2025-жылдагы Иликтөөчү журналисттердин дүйнөлүк конференциясы (GIJC) Малайзияда өтөт. GIJC25 демөөрчүлөрдүн жана өнөктөрдүн жардамы менен Глобалдык Түштүктөн жана тарыхый жактан азыраак өкүлчүлүктүү топтордон журналисттерге бул дүйнөлүк чоң конференцияга катышуу үчүн стипендияларды сунуштайт.
Конференцияда адистердин катышуусундагы 150дөн ашык панелдик талкуу, семинар өткөрүлүп, тыгыз байланыштарды түзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
GIJC25 демөөрчүлөрдүн жана өнөктөрдүн жардамы менен Глобалдык Түштүктөн жана тарыхый жактан азыраак өкүлчүлүктүү топтордон журналисттерге бул дүйнөлүк чоң конференцияга катышуу үчүн стипендияларды сунуштайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн конференциянын сайтына кириңиз.
Атаандаштык чоң, ошондуктан уюштуруучуларды GIJC25 сунуштаган окууну натыйжалуу колдоно турганыңызга ишендиришиңиз керек.
Катышуунун шарттары:
• Басма, онлайн, теле, радио, даректүү жана мультимедиалык медиалардын учурда иштеп жаткан журналисти болуу керек;
• Өнүгүп жаткан же өткөөл өлкөдө (тизмекти караңыз) иш алып барышы керек;
• Журналисттик иликтөөлөрдө же дата журналистикада тажрыйбанын болушу артыкчылык берет;
• Глобалдык Түштүктөн жана тарыхый жактан азыраак өкүлчүлүктүү топтордон журналисттерге артыкчылык берилет;
• Эгер конференцияга катышуу үчүн чыгымдарды жаба албасаңыз жана сиздин өлкөңүз бул тизмекке кирбесе билдирме берип, форманын аягындагы «Кошумча маалыматтар» деген бөлүктө кошумча маалыматтарды бериңиз.
Стипендия алуучуларга талаптар:
• Стипендия алгандар конференциядан кийин #GIJC25 иш-чарасына түздөн түз тиешеси бар материалды даярдашы керек же алган билимдери тууралуу кесиптештерине презентация уюштурушу керек.
• Кененирээк нускаманы жана мисалдарды бул жерден тапса болот.
• Бардык панелдер жана семинарлар англис тилинде өтө тургандыктан англис тилин мыкты билүү керек.
• Сураныч, стипендия алууга билдирмени англис тилинде бериңиз.
GIJC25 толук стипендиясы төмөнкүлөрдү караштырат:
• Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга учуп барып келүүгө авиабилетти;
• Төрт түн мейманканада жайгашууну;
• Куала-Лумпурдун эл аралык аэропортунан конференция өтүүчү мейманканага чейинки транспортту;
• 20-ноябрдагы Кечки коктейлди;
• Конференция өткөн күндөрдөгү (21-24-ноябрь) эртең мененки тамактарды;
• Конференция толук өткөн күндөрдөгү (21-23-ноябрь) түшкү тамактарды;
• Сыйлык тапшыруу күнү 23-ноябрдагы кечки тамакты;
• Конференциянын каттоо акысын;
Стипендия программабызга мүмкүн болушунча көп каражат алууга умтулабыз. GIJN салттуу стипендиялардын сырткары айрым талапкерлерге жарым-жартылай стипендияларды сунуштай алат. Билдирмени толтуруп жатканыңызда жарым-жартылай стипендия алгыңыз келеби деген суроо берилет.
ЭСКЕРТҮҮ: Стипендия күнүмдүк чыгымдарды, виза жыйымдарын же өлкөңүздүн аэропортуна барып-келгенге транспорт чыгымдарын жаппайт. Бул билим берүүчү конференция, ошондуктан аталган чыгымдарды стипендиат өзү жабышы керек болот.
БИЛДИРМЕНИ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 31-январы. Колдоого алына турган талапкерлердин электрондук почтасына 2025-жылдын 15-апрелине чейин билдирүү жиберилет.
Стипендия алуу үчүн билдирмени толтуруш үчүн төмөндөгү баскычты басыңыз:
Билдирмелердин көптүгүнөн ар бириңизге билдирмеңиздин статусу тууралуу маалымат бере албайбыз. Сураныч, тандоо шарттары, билдирменин талаптары жана формасы менен жакшылап таанышып чыгыңыз. Эгер суроолоруңузга жооп таба албасаңыз, [email protected] дареги боюнча кат жазсаңыз болот.