2022-жылдын сентябрынан тартып Интерньюс Кыргызстанда жана Тажикстанда аймактык APRICOT (Accountable Practices for Reporting Information on Conflicts to Offset Tensions) долбоорун ишке ашырып жатат.
Анын максаты – журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жарандык коомго коңшу эки өлкөнүн чек арасындагы жамааттардагы этникалык айырмачылыктарды жеңип, кызматташууга жана потенциалды арттырууга мүмкүнчүлүк берүү. Долбоор чек арадагы чыр-чатактарды чагылдырууну жакшыртуу үчүн трансчегаралык ММКлар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ушул ар түрдүү жамааттардын ичинде биримдикти бекемдөөгө багытталган.
APRICOT долбоорунун алкагында аймактык аудитория үчүн адамдардын жашоосуна, ден соолугуна, маданиятына жана экономикасына таасирин тийгизген чыр-чатактардын жана кризистердин кесепеттери боюнча медиа долбоорлор колдоого алынат. Чыр-чатактардын келип чыгуу себептери жана аларды чечүү жолдору тууралуу аналитикалык материалдар гранттык колдоо алышты.
Долбоор маалыматтык чөйрөнү жакшыртуу менен дезинформацияны, ушак-айыңдарды жана кастыкты жайылтууга бөгөт коюуга салым кошот, бул өз кезегинде эки өлкөнүн калкына алардын жашоосуна таасир эткен чыр-чатактарга жана кризистерге жооп катары негиздүү жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
2022-жылдын сентябрынан тартып Интерньюс Кыргызстанда жана Тажикстанда аймактык APRICOT (Accountable Practices for Reporting Information on…