Кыргызстандагы Интерньюс жеке менчик ЖМКларды, онлайн-редакцияларды жана жаңы медиаларды колдоо боюнча институционалдык гранттарга өтүнмөлөрдү кабыл алат.
Сынактын жеңүүчүлөрү “Медиа-К” долбоорунун 2025-жылдагы негизги өнөктөштөрү болуп, медианын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, контентинин сапатын жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн ар тараптуу жардам ала алышат.
Өтүнмөнү 2024-жылдын 28-ноябры Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө чейин толтуруп жиберүү керек.
КРдеги Интерньюс сынакка катышкандардын муктаждыктарына жараша “Медиа-К” долбоорунун алкагында мурда туруктуу иштеп келген медиалар менен кошо стартап-долбоорлорду төмөнкү багыттар боюнча колдоого алалат:
- Уюмга комплекстүү (укуктук, каржылык, уюштуруучулук жана натыйжалуу бизнес-процесстерге багытталгандык) баа берүү;
- стратегиялык планды иштеп чыгуу;
- контенттин сапатын жакшыртууга көмөктөшүү, анын ичинде форматтардын ар түрдүүлүгү жана ачык маалыматтарды колдонуу аркылуу;
- медиа өнүмдөрдөн жана/же медиадан киреше табуу боюнча сунуштар;
- аудиториянын изилденишин/метрикасын түшүнүү;
- техникалык жабдыктарды жаңыртуу.
Негизги өнөктөштөр төмөнкү талаптардын негизинде тандап алынат:
— стратегиялык өнүгүүнүн бир жылдык кыскача планын сунуштоо, анда “Медиа-К” долбоору тараптан күтүлгөн колдоо көрсөтүлүшү керек;
— кесиптик стандарттарды, журналисттик этиканы жана сапаттуу контентти өндүрүүнү сактоого ынтызарлыгын көрсөтүү (тиешелүү материалдарды мисал катары тиркөө аркылуу);
— өнүктүрүү планын натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү кесипкөй команда. Стартап долбоор үчүн – лидердин далилденген ийгиликтүү тажрыйбасы;
— техникалык, каржылык, башкаруу потенциалы: медиа уюмдар өздөрүнүн каржылык туруктуулугун көрсөтүшү керек – аны үчүн гранттын суммасынын 25%ына барабар каржыны өз салымы катары кошууга даяр болушу зарыл. Бул критерий стартап долбоорлорго тиешелүү эмес.
Гранттын суммасы – стартап долбоорлор үчүн 25 000 АКШ доллларына чейин, туруктуу иш алып барган медиалар үчүн 50 000 АКШ доллларына чейин.
Гранттын колдоого алына турган акыркы суммасы өтүнмөнү жана анда көрсөтүлгөн медианын институционалдык өнүгүүсүнө жардам бере турган муктаждыктарды баалоо жолу менен аныкталат.
Институционалдык колдоо алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер кайрыла алышат.
Долбоор тууралуу
«Медиа-К» долбоорунун биринчи фазасынын алкагында биз негизги өнөктөштөргө: онлайн редакцияларга, телерадиокомпанияларга институционалдык колдоо көрсөттүк. Редакциялар сынактын негизинде тандалып, алардын катарына Kloop.kg, Kaktus.media, 24.kg, Elgezit.kg, Economist.kg, НТС, TV1.kg, УТРК “Баластан”, “Ынтымак”, “Любимый” , Govori.TV, Salam.media, Марал FM, Жамааттык медиалардын ассоциациясы (Kyrgyzmedia.kg) сыяктуу медиалар кирген.
Негизги өнөктөштөр контент өндүрүүгө жана бизнес-прцесстерди жакшыртууга, контентти өзгөртүп жакшыртуу үчүн аудиториянын изилдөө маалыматтарын колдонууга каржылык колдоо алышкан. Көбү каржылык туруктуулукка жана медианын көз карандысыздыгына жетүү үчүн кирешени көбөйтүү стратегияларын иштеп чыга алышты.
“Медиа-К” долбоору тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтеме боюнча тапса болот.
Сынакка катышуу жана өтүнмөнү толтуруу боюнча суроолор менен КРдеги Интерньюстун грант-менежери Нарынбек Сариевге [email protected] почтасы аркылуу кайрылыңыздар.
Өтүнмөнү 2024-жылдын 28-ноябры Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө чейн толтурса болот.
Өтүнмө бергиси келгендер үчүн маалыматтык жолугушуу 2024-жылдын 19-ноябрында 11:30да онлайн-форматта төмөнкү шилтеме боюнча өтөт:
Join Zoom Meeting
https://internews.zoom.us/j/82876842278?pwd=B93Sz5Ek1RVFcAzjTCDXtQq2RuPRqv.1Meeting ID: 828 7684 2278
Passcode: 220031
Бул колдоо “Медиа-К” долбоорунун алкагында жана АКШ нын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу америка элинин жардамы аркасында көрсөтүлөт.
Бул сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган.