Impact Lab чыгармачылык тасмалабораториясы Бишкекте (Кыргызстан) 26-сентябрдан 1-октябрга чейин өтөт.
Ал долбоорлору адам укуктары, айлана-чөйрө, гендердик теңчилик, социалдык конфликттер, адамдын трагедиялары сыяктуу коомдук маанидеги жана учурдагы маанилүү маселелерди чагылдырган продюсерлер менен режиссерлорго эсептелген.
Impact Lab’га катышуу боюнча ачык сынак 5-августка чейин өткөрүлөт.
Өтүнмөлөрдү коомго, айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизүүгө жана көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө каражаттарды тартууга жөндөмдүү көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) продюсерлери жана режиссерлору бере алышат. Алар бир же бир нече кино тасмаларды тарткан жана коомчулук менен иштешүүгө, жаңы импакт-стратегияларды өздөштүрүүгө кызыкдар кесипкөйлөр болушу керек. Биз девелопменттин акыркы этаптарындагы долбоорлорду жана даяр тасмаларды караштырабыз.
Программа Impact Lab өтө турган жерге чейинки жол жана жашоо чыгымдарын жабат. Катышуучуларга жана алардын долбоорлоруна талаптардын бардыгы alternativa.film сайтында жарыяланган.
Лабораторияга тандап алынгандардын ысымдары сентябрдын башында белгилүү болот.
Impact Lab’дын өнөгү — европалык Think–Film Impact Production медиакомпаниясы, ал Alternativa Film Labs’га бул тасмалабораторияны 2003-жылы иш жүзүнө ашыра баштаганга жардам берген. Искусствонун жана социалдык өзгөрүүлөрдүн кесилишинде тажрыйбага ээ болгон Think-Film Impact Production’дун командасы чыгармачыл визуалдык медианы аракетке дем берүү жана таасирге жетүү үчүн курал катары колдонот.
Быйыл компаниянын негиздөөчүсү жана генералдык директору Даниэль Турков, операциялык директору Эми Шепард жана стратегиялык кеңешчиси Клифф Уилсон кайрадан Impact Lab’дын окутуучулары болушат. Булар саясатка таасир эткен жана конкреттүү адамдарга жардам берген адистер, алардын тасмалары «Эмми» жана «Оскар» сыйлыктарына ээ болгон, бирок эң негизгиси – алар чыныгы өзгөрүүгө алып баруучу стратегияларды кантип ойлоп таап, ишке ашырса болоорун жакшы билишет. Алар Impact Lab’дын катышуучулары арасында өз билимдери, тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр.
«Былтыркы Impact Lab биз үчүн да — Alternativa Film Labs’дын уюштуруучулары жана мугалимдери үчүн чоң сабак болду. Ар бир долбоор, лабораториянын ар бир катышуучусу сюжеттердин, маанилердин жана милдеттердин бүтүндөй бир дүйнөсүн ачып берип жатышты. Катышуучулар бизге ишенип, өнөктөрүбүз бизге жардам берип бул долбоорлор Борбор Азиядан сырткары да белгилүү болгонуна биз кубанычтабыз. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнөн жаңы катышуучулар, жаңы окуялар жана чыгармачыл дүйнөлөр менен таанышууну жана ар бирибизге үмүт жана дем бере турган тасмалардын үстүндө маңыздуу иш алып барууну чыдамсыз күтөбүз», – дейт Alternativa Film Labs’дын жетекчиси Анна Гудкова.
Alternativa Film Project — эл аралык коммерциялык эмес долбоор, ал 2023-жылы Борбор Азияда inDrive глобалдык технологиялык компания тарабынан ишке ашырыла баштаган. Долбоор өнүгүп жаткан тасма өндүрүштөрдүн кинематографисттерине колдоо көрсөтүү жана аларды таанытууга жардам берүү үчүн түзүлгөн. Анын негизги максаты – эмгектери дүйнө тууралуу түшүнүгүбүздү кеңейтип, аны жакшыртууга салым кошо алган авторлорду эл аралык аренага алып чыгуу, алардын кесиптик өсүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү жана жергиликтүү тасма өндүрүштөрдүн жана коомчулуктардын өнүгүүсүнө дем берүү.
Alternativa Film Labs — бул кинематографисттер үчүн акысыз билим берүүчү программалар. Анын алкагында программанын катышуучулары үчүн тасма өндүрүү жана социалдык демилгелер боюнча тийиштүү көндүмдөргө жана каражаттарга окутуулар уюштурулат. Бул билимди колдонуп авторлор өзүлөрүнүн долбоорлорун жакшыртып, аудиториясын кеңейтип, мурда билимдин жана каражаттын жетишсиздигинен экранга чыгара албаган окуялары тууралуу айтып бере алышат.
2023-жылы Alternativa Film Labs’дын командасы Борбор Азиянын продюсерлери жана режиссерлору үчүн Алматыда импакт-лабораторияны (Impact Lab), питчинг боюнча онлайн курсту (Pitching Training) жана ошондой эле өспүрүмдөр үчүн Бишкекте тасма өнөрканасын (Teen Lab) уюштурушкан болчу.
Программанын окутуучуларынын жана тьюторлорунун арасында төмөнкү адистер болгон: Маргье де Кениг, Гаагадагы Movies that Matter эл аралык тасма фестивалынын арт-директору; Даниэль Турков, Think-Film Impact Production медиакомпаниясынын негиздөөчүсү; Вим Ванакер, Канн фестивалынын кыска метраждуу тасмалар боюнча тандоо комиссиясынын мүчөсү, питчинг боюнча эксперт.
Alternativa Film Labs 2023түн жеңүүчүлөрү Берлиндеги European Film Market алкагында долбоорлорун көрсөтүүгө жана өнүктүрүүгө барышкан: Даниэль Бергер Fiction Toolbox Programme’нын катышуучусу болду, Бану Рамазанова – Doc Toolbox Programme’нын, Диана Жилкенова менен Эльер Немат European Film Market’ке аккредитация алышты, ал эми Alternativa Impact Lab’дын жеңүүчүсү Ассель Аушакимова Берлиналледеги Talent Project Market’теги питчингде экинчи орунду алды.
2024-жылы Alternativa Film Labs кайрадан Борбор Азияда өтөт жана ал үч тасма лабораториядан турат: Development Lab (июнь-октябрь, Бухара, Алматы жана онлайн), Teen Lab (июнь-сентябрь, Ташкент жана онлайн) жана Impact Lab (сентябрь-октябрь, Бишкек).
Бардык суроолор менен [email protected] почтасы аркылуу Alternativa Film Project’тин коммуникация директору Анна Васильевага кайрылсаңыздар болот.