Кыргызстанда медиа сынды өнүктүрүү программасынын катышуучусу Мирлан Кадыровдун аймактардагы жарандык журналистика тууралуу макаласын сунуштайбыз.
Учурда коомчулукта кесипкөй журналистиканы жарандык журналистика алмаштыра алабы деген суроо да кызуу талкууда. Фейсбук, Ютуб, Инстаграм сыяктуу социалдык платформаларда блогерлер көбөйдү. Бирок журналистиканын стандарттарын эске алганда алардын ишине ичи чыкпагандар да арбын. Биз блогерлердин ишин жана түйшүгүн Нарын облусунун мисалында талкууга алдык.
Нарындык блогер Эркежан Исакова акыркы беш жылдан бери өзү жашаган аймактагы көрүнүштөрдү видеого тартып, фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыялап келет. Кээде чуулуу иштерге аралашып, өз алдынча териштирип жибермейи да бар. Мындай иштер айрым учурда ал күтпөгөн окуялар менен коштолот.
Маселен, мындан үч жыл мурда Исакованын үйүнө белгисиз адамдар табышмактуу куту жиберишкен. Ичинде кадимки иттин башы, тили кесилип жаткан абалда болгон. Исакова бул көрүнүштү өзүнүн блогердик ишине байланыштырат:
– Мен Ат-Башы районундагы мамлекеттик мекемелердин туура эмес иштерин видеого тартып, соцтармактар аркылуу элге жарыялап турам. Мисал катары ошонун бирин гана айтсам: Ат-Башы айылына бала бакча курулмак болуп, мамлекеттик бюджеттен бир нече миллион сом бөлүнгөн. Бирок ал акчанын дайыны чыкпай, бала бакча жарым жартылай салынган бойдон токтоп калды. Мен бул маселени байма-бай көтөрүп жаттым. Акырында бул ишке тиешеси бар мамлекеттик кызматкер камалып, жоопко тартылган.
Мындай иштерим кээ бирөөлөргө жакпай калган окшойт. Бир күнү эле үйгө бирөөлөр куту жиберишкен экен. Ичинде иттин башы кесилип, тили жулунган абалда жаткан экен. Алгач көргөндө арданып, өзүмчө туталандым. Андан “оозуңду жаппасаң, ушинтип тилиңди кесип коебуз” дегендей маанини түшүндүм. Албетте бул көрүнүш менин ишмердүүлүгүмө таасир бере албайт, бирок ошол учурда мен коомчулуктан колдоо күттүм эле.
Исакова бул окуядан кийин райондук милицияга арыз жазган. Учурунда кылмыш иши козголгону менен арадан үч жыл өтсө да ал кутунун ээси табыла элек. Исакова блогер болуу түйшүгү менен бөлүштү:
– Мен буга чейин райондук гезиттин кабарчысы болуп иштегем. Кийин жарандык активизмге ыктап, гезиттен кеттим. Бирок калыптанып калган журналисттик көз карашым менен райондогу коомдук көйгөйлөрдү ачык айтып чыгып, анын чечилишин тиешелүү мекемелерден талап кылууга өттүм. Албетте, бул ишти соцтармактагы баракчам аркылуу элге жарыялап жаттым. Блогер болоюн деп деле оюм жок болчу. Бирок кыйынчылык болуп калганда коомчулук, дос-тааныштарың, керек болсо мыйзам дагы мен тарапта болбогонуна капа болдум.
Эркежанга окшоп, жарандык журналистиканы тандап, блогер болгондор Нарында анчейин көп эмес. Алардын бири Нарын шаарынын 27 жаштагы тургуну Асылбек Орозбаев. Ал жеке ишкерчилик менен алектенет.
– Нарын шаарындагы чечилбеген көйгөйлөрдү көрүп, жөн отура алган жокмун. Алардын бирин мисал катары айтсам, шаардагы таза суу менен акыр-чикир агып өтчү түтүктөрдү алмаштыруу үчүн мэрия эл аралык уюмдардын биринен 10 миллион евро грант алган. Бирок ал иш жакшы жасалбай, түтүктөр улам жарыла берди. Бул шаардыктарды убайымга салды. Ушул маселени көтөрүп, грантты ишке ашырган компаниянын ишин Фейсбуктагы баракчам аркылуу түз эфирде чагылдырып турдум. Мындан башка да көтөргөн маселем толтура, – деди ал.
Орозбаев блогерчилик менен жашоосуна акча таппастыгын белгилейт. Ал социалдык тармактагы баракчасын активдүү иштетип, жарнама менен каражат чогулткан блогерлердин катарына кирбейт.
Бирок ошол эле блогерлер коркутууга, басымга кабылып жатканы жашыруун эмес.
Июль айынын башында белгилүү блогер Улукбек Карыбек уулу Ютуб каналга “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген видео жарыяланган. Бул окуядан кийин Ички иштер министрлиги Бишкектин Биринчи Май районунда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына кирип барып, коомдук тартипти бузган адам тууралуу маалымат түшкөнүн, ага карата “милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендик” деген негизде протокол түзүлгөнүн маалымдаган.
7-июлда Ош шаардык милициясы төрөт үйүнүн дарыгерлеринен бирөөлөр арткы эшикти бузуп кирип, уруксатсыз видеого тартып, догдурлардын жумушуна тоскоолдук кылып жатканы, дээрлик 37 миң сомдук чыгым келтирилгени тууралуу маалымат түшкөнүн, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышканын билдирген. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон.
Ош шаардык соту Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, тергөөчүнүн аны эки айга камоо тууралуу өтүнүчүн четке каккан жана блогерди эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каты менен бошоткон.
Prevention media платформасынын негиздөөчүсү Алмаз Исман:
– Кыргызстанда блогерлер бар, бирок жарандык журналистика өтө чабал. Жарандык журналисттер эрежелерди эске алып, баланс, тараптардын пикирлери менен эмгегин элге алып чыгат. Ал эми блогерлер смартфонун көтөрүп алып эле кайсы чыр-чатак болуп жаткан жерге барып, түз эфирде бир тараптуу кылып көрсөтүп коюшат. Азыр блогерге элдин пикири жакшы эмес. Мен аларды жарандык журналист дегенден алысмын.
Интернеттин мүмкүнчүлүгүн азыр баары пайдаланып жатат. Салттуу журналистиканын өкүлдөрү жараткан контенттерге караганда социалдык тармактардагы блогерлердин маалыматтары коомдук пикир түзүүдө таасири күч болуп турган учуру. Деген менен адистер салттуу журналистиканын айдыңын жарандык журналистика ээлеп жатканын, бирок анын абалы өтө чабал экенин белгилешет. Буга көңүл буруп, журналистиканын эрежелерин сактоого ашыккан блогерлер азырынча топтон суурулуп чыгууга ашыга элек.
Мирлан Кадыров