Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту бир жыл мурда сунушталган «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбооруна жана анын адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укуктарга туура келерине талдоону сунуштады.
31-октябрда Бишкекте ЖКнын спикери Нурлан Шакиевдин, БУУ, ЕККУ, ДИАУБ/ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасындагы cөз эркиндиги боюнча техникалык кеңешме болуп өттү.
Бул кеңешменин демилгечиси Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева толук талдоо жүргүзүү үчүн Акыйкатчы институту эл аралык уюмдарга кайрылганын, улуттук мыйзамдардын алкагында сереп жүргүзүп, ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан нормаларды изилдеп чыкканын белгиледи.
Анын айтымында, ЖМК өкүлдөрүнүн жана мыйзам демилгечилеринин бардык пикирлери эске алынган.
Акыйкатчы институту «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» КР мыйзам долбоорун кайра карап чыгууну сунуштап, сөз эркиндигин жана адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыздоо зарыл экенин белгилейт.
«Жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укукка каршы келген нормаларды мыйзам долбоордан алып салуу керек. Биз бейтарап, көз карандысыз орган катары адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы стандарттарды мүмкүн болушунча толук сактоо үчүн бардык кызыкдар тараптарды диалогго чакырабыз», – деп билдирди Жамиля Жаныбаева.
ЖМК жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын 2022-жылдын сентябрында президенттин администрациясы коомдук талкууга алып чыккан болчу. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушев жетектеген жумушчу топ түзүлгөн. Медиа эксперттер, юристтер жана көз карандысыз ЖМКлардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ бир катар кемчиликтерди келтиришкен, бирок долбоордун авторлору бир жыл аралыгында маанилүү пикирлерди кабыл албастан, долбоордун беш вариантын сунушташкан.
Медиа Полиси Институту (МПИ) мыйзам долбоордун акыркы бешинчи вариантына талдоо жүргүзүп, ал КР Конституциясына жана өлкөбүз кол койгон бир катар эл аралык келиишимдерге каршы келерин аныктаган.
Бир жыл мурун да МПИ президенттин администрациясынын демилгеси боюнча пикирин билдирген.
МПИ ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырат
Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушев Internews.kg’ге берген интервьюда өткөн кеңешменин жана анда сунушталган эксперттик пикирлердин маанилүүлүгүн белгиледи:
«Бардык «оюндар» жүрүп жаткан мыйзам долбоорундагы эң маанилүү маселе – бул вебсайттардын катталышы.
Эгер бул норма боюнча жеңишке жетип, сайттарга каттоону киргизүү болбойт деп долбоордун демилгелчилерин ишендире алсак, анда прогресс бар деп ишенимдүү айта алабыз.
Чектөөлөрдү караштырган башка нормалар тууралуу сөз кыла турган болсок, алар ансыз да азыр колдонулуп жатат.
Мисалы, доо арыз берүү менен ЖМКны жабууну же анын ишмердүүлүгүн токтото туруу боюнча – азыр бийлик ушул ЖМК жөнүндө мыйзамсыз эле бардык тоскоолдуктарды айланып өтүп жатат, «Азатык» сайтынын бөгөттөлүшүн же учурдагы kloop.kg сайты боюнча кырдаалды эле алалы.
Же басылмаларга карата миллиондогон сомго ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыздарды алалы – соттор мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатканын байкап, көрүп жатабыз. Биздин мыйзамчылыкта юридикалык тарапка моралдык зыян келтирүү боюнча нормалар жок, бирок сотторубуз болбой эле ага байланыштуу чечимдерди чыгарып жатат.
Мындай көп тараптуу кеңешменин жакшы жагы – эл аралык эксперттик коомчулук тыянактарын билдирип, кеңештерин берип жатса биздин өкмөт аларды эске алып, компромисске барып, ачык-айкын чечимдерди кабыл алышы керек болот деп ойлойм. Адам укуктары жана эркиндиктерине байланыштуу биз өзүбүз кол койгон эл аралык документтерге, б.а. аткарабыз деп алган милдеттемелерибизге каршы келген жерлерди кайра карап чыгуу сунушталды».
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве БУУнун жана бир катар башка көп тараптуу өкмөттүк, эки тараптуу донорлордун же чет элдик бейөкмөт уюмдардын долбоорлоунун алкагында иш жүзүнө ашырылып жаткан медиа жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча программалар адамдарга чындыкты жалган маалыматтардан айырмалаганга, окуянын бир беткей чагылдырылышын аныктанга үйрөтүп, жардам берип келерин эскертти.
Анын айтымында, өзүн алып жүрүүнүн кесиптик кодексин иштеп чыгуу жана аны сактоо жолу аркылуу ЖМКлардын өзүн өзү жөнгө салуусуна колдоо көрсөтүү өтө маанилүү болуп эсептелет. Бул этиканы сактаган журналисттик практиканын өнүгүүсүнө өбөлгө гана түзбөстөн, фейк жаңылыктарды, дезмаалыматтарды жана ЖМКлардагы чындыкка жатпаган материалдарды аныктаганга жана аларды болтурбоого шарт түзөт.
«Технологиялык кийлигишүү менен жарандык укуктарды коргоонун, адамдын жеке жашоосунун купуялуулугуна укукту сактоо менен цензурага жол бербөөнүн ортолорундагы тең салмактуулукту табуу өтө зарыл болуп эсептелет. Айтылган стратегияларды ишке ашыруу сөз эркиндигин сыйлаган жана ошол эле кезде фейк жаңылыктар, дезмаалыматтар менен күрөшкөн туруктуу маалыматтык экосистеманы түзүүгө шарт түзөт. Бул жек көрүү менен тынчсызданууну кеңири таркаткан фейк жаңылыктардын жаралышына алып келген учурдагы глобалдык жана мамлекеттик деңгээлде бөлүнүп-жарылуу заманында өтө маанилүү», – деп белгиледи Антье Граве.
«Адилет» укуктук клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова алардын юристтери мыйзам долбоору боюнча пикирлерин, анын ичинде кат түрүндө да, бир нече билдиришкенин белгиледи.
«Биз бул чөлкөмдө дайыма демократиянын флагманы болгонбуз, бул ролду 30 жыл аткарып келдик. Бирок акыркы 2-3 жылда бардык көрсөткүчтөр боюнча артка чегине баштадык. Түркмөнстанга салыштырмалуу бизде сөз эркиндиги бар дегенибиз күчтүү аргумент боло албайт. Негизги көрсөткүчтөр боюнча артка жылып баратабыз.
Өнөктөрбүздү КЭУ жөнүндө, ЖМК жөнүндө жана Конституциялык соттун статусун өзгөрттүү жөнүндө үч мыйзам өтө тынчсыздандырууда. Чечимди силер кабыл ала турганыңар айтпаса да түшүнгүктүү. Ошого жараша жоопкерчилик да силерде болот.
Бүгүнкү күндүн мааниси чоң: Кыргызстан жолдун айрылышында турат, кайсы жолду тандайбыз. Же биз демократиянын аралчасы бойдон калабыз, же бардыгын кысымга алып, камакка алган өлкө болобуз», – деди Жакупова, иш-чарага катышып жаткан парламенттин спикерине, өкмөттүн вице-премьерине жана депутаттарга кайрылып.
Кыргызстан медиасынын аракеттер платформасынын өкүлү Семетей Аманбеков бир жыл мурда сунушталган мыйзам долбоордун 90% ушуга окшош орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынганын эскертти. Анын айтымында, түзүлгөн жумушчу топ жарым жыл аралыгында болгону эки жолу чогулган. Пикирлерин айтып сунуштарын беришкен. Бирок демилгечилер медиа коомчулуктун пикирин эске албастан документтин 5 вариантын сунушташкан.
«Муну (мыйзам долбоорду, – кот. түш.) кабыл албастан, башынан эле жаңы мыйзамды жазыш керек», – деп жыйынтыктады Аманбеков.
БУУ «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча өзүнүн сын пикирин билдирди
БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгынын Борбор Азия боюнча өкүлү Матильда Богер Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысынын пикир айтуу жана сөз эркиндигин колдоо жана коргоо боюнча баяндамасы менен тааныштырды. Бул документ 2023-жылдын июнунда эле Кыргызстандын жетекчилигине жиберилгенин белгиледи.
Ал 2023-жылдын май аында президенттин администрациясы коомдук талкууга алып чыккан «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоордун 5-редакциясы боюнча даярдалган.
БУУнун адам укуктары боюнча комитети бийлик журналисттерди жана башка жарандарды өз пикирин билдиргени үчүн, мамлекеттик органдарды сындаганы үчүн катуу кысымга алып, богерлер менен журналисттерге карата кылмыш иштерин да козгоп жатканда ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирет.
Ошол эле кезде «журналисттерди куугунтуктоо жана коркутуу тууралуу билдирүүлөр боюнча мамлекеттен эч бир жооп болгон эмес».
БУУнун комитети Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын катышуучусу катары Кыргызстанга төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- ЖМКнын эркиндигине ашыкча чектөөлөр жоктугуна, Эл аралык пактыга туура келишине улуттук укуктук жана институциялык базага, анын ичинде «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбооруна сереп жүргүзүү;
- коомдук кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча сын материалдар үчүн кылмыш жазасын колдонуудан баш тартуу;
- өкмөттү сындаган блогерлерди, журналисттерди, укук коргоочуларды жана башка жарандарды кандай гана болбосун коркутуулардан, кысым көрсөтүүлөрдөн, кол салуулардан коргоону күчөтүү жана алардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүлөр боюнча көз карандысыз тыкыр териштирүүлөрдү жүргүзүп, жазага тартуу;
- «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды кайра бир карап чыгып, медиабулактарды бөгөттөөлөр боюнча бардык чечимдерге натыйжалуу кепилдиктерди жана соттук көзөмөлдү камсыздоо.
БУУнун атайын баяндамачысы президенттик администрация сунуштаган ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору боюнча жергиликтүү эксперттердин аргументтеринин көбү менен макул жана документте караштырылган бардык талаптар массмедианын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратат деген пикирде.
Кайрылуунун толук тексти бул жерде.
Ошондой эле консультативдик жолугушуу учурунда төмөнкү документтер сунушталды:
ДИАУБдун жана ЕККУнун ЖМКнын эркиндиги боюнча офисинин корутундусу
Венециялык Комиссиянын корутундусу
Консультациялар Акыйкатчы Интитуту, «Адилет» коомдук клиникасы жана «Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү» (REVIVE) долбоорунун алкагындагы Кыргызстандагы Интерньюстун өнөгү Кыргызстан медиасынын аракеттер платформасы менен биргеликте жүргүзүлдү.