Дүйнөдө басма сөздүн тарыхына кайрылуу, аны талдоо күн тартибинен түшө элек. Кыргызстанда дагы маалымат каражаттарынын тарыхын изилдөө актуалдуу бойдон калууда. Ошол контексттен алганда улуттук басма сөздүн көч баштоочусу “Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин 1930-жылдардагы тарыхын анализдөө абдан маанилүү деп эсептейбиз. Анткени бул жылдары Кыргызстанда туташ коллективдештирүү, жер-суу реформасы, көчмөн калкты отурукташтыруу, калктын сабатсыздыгын жоюу менен бирге “эл душмандары” менен күрөшүү сыяктуу маанилүү саясий окуялар болгон.
Билдирме:
“Эркин-Тоо” гезити – кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит. Анын алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкенде араб арибинде жарык көргөн. 1925-жылдын орто ченинде алты номур чыккандан кийин гезиттин редкциясы Пишпекке көчкөн. 1927-жылы анын аталышы “Кызыл Кыргызстан”, 1956-жылы “Советтик Кыргызстан” болуп өзгөртүлгөн. 1991-жылдан бери гезит “Кыргыз туусу” аталышында чыгып келет.
1930-жылдары динге байланышкан маселерди да “эл душманы” катары караганы гезиттеги материалдардан көрүнүп турат”. Андай макала-кабарларды көп кездештирдик. Алгач эле 1930-жылын 14-январындагы “Чалкан” бурчуна “Мурун молдо эми катчы” деген макала басылган.
Макала: “- Жаке, кара токту элине бейиш эшигин ачып 17 жылы имамдык кылган, жаш балдарды жаакка койгон, жыландай этин сойгон, “сүп!” дегенде “куп” деген Мадияр Сыдыбай уулу деген бар”, – деп башталып, совет бийлиги орногондо селдесин ыргытып жиберип, төраганы алдап катчылык кызматына жетип, эми пара алып жүргөнүн жазган. Аягында: “- Жаке! Мындай эски молдо кыйгач колдо, пара жолдо. Түшү өңдүү иш көргөн, түрткүч молдону тез оңдо! Болбосо жоош батрактары ара жолдо. Кош көргүн! Ысманың” – деп жазган. Ошондой эле 5-февралдагы санына динчилдерге каршы маанайдагы автору белгисиз “Жарамазан” деген ыр басылган. Ушундай эле мазмундагы динге каршы материалдарды ар сандан окусак болот.
1932-жылы гезит беттеринен сын макаларды көбүрөөк кездештирүүгө болот. Алсак, 24-февралдагы гезитке кыргыз элинин басып өткөн тарыхый улуу жолун чагылдырган Касым Тыныстановдун “Академия кечелери” пьесасына карата жазылган Аалы Токомбаевдин “Академия кечеси тууралуу” деген сын макаласы басылган. Токомбаев пьесага токтолуп, кемчиликтерди ачык айтуу анын милдети экенин белгилеген. Ал өзүнүн сын макаласында Касым Тыныстановдун бул чыгармасында партия куруп берген тең укуктуу заманды баалабай, тапсыз идеалдуу патриархалдык бейпилчиликке суктануу, эски заманга болгон сагынуу бар деген жыйынтыкты чыгарган. А. Токомбаевдин бул сын макаласы 1937-жылы К. Тыныстановдун массалык репрессиянын курмандыгы болушуна “салым” кошкон.
1934-жылы гезитте “эл душманы” аталып, партиянын катарынан чыгарылгандар тууралуу маалымат-кабарлар байма-бай берилип турган. Адегенде эле 3-январдагы санынын башкы бетине “Жусуп Абдыракмановду Ж.О.БАКтын мүчөлүгүнөн чыгаруу тууралуу” деген тема коюлуп: “Иште партия менен өкмөттүн жолун бузгандыгы үчүн ВКП (б) катарынан чыгарылган; партияга каршы иш кылгандыгы үчүн жолдош АБДЫРАКМАНОВ ЖОБАКнын составынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын.
Жалпы Орусиялык Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы М. И. Калинин, Маскөө кремли. 1933-жыл, 26-декабрь” – деп жазылган. 1934-жылы Кыргыз өкмөтүнүн ошол кездеги жетекчиси Жусуп Абдрахмановго карата башталган куугунтук 1937-жылы анын аталышы менен аяктаган белгилүү.
Ал эми ушул эле сандын экинчи бетине “Бардык райкомдордун маданий үндөө бөлүмдөрүнө, бардык райондук гезиттерге, жазуучу-кабарчыларга!” деген темада редакциянын макаласы жарык көргөн. Анда:“Биз Кыргызстандагы байчыл-улутчулдук, алаш ордочулук, Тыныстановчулук менен күрөшүп келе жатсак дагы күнү бүгүн алаш ордочулуктун, Тыныстановчулуктун таасири бардык жерлерде бирдей жоюлуп бүтө элек. Эл ичинде, кала берсе мектептерде алашчыл ырлар ырдалып жүрөт” – деп жазып, жаш жазуучуларды тарбиялоо, аларга туура багыт көрсөтүп, тап душмандарынын куралы болуп калуудан коргоо керектигин белгисиз автор жазган.
Сүрөткө түшүндүрмө: 1930-жылдардын аягындагы “Кызыл Кыргызстан” гезити. Сүрөт автордуку
Гезиттин ноябрдагы санында “Биздин интеллигенттер” деген макала басылган. Анда “Кыргызда молдо Эшенаалы Арабай уулу, молдо Осмонаалы Сыдык уулу, Абдыкерим Сыдык уулу, Жанек Солтанайбай уулу жана Касымбай Телтай уулу баштаган бир канчалык эски “интеллигенттер” болгон. Алар өздөрүн “улуттун алдыңкы, акылман азаматтарыбыз” деп санашкан. Чындыгында ал “интеллигенттер” кыргыздын бай-манаптарынын камчысын чаап, токмогун уруп, тилегин тилеген, бүткөн боюнун барына – байчыл-улутчулдуктун каны абдан тарап, сиңген. “Алаш ордо” ордо партиясынын идеясы менен сугарылган улут байларынын алдыңкы портрети эле. Алардын алдыңкылары, пролетариат революциясынын душманы “Алаш ордо” партиясынын борбордук комитетинин мүчөсү болду. Молдо Осмонаалы Сыдык уулу – кыргыз элинин турмушундагы чындыкты, тарыхты бурмалап “Тарыхы Шадмания” жана “Тарыхы Кыргызияны” жазып, эмгекчилердин канын соргон кара ниет бай-манаптарды мактады…”, – деп жазган белгисиз автор. Совет заманында улуттук “Алаш ордо” жана “Социал-Туран” партиялары контрреволюциячыл уюм катары бааланып тыюу салынган.
Гезиттин 15-марттагы санына “Курман айт” тап душмандын куралы” деген автору белгисиз макала басылган.
Анда: “… Тап душмандар, алардын жардамчы куралдары болгон дин кызматчылары молдо, эшен-сопу, бакшылар четке ыргытылды, талкаланды. Бирок алардын калдыктары дагы эле сооло элек. Тап душмандарынын куралдарынын бири “Курман айт” болот. Алар “Курман айт” аркылуу өздөрүнүн революцияга каршы үгүттөрүн жүргүзүшмөк болушат. “Дин деген элдин башын айлантып жинди кылуучу апийим” деп Лениндин айткан сөзү бекеринен эмес”, – деген пикирлерин жазган. Мындай мазмундагы маалымат, макалаларды гезитте байба-бай кезиктиребиз. Совет доорунда диний ишенимдерге, ага байланыштуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө чектөөлөр коюлуп, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салынган.
1937-жылы Совет бийлигине оппозициялык иш жүргүзгөндөр, каршы ойдогулар, сөз сүйлөгөндөр гана жазаланбастан, солчул оппозиция» аталган троцкийчилер менен байланышкан адамдар да жазага тартыла баштаганы тарыхтан белгилүү. “Кызыл Кыргызстандын” 6-январдагы санына М.К. деген ат менен “Троцкийчил Урываевдин оң көзү Чекменевдун бети ачылды” деген макаласы жарыяланган. Анда 3-январда болуп өткөн Кыргызстан совет жазуучуларынын башкармасынын кең жыйналышында “контреволюциячыл троцкийчил” Урваев менен дайыма байланышып, партияга каршы өткөргөн аракеттерин иш жүзүнө ашырууга активдүү катышкан – жазуучу Николай Чекменевдун бети ачылганын жазган. “Чекменев өз сөзүндө: “Мен Урваев менен менен такыр байланышкан эмесмин, кайта Урваевдин кемчиликтерин ачкамын” деп көз будамайлап жанталашты. Чынында иш андай эмес, Чекменев партиянын душманы болгон Урываев менен тыгыз байланышта болуп, анын айтканын дайым орундатып келген”, – деп жазылат.
Дагы ушуга окшогон “Троцкийчилердин жардамчыларына партия катарына орун жок”, “Кемпирбаев Стахановчу”, “Төмөнкү Чүй совхозу урываевчулардан тазалансын”, “Троцкийчыл-зиновьевчулар жана алардын жардамчылары түп-тамырынан бери жоготулсун”, “Контреволюциялык троцкийчил душмандардын тамырларын такыр суурабыз”, “Улутчулуктун тамырларын биротоло соолтуу керек” деген кабарлар байма-бай басылганын көрүүгө болот.
Октябрь айынан баштап “Чолпон” деген лакап ат менен “Эл душмандарынын агенттери”, “Шаар душмандарынын изи табылды” деген макалаларды жазган. Макалада: “Фрунзе шаар советинин төрагасы троцкийчил Чистяков, меньшевик Зубов эл душмандары, улутчулдар Орозбеков, Исакеев, Алиев, Жээнбаевдер менен тыгыз байланышта болуучу. Алардын жардамы менен Зубов көп убакка чейин Кыргызстан Облустук аткаруу комитетине секретарь болуп олтурду. Зубов ал кезде өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, зыянкечтик иштерин жүргүзүп чоң кадрларды төмөн басып келди”, – деп жазылган.
Андан сырткары “Качкынбаев анык эл душманы” “Кудайкуловчулардын уясы курутулсун”, “Мектептер эл душмандарынын калдыктарынан тазалансын” өндүү макалалар гезиттин негизги бөлүгүн ээлеген.
“Кызыл Кыргызстандын” 6-октябрдагы санынан “Редакцияга келген каттар” деген бурчту көрүүгө болот. Дал ушул сандагы аталган бурчка “Сарымсаковду колхозго ким өткөргөн?” деген кат басылган. “Киров. Азыркы бети ачылган эл душманы Эсенаманов июнь айында Киров районуна келип, өзүнүн кулак болгон тууганы Мүсүратбек Сарымсаковду “Карасай” колхозуна мүчө кылып өткөрүп кеткен. Эл душманы жүзү кара Эсенамановдун кулак болгон туугандары колхозго өтүп алышып иштин баарын бузууга киришти. Бул душмандарды тезинен жоопко тартууну райондук прокурор унутпаска тийиш”, – деп жазылган катта.
Андан сырткары “Айдаралыга эң акыркы чара колдонулуу тийиш”, “Коомдун мүлкү ыйык мүлк”, “Тазабеков душман” деген каттар басылган. Көпчүлүк каттарда аргументтер, фактылар жетишээрлик көрсөтүлбөстөн, курулай эле сөздөр, имиш-имиштер (тоголок каттар) жазылганын баамдоого болот. Тоголок кат деп атоого дагы бир негиз бар, себеби көпчүлүк каттардын аягына жазган адамдын аты-жөнү жазылган эмес.
Жыйынтыктап айтсак, 1930-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезити Ленин осуят кылгандай марксизм-ленинизмдин идеяларынын коллективдүү агитатору, жалындуу пропагандисти гана болбостон калың массанын уюштуруучусу, анын негизинде “эл душмандарын” ашкерелөөчү негизги идеологиялык куралы жана басма каражаты да болгон. Бүгүнкү күндүн көз карашы менен караганда гезит толугу менен большевиктик бийликтин кызматын кылып, камчысын чаап, башка пикир айткан адамдарды жазалоочу, каралоочу жасоол катары кызмат кылган. Советтик басма сөз коомду таануучулук, маалымдуулук эмес, пропагандалык милдетти көбүрөөк аткарганы “Кызыл Кыргызстанда” даана көрүнөт.
Автор Бакытбек ОРУНБЕКОВ.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.