Дүйнөлүк жаңылыктар башкача көз карашты калыптандырат
Кыргызстанда өз ишин мыкты билген журналисттер бар. Бирок, тил билбегендик бир аз артка тартып коюп жатат. Тил билүү — азыркы замандын талабы экендигин түшүнүшүбүз керек.
Ныяз Ташматов учурда БИ-БИ-СИнин Лондондогу кабарчысы. Жыл сайын улантып туруу келишими менен 2018-жылы аталган эл аралык медиага жумушка орношкон. ОшМУнун чет тилдер факультетин аяктаган Ташматов ага чейин 8 жылдай «ЭлФМ», «ЭлТР» жана «Ош-Пирим» телеканалдарында диктор, кабарчы, редактор болуп иштеген.
-Бир күнү Фейсбуктан БИ-БИ-СИ Кыргыз кызматында жумуш орду бар экени тууралуу жарнаманы көрүп, ал жердеги критерийлерге дал келээримди түшүнүп, тапшырып көрдүм. Тандоо 3 тур менен өттү. Англис тилин билгеним мага колума кол, бутума бут болду. Анткени сынактын бүт баары англис тилинде өттү. Котормо тапшырмасы, маектешүү да англис тилинде болду. 3 макала берип, ошону окуп, өзүңдүн жаңылыгыңды жаз деген тапшырма бар эле.
Ошентип, БИ-БИ-СИ Кыргыз кызматы сынакка катышкан жалпы 42 катышуучунун арасынан Ныяз Ташматовго жумуш сунуштаган. Ал азыр үй-бүлөсү менен Лондондо жашайт. Жумуш берүүчүлөр бүт шартты түзүп берген.
-Дүйнөдө кандай гана маалымат болбосун биринчи чет тилде чыгат. Биз бүгүн дүйнөнү алаканга салгандай эле заманда жашап жатабыз. Кыргызстанда деңгээл төмөн же жаман дебейм. Болгону дүйнөлүк масштабга чыкканда Кыргызстан бир чекиттей эле болуп калат. Дүйнөлүк жаңылыктарды убагында окуп, анализдеп, алардын Борбор Азияга тийгизип жаткан оң-терс таасирлерин талкуулап туруу башкача көз карашты калыптандырат экен.
Тил билүүгө салган бир сомуң, кийин он сом болуп кайтып келиши мүмкүн
Англис тилин билгендер үчүн эл аралык уюмдарда узак убакыттуу стажировкалар, кыска убакыттуу окутуулар, эл аралык сынактар көп.
Маселен 400дөн ашуун катталуучусу бар Кыргызстандагы «Медиа kg» Телеграм-тобунда айына 100дөн ашыкар түрдүү сынактардын, долбоорлордун, окутуулардын жарнамалары жарыяланып турат. Алардын өтө аз гана бөлүгү кыргыз тилинде болбосо, 70-80 пайызы журналисттерден англис тилин мыкты билүүнү, жок эле дегенде жакшы түшүнүүнү талап кылат
Медиа тармагында 27 жылдан бери иштеп келе жаткан журналист Марат Токоев 10 жыл “Журналисттер” коомдук бирикмесин жетектеген. Ал аз гана кыргызстандык журналисттер чет элге чыгып, тажрыйба алмашып же билимин тереңдетип келип жатканын айтты.
-Чет мамлекетте журналистика боюнча окутуулардын көбү англис тилинде уюштурулат. Мен бөлүшүп жаткан материалдар канчалык деңгээлде пайдалуу болуп жатат, билбейм. Кээде гана балдар пайдалуу маалымат үчүн рахмат айтып калышат. Бирок мен өзүмөн билем, айрым долбоорлордун бардык шарттарына туура келип, бир гана англис тилин жакшы билбегендиктен көп жакшы мүмкүнчүлүктөрдөн кур калган учурлар болгон. Мына азыр эми англис тилин үйрөнүп жатам. Тил билгендер үчүн магистратураны Европада бүтүрүү, узак мөөнөттүү стажировкаларга баруу, изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөр көп.
Медиатренер Марат Токоев биздеги кесипкөй адистер чет элден окуп, тажрыйба алмашып келсе, ал билимдер Кыргызстанда колдонулуп бул тармакты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөк дейт.
-Негизи, учурда кыргыз тилиндеги макала үчүн гонорар төлөгөн медиалар аз. Орус тилин биле турган болсоң, анда сөзсүз мындай медиалардын саны бир аз көбөйөт. Ошол эле кезде Кыргызстанга кызыккан чет элдик медиалар да бар. Алар Кыргызстандан кызматташканга авторлорду издешет. Англис тилин билсең, аларга каякта иштейсиң, каякта жашайсың айырмасы жок, бир гана кызыктуу материал даярдап бере алсаң болду. Канчалык көп тил билсең, ошончолук дүйнө таанымың да, каражат табуу мүмкүнчүлүгүң да кеңейет. Тил билүүгө салган бир сомуң, кийин он сом болуп кайрылып келиши мүмкүн.
Өлкөбүздөгү Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Түрк “Манас”университети, “Ала-Тоо” Эл аралык университети сыяктуу айрым эл аралык окуу жайларда гана англис тилине басым жасалбаса, калган жогорку окуу жайлар кыргыз, орус тилдеринде билим беришет. Ошондуктан журналисттердин көбү кыргыз тилдүү аудиториядан алыс чыга албай калып жатат.
Бул боштукту толтуруу максатында Бишкекте акыркы эки жылдан бери “Борбор Азия медиа фонду” тарабынан журналисттердин англис тилинде сүйлөшүү клубу уюштурулган. Жалпы жонунан 20дай журналист жумасына бир ирет жолугуп, англис тилинде түрдүү багытта маалымат алып, маектешип турушат. Фонддун жетекчиси, журналист Ибраим Нуракун уулу негизги максат – журналисттердин англис тилин өздөштүрүүсүн жакшыртуу экенин айтат.
-Эки жыл мурда киргендер деле окуп атат, ортодо кетип калгандар бар, жаңы кошулуп жаткандар бар. Ишибиз эркин формада. Баары акысыз. Биздеги журналисттердин көбү башталгыч деңгээлде англис тилин билгендер. Клуб аркылуу англис тилин жакшы өздөштүрүүсүнө көмөктөшүп жатабыз. Бизде жүрүп башка өлкөлөргө иштеп кеткендер, түрдүү долбоорлор менен чет өлкөгө барып келгендер болду. Журналистиканын натурасы ушундай, журналист өзү окуп үйрөнүшү керек. Аймактарда деле англис тилин жакшы билген жаштар аябай эле көп. Бул жерде негизгиси – жөн гана уюштуруу иши. Ошолор өздөрү эле бир жерге чогулуп, же онлайн деле сүйлөшө беришсе болот.
Мамлекеттин чет элде таанылышына чоң шарт түзөт
Стратегиялык коммуникациялар жана медианы өнүктүрүү жаатында 20 жылдык тажрыйбасы бар медиасынчы Тынымгүл Эшиева журналисттер коомчулугунда англис тилин үйрөнүү зарыл деген түшүнүк болгону менен чет тилди билүү деңгээли төмөн деген пикирде. Ал онлайн окутуулар, курстар, чет элдиктер менен маектешүү, электрондук котормолор болобу, кандай гана ыкма болбосун, тилди үйрөнүүгө умтулуу керек дейт. Анткени анын өлкөнү чет элге таанытууда да орду чоң.
-Билишимче, Савия Хасанова менен Анна Капушенко жасаган фемицид боюнча дата-материал чоң эл аралык сынакта жакшы орунду ээлеген. Анткени материал англис тилине которулган болчу. Аны менен бир катар англис тилине которулган материалдар да эл аралык сыйлыктарга татыган. Бизде өз ишин мыкты аткарган журналисттер, жогорку сапатта жасалган материалдар бар. Болгону ал эл аралык аудиторияга чыкпай калып жатат. Өлкөдө кандайдыр бир чоң глобалдык иш-чаралар өтүп жатканда биздин журналисттер аны башка тилдерде чагылдырып берсе, биздин мамлекеттин чет элде таанылышына да чоң шарт түзүлөт.
Медиасынчы Тынымгүл Эшиева кече жакында эле өзүнүн автордук “Медиакыздар” подкастында Кыргызстандын эле эмес, Борбордук Азиянын дүйнөгө таанылышына зор салымын кошуп жаткан Бактыгүл Чыныбаева менен маектешкен. Ички сынакта 60тай адамдан оозуп чыгып, учурда Эркин Европа (“Азаттык”) радиосунун Прагадагы кеңсесинде иштеп жаткан журналист, бул маектешүүдө көп тил билүүнүн маанилүүлүгүн жана эл аралык журналистиканын абалын жакшы ачып берген.
-Биз мурдагыдай эле макаланын структурасына көңүл бура бербей, тармактык журналистиканын артыкчылыктарын түшүнсөк эл аралык деңгээлге чыккан журналисттерибиз көп болмок. Ден-соолук темасы боюнча журналисттер арасында өтө сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок Кыргызстандан эч ким жок. Экология боюнча деле. 3 жыл мурда БУУнун климат боюнча эл аралык конференциясына бардым. Борбор Азиядан бир дагы журналист жок. Башка өнүккөн өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз Борбор Азиядан журналисттерди издешет. Борбор Азиядагы журналисттин пикирин сурайлычы деп издешсе, эч ким жок.
Чындыгында, Кыргызстандын чет элде таанылышына да журналисттердин көп тилди билүүсү маанилүү. Муну биз акыркы кыргыз-тажик окуяларында жакшы түшүндүк. Өлкөдөгү айрым медиалардын жаңылыктарды англис тилине которуп, тынымсыз дүйнө коомчулугуна жарыялап турушу, Кыргызстанды «баскынчы» деген жаман сыпаттан сактап калды окшойт.
-Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп турганда тажик тарап өздөрүнүн кылмыштарынын барын, өздөрү айтып беришкен. “Мына бул айылга кирип атабыз, мына муну өрттөп атабыз, мына курал алып жатабыз” деп өздөрүн видеого тартышкан. Менин фарси тилин билгендигим өз убагында маалыматты тактап, фактчек кылганга аябай жардам берди. Бүт фактыларды чогултуп 4-5 иликтөө жасаганбыз. Тилекке каршы, биздин бийлик, эл аралык сот эч кандай аракеттерди кылган жок. Негизи булардын баары сотто колдонулуучу материалдар да.
Мыкты иликтөөлөрү менен коомчулукка таанымал «МедиаХабдын» иликтөөчү журналисти Арген Бактыбек уулу фарси тилин билгендигинин пайдасын кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кандуу окуяларда сездим дейт. Студент кезинде фарси тилин үйрөнгөн жигит, көп жылдар бою бул тилдин жашоосуна пайдасы тийбейт деп жүргөн. Ал журналисттер тил үйрөнүүдө геосаясатты эске алса туура болот дейт.
-Индиалыктар, пакистандыктар менен болгон акыркы ызы-чууда эгерде урду тилин же хинди тилин билген журналист болсо, биз жалган маалыматтардын ушунчалык көп таралып кетишин токтотуп калмакпыз. Хиндиче же урдуча ошол убакта ушундай материалдар аябай керек болуп турган. Тилекке каршы, жалган маалымат тарады, пакистандык хакерлердин бизден өч алабыз деп жеке маалыматтарды таратканын көрдүк. Ошондуктан, бери дегенде биздин регионго тиешелүү тилдерди үйрөнүшүбүз керек.
Көлчүктөн деңизге өткөн балыктай болсок…
Жөнөкөй видеосюжет, макала, фактчек, журналисттик иликтөө жада калса, кайсы бир темада дата-анализ жасоодо тренерлер көп учурда башкалардын материалын карап чыгууну, анализдөөнү сунушташат. Бул журналистке теманы башка өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк берет. Улам жаңы автордун материалы көз карашты кеңейтип, ой-жүгүртүүнү тереңдетет. Тил жагынан алганда кыргыз журналистеринин жоон тобу азыр үлгүнү орус тилиндеги материалдардан гана издейбиз. Албетте, бу да жаман эмес. Кемтигибизди толуктап, материалдарыбызды байытып алган учурлар көп эле. Бирок дүйнө сүйлөп жаткан англис тилин, кытай тилин, араб, фарси тилдерин өздөштүрүп үйрөнүп алсак, кудум көлчүктөн чоң деңизге өтүп кеткен балыктай эле болот элек…
Бул макала USAID тарабынан каржыланган жана Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну автордун же авторлор тобунун өз алдынча чыгармачылыгы болуп, USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн, Интерньюстун же Фридом Хаус уюмунун көз караштарын сөзсүз чагылдырууга тийиштүү эмес.
Автор Кенжебү Маматсадыкова.