Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө, жергиликтүү журналисттердин тилектештигин бекемдөө үчүн иш-чараларды өткөрүүгө жана алардын кесиптик жактан өсүүсүнө колдоо көрсөтүүнү улантып келет.
2023-жылдын башында сынактын негизинде ар бир аймактан 7 лидер-журналист тандап алынган. Алар жергиликтүү ЖМКлардын жаш журналисттеринин катышуусунда тегерек столдорду уюштуруп, анда аймактык журналисттердин көйгөйлөрүн жана жергиликтүү калемгерлердин тилектештигин арттыруу жолдорун талкуулап келишет.
Лидерлер иш-чараларды жергиликтүү журналисттер менен чогуу талкуулап өткөрүшөт. Аймактык лидер уюштуруучу катары кесиптештерин билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө чакырып турат.
Программанын алкагында лидерлер ай сайын ар бир облуста жергиликтүү журналисттердин демилгеси менен ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт.
2024-жылдын апрель айында бардык аймактарда бир катар иш-чаралар өттү.
Мисалы, аймактык журналисттердин кесиптик көндүмдөрүн жакшыртуу максатында алыскы Тогуз-Торо айылындагы медиаборбордун кызматкерлери үчүн онлайн-семинар өткөрүлдү. Каналына 130 миң адам жазылган белгилүү ютубер Элдор Далиев Ютубга видеоконтентти жайгаштыруу кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын айтып берди.
Албина Бейшеналиева: Иш чара кызыктуу болду. Ютубдан акча табуу боюнча пайдалуу маалымат алдым. Ютубду адамдар менен бөлүшүүнү, окурмандарга суроо таштаганды билдим.
Бурулкан Кадырбекова: Элдор Далиевдин кантип ютуб каналды иштетиш керек, ютуб үчүн кандай контент жасаш керек, тэгди, түшүндүрмөнү кандай жазыш керек, комментарийге ошол чыгарган видео боюнча ой бөлүшүп коюңуздар деп жазыш керек экенин, андан кийин да видеону кантип жайгаштырыш керек экенин айтып берди. Эгер сүрөттөрдү интернеттен алсаң аны да белгилеп коюш керек экенин билдик.
Анара Мааметова: Ютубдун биз билбеген көптөгөн сырларын билдик. Ютубга көп комментарий калтырса, рекомендацияга тез чыгат. Лайк басса, алдыга чыгуусуна чоң салым кошот. Видеону толук көрсө андан да жакшы экенин билдим.
Нарында апрелдин аягында Нарын облусунун журналисттери менен Борбор Азия университетиндеги (БАУ) журналистика факультетинин студенттеринин жолугушуусу болду. Анын катышуучулары учурдагы медиалардын маселелерин жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле аймактык журналисттердин ынтымагы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.
Аймактык журналисттер журналистиканын маселелерин эл аралык деңгээлден караган БАУнун студенттери менен жолугушуусу өтө пайдалуу болгонун айтышты.
Жолугушууга 8 студент катышты, алардын алтоосу Тажикстандан болгон.
Тажикстандык студенттер өз мекениндеги сөз эркиндигине байланыштуу көйгөйлөрдү айтып беришип, Тажикстан Республикасынын журналисттери көбүнчө климаттын өзгөрүшү тууралуу жазганга ыкташаарын жана чечим чыгаруучу журналистика жанрына басым кыла тургандарын айтып беришти. Ошондой эле алар мультимедиалык жанрларды жана сторителлингди өздөштүргөнгө умтулушат.
Студенттер жергиликтүү ЖМКлар жана журналисттер менен кызматташууга кызыкдар экенин жана ал үчүн колдоого муктаж экенин билдиришти.
Нарындагы УТРКнын өкүлү студенттерге мындай мумкүнчүлүктү бергенге даяр экенин айтты.
Нарындагы журналисттердин лидери Мирлан Кадыров маалыматты чогултууга жана аны иштетүүгө жардамчы катары студенттерди практикага алганы даяр экенин белгиледи.
Жолугушууга жергиликтүү медиа өкүлдөр катары УТРКнын Нарындагы төрт кызматкери, Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы жана үч көз карандысыз журналист катышты.
Жалал-Абад шаарында 7-майда К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетте Жалал-Абад облусунун журналисттери менен студенттердин жолугушуусу өттү.
Жолугушуу медиасабаттуулукту жайылтуу маселесине арналган болчу. Спикерлер катары медиаэксперт Жалил Сапаров, “Акыйкат” гезитинин башкы редактору Байгазы Раимкулов, “УТРК-Жалал-Абад” телеканалынын директорунун орун басары Диана Раимжанова, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Талгат Бакиев, АКИpress маалымат агенттигинин кабарчысы Эмир Сариев сөз сүйлөштү.
Жолугушууга катышкан 50 студентке медиасабаттуулук, фактыны пикирден айырмалоо, фейктерди аныктоо жолдору тууралуу айтып беришти. Ошондой эле троллдор фабрикасынын иш алып баруусу ж.б. жөнүндө сөз болду.
Студенттер адамды каралаган маалымат таратылган учурда, троллодор фабрикасы чабуул кылганда эмне кылуу керек деген суроолорду берип жооп ала алышты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
3-май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Ошто жана Караколдо жергиликтүү лидерлердин демилгелери менен журналисттердин катышуусунда ишембиликтер уюштурулду.
Ош облусундагы жети редакциянын журналисттери, көз карандысыз журналисттер жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын эки кызматкери Ош шаарындагы Журналисттер аллеясында тилектештикти арттыруу максатында ишембилик өткөрүштү.
Акция убагында көз карандысыз медиалардын өкүлдөрү үчүн учурдагы катаал заманда журналисттер биримдикте болуп, бири бирине колдоо көрсөтүп туруусу өтө маанилүү экени белгиленди.
Абдумалик Базарбаев, УТРКда диктор жана «Ош» аэропортунун басма сөз катчысы: “Пресс-кызматта иштеп баштагандан тарта журналисттердин биримдигин, ынтымагын дагы да жакшы байкадым. Маалыматты таратууда, тактап берүүдө кызматташуубуз жакшы эле экен. Пресс-тур өткөрдүм эле, кесиптештер келип, чагылдырышты. Мурда аэропортто пресс-кызмат болбогон үчүн журналисттер маалымат алууда кыйналышчу эле. Балким ЖМКда иштегендер пресс-кызматка барса, байланыш жакшыраак болот окшойт”.
2-майда Ысык-Көл облусунун 12 журналисти Каракол шаарыныны борборундагы Журналисттер аллеясында ишембилик өткөрүштү.
Бир нече жыл мурун жергиликтүү журналисттер шаардын борборунан аллея үчүн жердин бөлүнүп берилишине жетишип, ал жакка көчөттөрдү отургузуп, отургучтарды орнотушкан. Бул күнү журналисттер аллеяны тазалап, сырдап, 400 гүл отургузушту. Быйыл журналисттер «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы менен аллеядагы гүлдөргө жана бак-дарактарга кам көрүү жөнүндө келишиге жетише алышты.