Коомдук тармактарда «Тез Кабар» каналынын ачылганына 6 жыл болду. Бул аралыкта аталган канал олуттуу сандагы өз көрүүчүлөрүн топтой алды. Учурда анда 10го жакын кызматкер иштейт.
Негиздөөчүсү Атакул Жалилов менен коомдук тармактарда каражат табуу мүмкүнчүлүктөрү жана салттуу медиалар алардын кайсынысын колдоно алат деген суроонун айланасында маектештик.
“Тез Кабардын” коомдук тармактардагы катталуучуларынын саны:
Ютубдагы жарнама каналы — 1 млн 740 миң;
Ютубдагы жаңылыктар каналы — 519 миң;
Инстаграмдагы Атакул Жалиловдун жарнама жайгаштырган жеке баракчасы — 159 миң;
Инстаграмдагы негизги баракчасы— 100 миң;
ТiкТок — 346 миң.
— Коомдук тармактардан өзүнчө канал ачуу идеясы кайдан келди жана биринчи кайсыл платформадан баштагансыз?
— Коомдук тармактан канал ачуу идеясы 2018-жылы келген. Мен анда «Ош Пирим» телеканалынын жарнама бөлүмүндө иштейт элем. Ошол убакта Ютуб платформасы биздин өлкөгө кирип, аябай активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан мезгил. Тез өнүгүп келе жаткан.
Бирок анда көбү жаңылыктарга басым кылышкан. Мен бул тармактагы жарнамалык боштукту байкагам. «Сайт кабар», «Акыркы кабар» деген каналдар ачылып, биз «Тез кабар» болуп калдык.
— Телеканалдан кетип, өзүнчө иштөө чечими эмнеден улам пайда болду?
— Телеканалдан кетүүмө өзүмдөн байкаган потенциал себеп болду. Мен өзүмдү эмгекчил, идеячыл адаммын деп эсептейм. Адам өзүн-өзү кандайдыр бир деңгээлде баалап турбаса, бир нерсе жаратышы кыйын. Бул, биринчиден.
Экинчиден, «Ош Пирим» бир саясатчынын каналы болчу. Кааласак да, каалабасак да саясатка байланышкан. Мен саясаттан алыс адаммын, кызыкпайм. Анан ал жерде ошол кшинин саясатын жүргүзүп, арыгын чабышың керек. Карасам, бир кишинин колунда жүрө берет экенсиң.
Анан өзүм да бер нерсе жаратайын деп, бөлүнүп чыгышыма туура келди. Анткени мен ишкер болууну эңсеп жүргөм. Мага жакшы айлык акы сунуштап, кызматык унаа менен камсыздап, иштеш үчүн жакшы шартты түзүп беришкен эле.
Бирок, чынын айтканда, айлык үчүн 9да барып кечинде 6да жумуштан келмей адатка түшүп калам деп ойлогом. Анткени бул мен үчүн эмес эле. Мен азыр өзүмдү медиа тармагындагы ишкермин деп эсептейм.
— ЖМКда иштеп же өзүнчө блогер болуп жарнамалык контент жараткандын кандай айырмасын байкадыңыз?
— Биринчи жарнаманы көчөгө чыгып эле издегем. Ким үй сатат экен, тартайын деп эки көчөнү кыдырып чыккам. Анан бир үй сатылат деген жазууну окуп, байанышып, тартып бердим.
Эч кандай техникам жок. Колумдагы телефон менен эле тартып, киргиздим. Бир күндө жыйынтык чыгып, сатылып кетти. Ээси чалып канча берейин деп сураганда оозума келгени 2 миң сом болгон.
Андан кийин ушул сыяктуу үй саткандар кайрыла башташты. Мен ошол убакта контент тандоодо, боштукту байкоодо туура кадам жасаган экенмин. Кийин өтүк кийип алып, мал базар, унаа базарды тартып жүрсөм элдин баары таң калган.
Кесиптештерим, бекер кылды да, ошондой жакшы ишин таштап кетти деп күлүшкөн, шылдыңдашкан учурлар болду. Бирок, анын баарына чыдашка туура келди. Баары изденүү, эмгек менен келди.
— Кайсыл коомдук тармактарга басым жасайсыздар жана каражат кайсыл тармактан көбүрөөк келет?
— Фейсбук, Твиттерге да кир деп айтышат. Ал жактан жарнама кетпейт. Көбүнчө саясат.
Биз Ютуб, Инстаграм, ТикТок анан азыр Инстаграмдын бир бутагы болуп ачылган Тредсти колдонуп жатабыз. Баары монетизация болгон. Бирок, ал жактын өзүнөн акча түшпөйт. Түшсө да ал тыйын. Каражатыбыз бир гана жарнама берүүчүлөр менен.
Кыргызстандан сырткары, бизди коңшу өлкөлөр да чакырат. Казакстан, Өзбекстан өздөрүнүн өндүрүш компанияларынын товарларын биздин базарга киргизүү үчүн бизди чакырат. Араб өлкөлөрү, Түркия, Орусия жана башка чет өлкөдөгү биздин ишкерлер чакырышы мүмкүн.
— Бизде коомчулуктун, көрүүчүлөрдүн анан ишкерлердин жарнаманы кабыл алуусу кандай? Жылдан жылга өзгөрүү барбы?
— Жарнама берүүчүлөр 80 пайыз коомдук тармакка кетти. Сатууда биринчи кезекте — бул жарнама. Мурдагыга караганда жарнама берүүчүлөр көп жана баары онлайн базарга өттү. Ошондон улам, жарнама телеканалдан коомдук тармакка ооду.
Анан жарнама берүүдө баарынын эле талабы өстү. Жарнама берүү — бул тобокелдик. Канча каражат төлөбөсүн жакшы жыйынтык болбой калышы толук мүмкүн. Биз башынан эле кепилдик бере албайбыз деп айтабыз. Жакшы жыйынтык болушуна мамлекеттик чоң телеканалдар да, агенттиктер да кепилдик бере албайт.
Атакул Жалилов съемка учурунда.
— Анан жарнамадагы жоопкерчиликке кандай карайыз? Мисалы, буга чейин кыйла чуу жараткан курулуш кооперативдери боюнча жарнамаларды алалы.
— Бүгүнкү күндө жарнаманы алууда биз айранды да үйлөп ичип калганбыз. 3-4 жыл мурунку жарнамалык контенттин зыяны да бүгүн башыңа келип тие бериши мүмкүн экен. Бир күндө бизге 50 чалуу келсе анын 5-10у ушундай учурлар.
Турак жай кооперативдери, курулуш компаниялары жөнүндө айтсам. Биз эмнеге таянып жарнама кылабыз? Биринчи, документтерин карап чыгабыз. Прокурорлордой эле барып сурайбыз. Юстициядан каттоодон өткөнбү, тиешелүү органдардын макулдугу барбы деп сурайбыз. Жарнама мыйзамдарын карайбыз. Баары жакшы болуп чыгат. Биз жарнама кылабыз.
Анан эле 2-3 жыл жакшы жыйынтык берип, бир учурда курулуш токтоп калат. Анын артында бир саясатчы турган болот, же ээси камалып кетип, токтоп калат. Анан сен жарнама кылган элең, биз ишенип алган элек деген чалуулар башталат. Анткени бизде туруктуулук жок экен. Биз ошону байкадык.
«Тез Кабардын» жамааты иш учурунда.
— Өзүнчө тиркемеңиздер да чыкты окшойт. Жарнамадан сырткары дагы кандай контент жасайсыздар?
— Тиркемебизди иштеп чыкканга 1 жыл болду. 50 миң адам туруктуу колдонуп жатат. Бүт жарнамалык бөлүктөр бар. Жайгаштыруу аябай ыңгайлуу. Экономикалык шартта баасы өзү 1 батирге туура келди. Өнөктөштөр менен биргилекте иштеп чыктык.
Азыр программисттерибиз тиркемебиздин орусча бөлүгү менен сайт жасоонун үстүндө иштеп жатат. Жакында коомдук тармактарыбыздан тышкары, сайтыбыз да иштеп баштайт.
Мурдатан эле биздин ниет эфирге чыгыш болгон. Телеканал, радио, сайт, гезит катары каттоодон өткөнбүз. Гезит даярдап, бирок каражаттын жоктугунан токтоп калган.
Азыр эми максатыбыз жарнама менен өзүн-өзү каржылоого толук жетүү. Азыр бир гана күнүмдүк жаңылыктарды чагылдырып жатабыз. Алар иш-чаралар, ачылыштар. Анан кызматкерлердин айлык акы, ижара акы, техникалык камсыздоо, кызматтык унаалар менен тапкан каражатыбызды араң жаап жатабыз. Алдыда башка контенттерге да акырындык менен өтөбүз.
«Тез Кабардын» жамааты.
— Башка контент жасоого өткөндө жарнама берүүчүлөр менен кызыкчылыктар кагылышы болуп калса кандай кыласыз?
— Сын, карама каршы келе турган контент жасабайбыз. Аналитика менен саясат эмес. Оң маанайдагы контент болгон үчүн кайчылаш учур болбойт. Саясий жаңылыкты чыгарганда деле, учурда жыйын, сессияларды болгонун болгондой эле чыгарып жүрөбүз. Болсо чечишибиз мүмкүн.
— Телеканалдар азыр коомдук тармактар аркылуу жарнама тартууда эмнелерге көңүл буруусу керек?
— Телеканалдар иштешпейт деп ачык эле айтам. Бул алардын өздөрүнүн жумушуна кылган мамилесинен. Биз коомдук тармактарда иштеп жатабыз. Алар да ошентип иштеш керек. Биз Ютуб каналда иштеп жатабыз. Аларда да Ютуб бар. Башка коомдук тармактарыбызда иштеп жатабыз, аларда да бар.
Эгер телеканалдардын өзүн-өзү каржылоо, жарнамадан каражат табуу максаттары болгон болсо, изденүүсү керек. Жарнамалык бөлүмдөргө адистерди тартышы кажет. Эмнеге биз жасап жатканды алар жасай албайт?
Бүгүнкү күндөгү жарнама мурдагы телеканалдын стандартына туура келбейт. Мисалы, азыр деле мурдагы убактагыдай интервью алышат. Изденишпейт, кээ бир материалдарда стендап дегендерди көрбөйсүң. Мен аларга көнүмүш стандарттан чыккыла дейм. Динамика болсун. Телеканалдар бардык контентинде аны жаратуу боюнча мурдагы көнгөн адатынан чыгышы керек.
Менчигинин түрүнө карабай жарнамадан өзүн каржыласа болот. Телеканалдар мал базарды тартсак стандартка туура келбейт деп өздөрүн башка денгээлде карап коюшу мүмкүн. Ошол тоскоолдук жаратат. Биринчи, бизге окшоп төмөндөн баштап, анан каржыны өйдөгө алып чыгуу керек. Жогоруда жөн эле калкып тура берүү кыйын. Майда нерседен чогултуп олтуруп, жогоруну көздөй жылса болот.
Маектешкен Айдай Беделбек кызы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.