Alternativa Film Screenings’дин экинчи көрсөтүүсү 20-сентябрдан 25-сентябрга чейин Бишкекте Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт. Буга чейин ушундай көрсөтүү Алматыда болгон.
Alternativa Film Screenings — 2023-жылдагы Alternativa Film Awards премиясына көрсөтүлгөндөрдүн жана анын жеңүүчүлөрүнүн арасында тандалып алынган тасмалардын ачык жана акысыз көрсөтүүлөрү.
Alternativa Film Screenings акысыз, бир гана alternativa.film/film-screenings (бул жерде) сайтында катталуу керек.
Көрсөтүүлөрдүн толук программасын жана тасмалар тууралуу маалыматтарды, талкууларды долбоордун сайтынан тапса болот.
Көрүүчүлөр өткөн жылы премияга азия чөлкөмүнөн катышкан төмөнкү тасмаларды көрө алышат:
«Кыз ала качуу» (Кыргызстан, Spotlight номинациясы боюнча жеңүүчү),
«Бауырына cалу» (Казакстан, Future Voice номинациясы боюнча жеңүүчү),
«Базар күн» (Өзбекстан),
«Балдарсыз айыл» (Иран),
«12 жума» (Филиппин),
«Үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың» (Кыргызстан),
«Сotton 100%» (Узбекистан),
«Кийинки ким?» (Кыргызстан).
Аны менен катар Борбордук Азиянын кыска метраждуу тасмаларынын программасы көрсөтүлөт.
Ошондой эле Alternativa Film Screenings’дин алкагында былтыр Бишкекте өткөн өспүрүмдөрдүн Alternativa Teen Lab кинолабораториясынын катышуучуларынын эмгектери жана Alternativa Film Project долбоорун негиздеген inDrive компаниясы тууралуу Inner Drive даректүү тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.
Alternativa Film Screenings көрүүчүлөрдүн активдүү катышуусун караштырган импакт-көрсөтүүлөр түрүндө уюштурулган. Ар бир көрсөтүү тасмада көтөрүлгөн маанилүү коомдук тема боюнча адистердин катышуусундагы талкуулар менен коштолот. Көрүүчүлөр адистер менен бирдей талкууларга катышып, тажрыйбалары, ойлору менен бөлүшө алышат.
Аудиториянын максаттуу аудиториясы – журналисттер, блогерлер, активисттер, аткаминерлер, ишкерлер, маданий жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү, б.а. коомдук өзгөрүүлөргө активдүү таасир эте алган адамдар.
Талкууларга эксперттер жана модераторлор катары журналисттер, активисттер, ар кайсы тармактагы изилдөөчүлөр жана адистер тартылат. Алардын арасында Кыргызстандын маданияты жана мурасы боюнча активист Эрик Абдыкалыков, ишкер, Ololo компаниялар тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана ишкер-дирижер Данияр Аманалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер Медер Алиев, журналист Назира Айтбекова, креативдүү ишкер Толкун Дайырбеков («Карек балдар киносунун Фонду»), ишкер жана “Жаратман” подкастынын алып баруучусу Урмат Насыкулов, укук коргоочу Айбек Аскарбеков, экоактивист жана медиаменеджер Исмаил Карыпов ж.б. бар.
Лиза Сурганова, Alternativa Film Project’тин жетекчиси:
«Өткөн жылы премиябызды тапшырып жатканыбызда Борбордук Азиянын калкынын тасмаларга чоң кызыгуусун байкаганбыз. Алар менен көрүүчүлөрдү тааныштыруу убагы келди. Биздин көрсөтүүлөрдөн Бишкектин көрүүчүлөрү өзүлөрү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн жаңы ысымдарды гана ачпастан, тасмалар жана аларда көтөрүлгөн резонанстуу темалар боюнча диалогго да активдүү катышышат деп үмүт кылабыз».
Alternativa Film Screenings көрсөтүүлөрү Бишкекте «Мульти Медиа Кыздар», IDEA Борбордук Азия жана Internews Network менен өнөктөштүктө өтөт.
Alternativa Film Screenings – inDrive глобалдык технологиялык компаниясы 2023-жылы ишке ашыра баштаган Alternativa Film Project эл аралык коммерциялык эмес долбоордун бир бөлүгү болуп эсептелет. Долбоор жаңыдан өнүгүп жаткан киноөндүрүштөрдүн кинематографчыларына колдоо көрсөтүү жана аларды таанытуу максатында уюштурулган. Alternativa Film Project кинокөрсөтүүлөрдү уюштуруудан сырткары Alternativa Awards премиясын тапшырып, кесиптик жактан өсүү үчүн акысыз билим берүүчү Alternativa Film Labs программасын өткөрүп келет.
Медиа үчүн байланыш маалыматтары:
PR, Юлия Бойкова: [email protected]