Кыргызстандагы Интерньюс уюму “Медиа-К” долбоорунун алкагында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин мугалимдери, лекторлор жана медиатренерлер үчүн “Билим берүү чөйрөсүндөгү визуалдаштыруу ыкмалары” деген темада тренинг уюштурууда. Ал Интерньюстун Тренинг борборунда өтөт.
Датасы: 4-август, 2024-жыл
Убакыт: 10: 00дөн 14:00гө чейин
Кайсы тилде: англисче орусча котормосу менен.
Тренингде эл аралык эксперт Эвалдас Рупкус окутуунун ар кандай методдорунда маалыматты жаттоо деңгээлин аныктоочу эксперименталдык методикаларды колдонот.
Тренингде төмөнкү темалар болот: визуалдык эффекттердин мааниси, негизги геометриялык фигуралар жана тез визуалдаштыруу ыкмалары, постер мейкиндигинин дизайны, ошондой эле иконкалврды жана сүрөт символдорун колдонуу практикасы.
Маалыматтарды визуализациялоо боюнча тренинг журналисттерге, окутуучуларга жана башка кызыккан адистерге пайдалуу болот, анткени ал татаал темаларды кеңири аудиторияга жеткиликтүү формада берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Тилекке жараша азыркы учурда визуализация ар кандай акысыз онлайн куралдары жана кызматтары менен жеткиликтүү.
Маалымат визуализациясы —бул маалыматтарды адамдарга изилдөөнү жеңилдеткен формада көрсөтүү. Маалыматтарды визуализациялоо илимий жана статистикалык изилдөөлөрдө (тактап айтканда божомолдоодо, маалыматтарды интеллектуалдык анализдөөдө, бизнести талдоодо), педагогикалык дизайнда окутуу жана тестирлөө үчүн, жаңылыктардын кыскача баяндамаларында жана аналитикалык материалдарда кеңири колдонулуп келет.
Визуализация байланыштарды жана мамилелерди тез жана оңой көргөнгө, чечмелегенге, чийки маалыматтар түрүндө көңүл бурбай турган өнүгүп келе жаткан тенденцияларды аныктаганга мүмкүндүк берет.
Тренер
Эвалдас Рупкус – жаштар, медиа жана маалымат сабаттуулугу (МИГ) боюнча долбоордун менеджери, тренер жана автору. Литванын Жаштар Кеңешинде LiJOT, Eurodesk Lithuania, Гёте Институту, ERYICA жана Германиянын Эл аралык IJAB Жаштар Кызматында иштеген.
Эвалдас карьерасын жаштар программаларынын радио алып баруучусу катары баштап, кийинчерээк Литвада жаштарга маалымат берүү жана кеңеш берүү системасын киргизген. 2019-жылдан бери DW Академиясынын (Германия) Азиядагы жана Европадагы ЖМКларды өнүктүрүү бөлүмүндө эмгектенип келет. Монголия, Молдова, Армения, Украина же Балтика өлкөлөрү сыяктуу мамлекеттерде журналисттердин коопсуздугу жана окуу программаларын иштеп чыгуу, маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барат, ошондой эле тренерлерди окутат.
Учурда Эвалдас DWнин теңчилик, ар түрдүүлүк жана инклюзия менен камсыз кылуу бөлүмүндө долбоордун менеджери болуп иштейт, ал жерде майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жана инклюзивдүүлүк маселелери боюнча иш алып барат. Эвалдас саясат таанууну окуган жана бизнести башкаруу боюнча магистр даражасына ээ.
Тренингге катышуу үчүн 2024-жылдын 22- июлуна чейин төмөнкү бул жердеги каттоо формасын толтуруу керек.
Тренинг төмөнкү даректе өтөт: Бишкек, Ибраимов көчөсү 115/1, “Асыл-Таш”бизнес-борбору (кирүү Гоголь көчөсү тарабынан).
Тренингге катышууга байланышкан бардык суроолор боюнча КРнын Интерньюс медиа кеңешчиси Элима Жапаровага электрондук дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: edzhaparova@internews.org