Медиасын

Кыргызстандагы Интерньюс 2022-жылы «Медиасын өнөрканасы» аталышындагы жаңы долбоорду ишке ашыра баштаган.

Бул долбоор журналистиканын сапаттык өнүгүүсүн талдоо, баалоо жана болжолдоо максатын, б.а. кесиптик өсүшкө жана технологиялык өнүгүүгө жетишүүнү, корпоративдик жоопкерчиликти жана тилектештикти күчөтүүнү, этикалык нормаларды сактоону, коомдук маалымат үчүн көз карандысыз институттун принциптерин сактоону, ЖМКга мүнөздүү башка социалдык функцияларды аткарууну, журналисттердин чыгармачылык жөндөмүнө дем берүүнү ж.б.д.у.с. көздөйт.

Сынактын негизиндеги тандоодон өтүп, тренингде жана андан кийинки ментордук программада өзүн көрсөтө алгандар Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынчылар тобуна чакыруу алышат. Алар фрилансер катары гонорарга медиасын жанрындагы контентти даярдап турушат.

Кыргызстандык журналисттер саясий, экономикалык темаларда макала жазганда аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кайрылат. Айымдарга көбүнчө саламаттык, билим берүү, үй-бүлөлүк зомбулук темаларында…

Сүрөттүн автору Санжар Эралиев. Кыргыз киносу акыркы жылдары чоң өсүштү көрсөтүп жатканы менен киножурналистиканын өнүгүүсү артта калууда. Басылмаларда жана каналдарда…