Кыргызстандагы Интерньюс 2022-жылы «Медиасын өнөрканасы» аталышындагы жаңы долбоорду ишке ашыра баштаган.
Бул долбоор журналистиканын сапаттык өнүгүүсүн талдоо, баалоо жана болжолдоо максатын, б.а. кесиптик өсүшкө жана технологиялык өнүгүүгө жетишүүнү, корпоративдик жоопкерчиликти жана тилектештикти күчөтүүнү, этикалык нормаларды сактоону, коомдук маалымат үчүн көз карандысыз институттун принциптерин сактоону, ЖМКга мүнөздүү башка социалдык функцияларды аткарууну, журналисттердин чыгармачылык жөндөмүнө дем берүүнү ж.б.д.у.с. көздөйт.
Сынактын негизиндеги тандоодон өтүп, тренингде жана андан кийинки ментордук программада өзүн көрсөтө алгандар Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынчылар тобуна чакыруу алышат. Алар фрилансер катары гонорарга медиасын жанрындагы контентти даярдап турушат.