Рейтерстин Журналистиканы Изилдөө Институту Google News Initiative (Reuters Institute for the Study of Journalism with the support of the Google News Initiative (GNI)) колдоосу менен жүргүзгөн изилдөөнүн кыскача котормосун сунуштайбыз.
Англис тилиндеги изилдөөнүн толук текстин бул шилтеме боюнча тапса болот.
2025-жылы жаңылыктар менен иштеген уюмдар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Алар: саясий кысымдар, экономикалык кыйынчылыктар жана AI менен иштеген платформалар үстөмдүк кылган дүйнөдө автордук укукту коргоо үчүн күрөш.
Маалымат издөөдөгү өзгөрүүлөр жаңылык индустриясына чоң көйгөй жаратат. Издөө кызматтары барган сайын жасалма интеллектке көбүрөөк таяна баштагандыктан, алар колдонуучулардын суроолоруна кыска жоопторду түзө башташат, бул жаңылык сайттарына кирүүлөрдү азайтат.
Альтернативдүү маалымат булактарынын көбөйүшү да салттуу маалымат каражаттарына коркунуч жаратат. Жалган маалымат көп тараган коомдук тармактар жана блогдор барган сайын аудиторияны өзүнө көбүрөөк тартып жатат.
Бул кыйынчылыктарга карабастан, көптөгөн салттуу ЖМКлар оптимисттик маанайда. Туруксуздук өкүм сүргөн мезгил көп учурда бизнестин өсүшүнө дем берет, ал эми саясий чыңалуунун күчөшү жаңылыктарга болгон кызыгууну арттырат деп күтүлүүдө. Бирок, бул ийгилик көпкө созуларына кепилдик бербейт.
Жаңылыктар менен иштеген уюмдардын негизги максаттарынын бири – алардан кеткен аудиторияны кайтарып алуу жана окурмандардын жаңы муунун тартуу. Буга жетишүү үчүн басылмалар контенттин сапатын жакшыртууга, маалыматты берүүнүн жаңы форматтарын издөөгө жана аудио менен видеого көбүрөөк инвестиция салууга аракет кылышат.
Керектөөчүлөрдүн күтүүлөрү тездик менен өзгөрүп тургандыктан, журналистиканын негизги баалуулуктарына берилгенгендикти сактоо менен өзгөрүүлөрдү кабыл алуу бул жылдагы тең салмактуулукту сактоонун негизги ыкмасы болот.
Сүрөт: Фейсбук жаңылык сайттарына өтүү трафигин азайтууда
Медиаменежерлер келечек тууралуу кандай ойдо
Биз 51 өлкөдө иштеген 326 медиа жетекчинин арасында сурамжылоо жүргүздүк. Бул жерде алардын 2025-жыл тууралуу ойлорун келтиребиз:
Баары эле оптимисттик маанайда эмес: 41% гана журналистиканын келечегине ишенет. Көбү саясий кысымдар жана ЖМКларга чабуулдар боюнча тынчсызданууларын билдиришти. Бул кооптонуулар саясий жиктешүүнүн, басма сөзгө чабуулдардын күчөшүнө жана медианы басып алуулардын көбөйүшүнө байланыштуу – мунун баары журналистиканын эркин иштөө мүмкүнчүлүгүнө олуттуу коркунуч туудурат.
Бизнестин келечеги жакшыраак: 56% алардын компаниялары ийгиликтүү болот деп ишенишет. Көбү Трамптын экинчи президенттиги учурундагы башаламандыкта трафиктин көбөйүшүн күтүшсө, башкалары онлайн жазылуулардын саны өсүп жатканын айтышат, ал эми үчүнчүлөрү жасалма интеллекттин жардамы менен жаратылган шектүү контенттин көлөмүнүн тез өсүшү акыры бир аудиторияны ишенимдүү ЖМКларга кайтарышы мүмкүн деп эсептешет.
Жасалма интеллект – бул коркунуч да, мүмкүнчүлүк да: бир жагынан, жасалма интеллект (ЖИ) көптөгөн фейк жаңылыктарды жаратышы мүмкүн. Башка жагынан алганда, ал аудиторияны ишенимдүү ЖМКларга кайтара алат. Бул жылы ChatGPT жана Perplexity сыяктуу ЖИ платформалары менен мамилелерди курууга көбүрөөк күч жумшалат, экөө тең жогорку сапаттагы мазмунду издешет жана бул контент үчүн алар ЖМКларды цитаталаганга жана/же ЖМКларга акча бергенге даяр. Керектөөчүлөрдүн көңүлү видеого бурулгандыктан, медиалардын YouTube’га жана 2025-жылдын башында АКШда тыюу салынышы мүмкүндүгүнө карабай TikTok’го, ошондой эле Instagram’га көбүрөөк көңүл бура башташы күтүлөт.
Сүрөт: Редакциялар кайсы платформаларга артыкчылык беришет
Издөө кызматтары суроо жаратууда: Сурамжылангандардын 74% жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу издөө кызматтары сайттарды азыраак көрсөтө баштайт деп коркушат.
Google издөө кызматынан жүздөгөн жаңылык сайттарына трафик азырынча туруктуу бойдон калууда, бирок медиалардын өкүлдөрү маанилүү жаңылыктар боюнча жасалма интеллекттин түзгөн корутундулары кеңейиши мүмкүн деп чочулашат. Мындай чочулоо акыркы эки жылда Facebook’тан (67%) жана Twitter’ден (50%) жаңылык сайттарына рефералдык трафиктин кескин төмөндөшүнөн кийин пайда болду.
Медиабизнес жана ИИ. Бизнеске токтолсок, дээрлик он коммерциялык басылманын төртөөсү (36%) технологиялык жана AI компанияларынан лицензиялоодон түшкөн киреше олуттуу киреше булагы болот деп күтүшөт – ал былтыркыдан эки эсе көп болот деп болжолдонууда. Бирок мүмкүн келишимдердин саны жана түзүмү талаштуу маселе бойдон калууда. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү (72%) ар бир компаниянын өз кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө караганда (19%), бүтүндөй тармакка пайда алып келе турган жамааттык келишимдерди каалаарын айтышты. Учурда биринчиси көбүрөөк кездешет. Дагы 6%ы эч кандай келишим түзгүлөрү келбегенин айтышты.
Киреше табуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү: Жазылуулар жана мүчөлүк акылар медиалар үчүн кирешенин негизги булактары болуп эсептелет (77%). Медиа (69%) жана нативдик жарнамалар (59%) кийинки орундарда. Медиалардын көбү кирешенин үч же төрт булактарын колдонушат, мисалы, иш-чараларды уюштуруу (48%), өнөктөрдөн түшкөн кирешелер (29%), кайрымдуулук (19%) жана аларга байланыштуу ишмердүүлүк (15%).
Жазылуулардын санынын басаңдашына байланыштуу 2025-жылы жаңы продуктыларды иштеп чыгууга артыкчылык берилет. Респондент-медиалардын төрттөн биринен көбү оюндарга (29%) же билимге (26%) байланыштуу жаңы продуктыларды иштеп чыгууну ойлонуштуруп же пландаштырып жатканын айтышты, ал эми бештен бири (20%) эл аралык версияны же чет тилдеги версиясын чыгарууну каалашат. Бул жаңы продуктылардын көбү кардарлардын кетишин азайтуу үчүн, кыязы, «толугу менен жеткиликтүү» жазылуу тарифтерине киргизилет. Ошол эле учурда ар бир ондон төртү (42%) быйыл «жаштарга багытталган» продуктуну ишке киргизүүгө же сынап көрүүгө умтулушат.
2025-жылы ЖИни колдонуу: Аудитория үчүн ЖИ кеңири колдонулушу мүмкүн, анткени басылмалар кызыгууну жогорулатуунун жолу катары форматтарды жекелештирүүнү көздөшөт. Жаңылыктар менен иштеген уюмдардын ЖИ технологияларын колдонуусу бардык категориялар боюнча өсүп жатат, респондент-медиалар сервердик автоматташтырууну (60%) абдан маанилүү деп эсептешет, алардын көбү жаңы иш процесстерин камсыздаш үчүн быйыл ЖИ аспаптарын колдоно башташты. Басымдуу көпчүлүгү (87%) редакциялар ЖИге байланыштуу толугу менен же кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүп жатканын айтышты, 13%ы гана өзгөрүүлөр аз экенин же такыр эле жок экенин билдиришти.
Көпчүлүгү тексттик макалаларды аудиого айландырган (75%), материалдын башында ЖИнин жардамы менен анын кыскача резюмени бере турган (70%), же жаңылыктарды башка тилдерге которгон (65%) функцияларды активдүү изилдей турганын айтышты. Респонденттердин жарымынан көбү (56%) ЖИнин негизинде иштеген чатботторду жана издөө интерфейстерин изилдей турганын билдиришкен. Бул эксперименттердин бардыгы толук аяктап, иш жүзүндө колдонулбашы мүмкүн, бирок аракеттердин багыты айдан ачык байкалып турат.
Кеңири алганда, респонденттер быйыл технологиялык платформалар өздөрүнүн ЖИ-агенттерин жакшыртып, өркүндөтүп кеңири таркатышат, алардын көбүндө жакшыртылган диалог интерфейстери болот деп күтүшөт. OpenAIдин ChatGPT’синде азыр кеңейтилген үн функциялары бар, ал эми Siri жана Alexa улам жаңыртылып турушат. Болжол менен бештен бир бөлүгү (20%) бул интерфейстер «кийинки чоң нерсе» болот деп ишенет, ал эми жарымы (51%) «жай күйүү» эффектисин көбүрөөк күтөт.
Блогерлер менен атаандашуу: Басылмалар инфлюенсерлерге (таасир этүүчүлөргө) жана санариптик контентти жаратуучуларга көңүл буруу тенденциясы журналистика үчүн жакшыбы же жаманбы деген суроо коюп келишет. Болжол менен төрттөн бир бөлүгү (27%) терс пикирде, алар салттуу жаңылык репортаждары эч кимге кызыктуу болбой калышы мүмкүн деп чочулашат, бирок башкалар (28%) башка маанайда болуп, редакциялар алардан (инфлюенсерлер менен блогерлерден, кот. түш.) креативдүү сторителлинг, коомчулукту түзүү сыяктуу көп нерселерди үйрөнө алат деп ишенишет.
Ушундан улам, кээ бир басылмалардын жетекчилери өзүлөрүнүн мыкты журналисттеринен кол жууп калабызбы деп кооптонушат, анткени медианын экосистемасы көп учурда өзгөчө инсандардын (журналисттердин) айланасында курулат. Бирок жаңы продуктыларды иштеп чыгуу болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турган учурда продуктылар жана дизайн (38%), маалыматтар топтому илими (52%) жана инженерия (55%) тармагындагы таланттарды тартуу жана сактап калуу көбүрөөк тынчсызданууну жаратат.
Жыйынтык: Медиа тармагынын келечеги бүдөмүк. Бир жагынан, жасалма интеллект жана саясий туруксуздук сыяктуу жаңы чакырыктар бар. Башка жагынан, өсүү үчүн да мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыскартып айтканда: Медиакомпаниалардын жетекчилери мындан ары эмне болорун билишпейт. Алар жакшы жактарын да, терс жактарын да көрүп турушат. Негизги көйгөйлөр – саясатчылардын кысымы, жасалма интеллекттин өнүгүшү жана коомдук тармактардан трафиктин азайышы. Ошол эле учурда алардын көбү бизнестин өсүшүн жана аудиториянын ишенимдүү ЖМКларга кайтып келишин күтүшөт.
2025-жылы көп колдонулушу мүмкүн болгон сөздөр жана сөз айкаштары…
ЖИ жуундусу (AI slop)
[/ai slɔp /’] зат атооч:
Кээде жөн эле жуунду. Генеративдик жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен жаратылган төмөн сапаттагы медиа файлдар, анын ичинде тексттик жана графикалык материалдар. Журналистиканын баалуулуктарына салыштырмалуу жуундунун коркунучу жөнүндө эскерткен гезит макалаларынын аталышында кеңири колдонулат.
Agentic (Агенттик)
[/əˈd͡ʒɛn.tɪk/] сын атооч:
Өзүнүн атынан же башка бирөөнүн атынан эркин эркти билдирүүгө жөндөмдүү. Бул жылы ал биздин муктаждыктарыбызды алдын ала аныктап көзөмөлдү жүзөгө ашырган Gen AI агенттеринин контекстинде көбүрөөк колдонулат.
Brain Rot (Мээнин чириши)
[/ˈbrein rɔt /] зат атооч:
Жеңилдетилген же татаал эмес деп эсептелген материалдарды (айрыкча Интернеттен) ашыкча керектөөнүн натыйжасында адамдын психикалык же интеллектуалдык абалынын болжолдуу начарлашы. Оксфорд Юниверсити Пресс аны 2024-жылдын сөзү деп тааныган.
Influencer (Инфлюэнсер)
[/influɛncɛr’] зат атооч:
Коомдук тармактарда кызыктуу контент жаратуу аркылуу онлайн аудиториясынын керектөөсүнө, жашоо образына же саясий көз караштарына таасир эте алган адам. Көбүнчө жаңылыктардын контекстинде журналисттер тарабынан кемсинтүү максатында колдонулат.