Internews өлкөлөр аралык командаларды Rolling Funds принцибинде контентти жаратуу боюнча сынакка катышууга чакырат: өтүнмөлөрдү каалаган убакта берсе болот, 2025-жылдын 31-майына чейин көз карандысыз комиссия аларды ар бир эки айда караштырып турат. Эң мыктылары, креативдүүлөрү, өзгөчөлөрү CARAVAN долбоорунун алкагында каржылык колдоого алынат.
Өлкөлөр аралык командалар аймактык кызматташууга өбөлгө түзгөн Борбордук Азиядагы актуалдуу темаларга контентти жаратуу боюнча гранттык сынакка катыша алышат.
Казакстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан өтүнмө бергендер 10 миң еврого чейин грант алалышы мүмкүн. Өзбекстандан өтүнмө бергендер 5 миң еврого чейин каражатты стипендия түрүндө алалышат.
Биз өтүнмөлөрдү командалардан гана кабыл алабыз – командаларда Борбордук Азиянын ар башка өлкөлөрүнөн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) редакциялар жана/же алардын өкүлдөрү болушу кажет. Кеминде эки өлкө бир командада.
Internews сынактын жеңүүчүлөрүнө тренингдерге, вебинарларга, менторлук боюнча программага катышууга жана да контенттин сапатын жакшыртуу үчүн медиаэксперттерден кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтү – 11 айга чейин (Өзбекстандан катышкандарга 8 айга чейин).
Ким катыша алат?
Сынакка жергиликтүү медиалар, продакшн-студиялар, чыгармачыл бирикмелер, жарандык коомдун уюмдары (бейөкмөт уюмдар) жана башка кызыкдар контент жаратуучулар (блогерлер, фрилансерлер, журналисттер ж.б.) катыша алышат.
Маанилүү шарттар:
1) өтүнмө берген тарап жергиликтүү мыйзамдарга жараша юридикалык жак катары катталышы керек (бул Өзбекстандан өтүнмө бергендерге колдонулбайт, анткени аларга каржылык колдоо стипендия түрүндө берилет);
2) өтүнмө берген тарап Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн бир же андан көп өнөктөр менен биргеликте өтүнмө берип, долбоорду иш жүзүнө ашырышы керек болот.
Кандай долбоорлорду күтөбүз?
Долбоордун алкагында өндүрүлгөн контент Борбордук Азия өлкөлөрүндө элдин сапаттуу коомдук маанидеги маалыматка жетүүсүн жакшыртып, алган маалыматты талдоого жана жашоосун жакшыртуу үчүн негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам бериши керек. Ошондой эле ал:
- актуалдуу окуялардын жана процесстердин жалпысынан Борбордук Азия аймагына жана андагы ар бир өлкөгө кантип таасир этерин түшүндүрүп бериши керек;
- дезмаалыматка жана фейктерге каршы туруп, аларды жаратуунун себептерин жана максаттарын түшүндүрүп бериши керек;
- кастык тилге жана ар башка социалдык топтордогу адамдардын ортосундагы жек көрүүнү жандандырууга каршы турушу керек;
- глобалдык рынокко чыгуу үчүн аймактык соода-экономикалык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрүн көргөзүшү керек;
- аймактагы экологиялык темаларды, климаттын өзгөрүшүн жана суу ресурстарынын колдонулушун чагылдырышы керек;
- Борбордук Азия аймагына жана андагы өлкөлөргө таасир эткен маанилүү геосаясий процесстерди, анын ичинде согуштарды жана конфликттерди чагылдырышы керек;
- Борбордук Азияда тынчтыкты орнотуу/бекемдөө жана сабырдуулукту өнүктүрүү идеяларын бекемдеши керек;
- ар түрдүү аудиториялардын ортосундагы диалогго өбөлгө түзүп, бул жамааттардын ичиндеги маселелерди чечүү жолдорун тапканга жардам бериши керек;
- аймактагы жалпы баалуулуктар боюнча талкууларга өбөлгө түзүп, калктын жарандык активдүүлүккө укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтиши керек.
Долбоорлор төмөнкү жанрларды/форматтарды караштырышы мүмкүн:
Биз ар түрдүү жанрларда жана форматтарда: аналитика, журналисттик иликтөөлөр, чоң сандагы маалыматтарды колдонуу менен даярдалган материалдар, атайын репортаждар, даректүү тасмалар, арт-контент (кыска метраждуу көркөм тасмалар, социалдык роликтер), сторителлинг, фактчекинг, документалистика, интервью, ток-шоу ж.б. контентти жаратууну камтыган өлкөлөр аралык долбоордук сунуштарды кубаттайбыз.
Долбоордо жанрларды жана форматтарды караштырууда ар бир өлкөдөгү медиакеректөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алууга чакырабыз.
Өтүнмөнү даярдоонун жана тапшыруунун этаптары:
- Сынакка катышуу үчүн Борбордук Азиянын башка өлкөсүнөн/өлкөлөрүнөн потенциалдуу өнөктөштү табуу, идеяны талкуулоо жана долбоордук сунушту аныктоо.
- Өтүнмөнүн формасын (жүктөө) жана бюджетин толтуруу жана документтердин бардык пакети менен биргеликте Central–Asia–CARAVAN–Info@internews.org деген электрондук дарекке каттын темасын «Конкурс межстрановых проектов» деп белгилеп жөнөтүү. Өтүнмөлөр 2025-жылдын 31-августуна чейин кабыл алынат. Келип түшкөн өтүнмөлөр ар бир эки айда каралып турат. Эгер долбоорлорду колдоо боюнча чек эрте жетилген болсо, сынак 2026-жылдын 31-майына чейин токтотулушу мүмкүн. Мындайда Internews алдын ала бардыгын кабарлап коет.
- Өтүнмөлөр орус же англис тилинде кабыл алынат.
Кошумча маалымат
Гранттык каражатты контентти жаратууга жана контентти жайылтууга байланыштуу эмгек акыга, иш сапарларга, операциялык чыгымдарга, жабдууларды жарым-жартылай модернизациялоого колдонсо болот.
Документтердин толук пакети бар өтүнмөлөр гана караштырылат (өтүнмөнүн формасында келтирилген документтердин толук пакетинин тизмегин карагыла). Internews бир же бир нече документтери жок өтүнмөлөрдү караштырбаганга толук укуктуу.
Сынактын этаптары:
Биринчи этап: долбоордук сунуштарды техникалык тандоо (документтердин толук пакетинин болушу, сынактын шарттарына жооп бериши).
Экинчи этап: сынактын максаттарына эң туура келген долбоордук сунуштарды тандоо (шорт-листинг).
Үчүнчү этап: сынактын экинчи этабынан өткөн долбоордук командалардын (финалисттердин) долбоордун идеясы менен тааныштыруу боюнча питчинги.
Жеңүүчү командаларга жюри мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча долбоорду кайра бир караштырып оңдоп чыгып, бюджетти кайра түзгөнгө жана келишим түзүш үчүн документтерди чогултканга бир жума убакыт берилет. Келишимге кол коюлгандан кийин долбоор ишке ашырыла баштайт.
Тандоо критерийлери:
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринде (Өзбекстандан сырткары) жергиликтүү мыйзамдарга ылайык юридикалык жак катары расмий каттоосунун болушу (ЖК, ЖЧК, КБ ж.б.);
- контент жаратуу боюнча бир жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;
- эмгектердин портфолиосунун болушу, анын ичинде команда мүчөлөрүнүн да;
- документтердин толук пакетинин болушу (тизмекти өтүнмөнүн формасынан тапса болот);
- контентти долбоорго катышкан өлкөлөрдүн мамлекттик тилинде жаратуу;
- идеянын уникалдуулугу, өзгөчөлүгү жана жаңычылдыгы;
- долбоордук өтүнмөнүн сынактын темаларына туура келиши;
- кенен аудиторияга жеткиликтүүлүгү (контентти жайылтуу);
- долбоордун алкагында даярдалган контент жарыялана турган платформаларды учурда иш алып барган медиабулактар бериши керек (өтүнмө бергендердики жана кросс-постинг боюнча өнөктөштөрдүкү); Контенттин бардыгы форматына жараша жок дегенде бир медиабулактын сайтында жана/же коомдук тармактардагы аккаунттарында жарыяланышы керек (Өзбекстандан сырткары);
- долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү техникалык базанын болушу;
- команда мүчөлөрүнүн CARAVAN долбоорунун алкагындагы бардык окутууларга катышууга макулдугу;
- сапаттуу журналистиканын кесиптик жана этикалык стандарттарынын сакталышы.
Төмөнкү командаларга артыкчылык берилет:
- контентти Борбордук Азиянын аудиториясына актуалдуу болгон форматтарда жарата алган;
- маалыматты таркатуунун ар түрдүү каналдарын колдоно алган жана контентти ар башка аянтчаларга ыңгайлаштыра алган;
- контентти жергиликтүү тилдерде жарата алган жана/же бул тилдерге ыңгайлаштыра алган;
- өлкөлөр аралык долбоорду ишке ашыргандыгы жана/же ага катышкындыгы тууралуу тастыкталган тажрыйбасы бар.
Долбоорду ишке ашырууда долбоордун командаларына Internews’тун колдоо көрсөтүүсү
Сынактын жеңүүчүлөрү вебинарларга, тренингдерге катышууга жана ментордук колдоо алууга мүмкүнчүлүк алышат. Окутуулар редакциялык саясат, фактчекинг, маалыматтарды талдоо, санариптик мультимедиалык баяндоо, этикалык стандарттар, санариптик жана укуктук сабаттуулук, жеке коопсуздук боюнча көндүмдөрдү жакшыртууга жана билимди кеңейтүүгө багытталат. Өнөктөштөрдүн суроо-талаптарына жараша окутуулар ошондой эле киреше булактарын диверсификация кылуу максатында контентти жайылтуу боюнча стратегияны жана бизнес планды иштеп чыгууну камтыйт.
Дагы суроолор барбы?
Биз менен байланышкыла! Бардык сурооңорго Central–Asia–CARAVAN–Info@internews.org электрондук почтасы аркылуу жооп бергенге даярбыз. Каттын темасын «Конкурс межстрановых проектов» деп белгилегиле.
Гранттык сынак Европа Биримдиги каржылаган жана Internews ишке ашырган «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» долбоорунун алкагында уюштурулду.