Сөз айткан серепчилер азайды. Алар кооптонушат
Соңку бир – эки жылдын ичинде сүйлөгөндөн, же бир маселеге пикир айткандан кооптонуп качып калгандар көп болуп жатат.
“Азаттык” медиасынын “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн алып баруучусу, журналист Айбек Бийбосунов акыркы эки жылда кайсы бир маселе боюнча пикир айткан серепчилер азайды дейт. Баш тарткандар түрдүү жүйөлөрдү келтирген менен Бийбосунов активисттер, серепчилер кооптонуп жатат деген ойдо.
– Мен эки себебин көрүп атам. Биринчиси, чындында эле кооптонуу. Кандайдыр бир сөз айтканда мага кысым, басым болбосун деп кооптонгондордун саны арбын. Бул бир катар камоо же кысымдардан улам болуп жатат деп боолгоп жатам. Экинчиси, айрым серепчилер бизди ким угуп жатат дешет экен. Ошол эле учурда Кемпир-Абад жана башка иштер боюнча 27 адам айыпталып жатат. Алар коомдук-саясий турмушка активдүү катышып, социалдык баракчаларга дайым пикирин билдирип жүргөн адамдар болчу да. Алар да азыр тергөөнүн шарттарына ылайык сүйлөбөй калды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык пикир айткан серепчилер азайып баратканы журналисттер коомчулугунда дээрлик бир жылдан бери активдүү талкууланып келет.
Журналист Адил Турдукулов серепчилер ооз ачпай, активисттер өзүн чектей берсе, ачык талкуу болбосо ачык коом курууга мүмкүн эмес дейт. Ал жарандык коом алсыраса, журналисттин күчү да алсыраарын, кызыксыз, супсак материалдарды эч ким окубай турганын айтты.
– Ар кандай коркутуу үркүтүүдөн чындыгында активисттерде, журналисттерде, саясий серепчилерде өзүн өзү тескеген цензура пайда болду. Бул абдан жаман жышаан. Мурдагы совет мезгилинде ушундай болгон. Бул сөзсүз түрдө демократияга, дегеле мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бирок ошого карабастан өзгөчө көз карандысыз журналисттер ачык пикирин айтуудан тайманбашы керек. Эгерде блогерлерди, активисттерди алардын ою үчүн суракка чакырса же административдик жана кылмыш ишин козгосо жалгыз калтырбай жапатырмак баарыбыз тең колдоого даяр болушубуз керек.
Сөз эркиндиги бул өзүнчө коркунуч
Серепчилер өздөрү деле ачык пикир айтуу коомчулукта азайып баратканын моюндашат.
Юрист Нурбек Токтакунов өлкөдө тынчтык митингин уюштурууга тыюу салуу менен катар пикир билдирүүгө да ачык айтылбаган чектөө кирди дейт.
– “Кемпирабадчылар” сөз айтканы үчүн 2 жылдай камакта олтурду. Өндүрүш Токтонасыровго 100 миң сом айып салынды. Серепчилер жөн эле ошондон коркуп сүйлөбөй калды. Маселенин дагы бир тарабы, журналистердин деле эркиндиги азайды. Алар деле карманып калышты. Мисалы, журналистер келет, сурайт, бирок толугу менен бербейт да маалыматты. Мен айтып берем баарын, анан алар өздөрү бир контекстти үзүп, кыска эле эки, үч сөздү берип коет. Кээде малымат бурмаланып калат. Азыр эркиндик үчүн сыноо болуп жатканда биз бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Кээ бирде серепчилер менен бейформал келишимдер болушу керек. Серепчинин пикирин сыйлаш керек. Сөз эркиндиги бул өзүнчө коркунуч. Бул деген тобокелчилик. Кепилденген коопсуздукту эч ким, эч качан бере албайт.
Өнүгүү сөз эркиндигинен башталат
Ар бир демократиялуу өлкөдө бийликтин булагы эл деп айтылат. Өзгөчө кыргызда ой эркиндиги, сөз эркиндиги жогору бааланып келген. Азыр деле серепчилердин өз пикирин эркин айтуусу сөз эркиндигинин сакталып калуусу үчүн абдан маанилүү. Анткени интелегенция өкүлдөрү, журналисттер, акын-жазуучулар, өзүнүн пикирин эркин айтып анан коомдук пикирди тарбиялайт. Бийлик элди карап түздөнөт, кемчилигин оңдогонго аракет кылат. Ошентип өлкөдө нормалдашуу болот.
Саясий серепчи Руслан Акматбек өнүгүү сөз эркиндигинен башталаарын, бирок сөз айткан эркин бойдон калаарына азыр кепилдик жок экендигин билдирди.
– Серепчилердин пикир айтуудан баш тартуусу коомдо кайдыгерликти эле күчөтөт. Бизде жада калса таштанды дагы кабарга чыгып, коом тарабынан талкууланып анан жыйналып жатпайбы. Эгерде медиа болбогондо, сөз эркиндиги болбогондо, серепчилер болбогондо биз бир топ эле артка кетмекпиз. Азыр эми өзүбүздүн жолубузду өзүбүз бууп жатабыз. Сөз эркиндиги – өлкөнү алдыга жылдырган, мамлекеттен бир тыйын талап кылбаган жакшы бир коомдук институт.
Руслан Акматбек сөз эркиндигине болгон цензуранын деңгээли өтө эле тереңдеп кеткенин, коомчулукка айрым таанымал адамдардын тагдыры гана ачыкталып жатканын айтат.
– Ошол жерден (ред:абактан) чыккандар айтат, бир пикир жаза коюп камалгандар бар дейт. Анын чын-төгүнүн эч ким билбейт. Бийлик сын көтөрө албай калды. Бир нерсе болсо эле коркутуу риторикасы менен бөлүп жарып, “бузуку”, “көрө албас” деп душман жарыялап, ярлыктарды тагып жатпайбы. Анан ким эле өзүнүн тагдырын тобокелге салгысы келет. Серепчилер пикир айткандан, жөнөкөй жарандар “лайк” баскандан карманып калды.
Автордон сөз
Бир жылдай созулган “Азаттык” медиасын жабуу аракети, “Клооп” сайтынын бөгөттөлүшү, “Вечерний Бишкек” гезитинин арызынын негизинде Жогорку Сот тарабынан көз карандысыз Kaktus.media басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып салынышы, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик “ЭлТР” телеканалы менен соттошкону, иликтөөчү журналист Болот Темировдун чет өлкөгө чыгарылышы, анын командасында мурда, кийин иштеген 11 журналистин кармалышы ЖКМга дагы басым күчөгөнүнүн далили болуп калды.
Өткөн жылдын аягында Civicus Monitor жарандык коом альянсы Кыргызстанды “жарандардын эркиндиги тушалган”, “репрессиячыл” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Ал эми “Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк” уюму жана “Укукту өркүндөтүү” фонду Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, анда бийликти сындаган жарандык активисттер, журналистер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.
Алыс барбай эле “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун 2023-жылдын майында жарыялаган изилдөөсүн карай турган болсок, Кыргызстан маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча бир жылдын ичинде 72-орундан 122-орунга түшкөн.
Мындан улам айрым серепчилер Кыргызстан демократиядан авторитаризме, укуктук өлкөдөн укугу чектелген мамлекеттердин катарына кирип жатканын белгилешет.
Бул макала USAID тарабынан каржыланган жана Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну автордун же авторлор тобунун өз алдынча чыгармачылыгы болуп, USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн, Интерньюстун же Фридом Хаус уюмунун көз караштарын сөзсүз чагылдырууга тийиштүү эмес.
Автор Кенжебү Маматсадыкова.