөн саясий топтордо жайылат.

— Топтун жазылуучулары шилтеме боюнча топко киришет, ошондо сайттын ээлери жарнамадан пайда табып, кийин достору менен бөлүшүп алышат.

— Көбү жөн гана кирип койбой, кошумча дагы эмоциялуу комментарий жазып коюшат.

— “Фейк”тер дагы көп деталдар жана майда-чүдө менен өсүп андан да кең жайылып кетет.

— Барган сайын окурманга маалыматтын булагын тапканы кыйын болуп барат, жана анын чын болгонун далилдөөгө мүмкүндүк калбай калат.

Фейкти кантип айкындап билсе болот

— Ким жаңылыкты жиберди – жарыялап койду (коомдук ойдун башчылары жана саясий наркомандар)

— Жаңылыктын булагын табып билүү (вебсайт)

abcnews.com же abcnews.com.co.

— Жарыяга көрүнүктүү кесипкөй жана ишеничтүү медиялар шилтемелешкенби текшерип көрүү.

— Өзгөчө тейлөөлөрдө факттарды текшерип көрсө болот

www.politifact.com www.factcheck.org www.snopes.com.

— Жарыяда цитаталар барбы экен карап көрүү жана алардын чындыгын сынап көрүү.

— Жарыяга жабышкан комментарийлерди окуп көрүү.

— Эгер сүрөтү бар болсо, аны Google’дун издөөчүсүнөн өткөрүп көрүү.

www.google.com

— Эгер жарыянын чын болушуна шектериңиз бар болсо, аны таратканы сунушталбайт.

Терс таасирлери

Светлана Куликова уктоо таасири жөнүндө:

Эгер элге берилип жаткан жаңылык терс болуп, бирок шектүү булактардан чындыкка жакын маалымат берилип жатса, убакыт өткөнчө адамдар булагын унутуп, ал жаңылыкты чындай кабыл алышат (бул ушактардын сакталгычтыгын түшүндүргөн теорияларынан бири).

Агым жана кайталануу таасири: Эгер баары ал нерсе жөнүндө талкуу жаратып жатышса, анда ал чындык болушу керек.

Кесипкөй ЖМКлардын четтетилүүсү, биз бул арамдан бийик турабыз дегендер.

Светлана Куликованын бетачарын бул шилтеме боюнча өтүп көрүп алсаңыз болот.


Бөлүшүү