Медиасын

Кыргызстандагы Интерньюс 2022-жылы «Медиасын өнөрканасы» аталышындагы жаңы долбоорду ишке ашыра баштаган.

Бул долбоор журналистиканын сапаттык өнүгүүсүн талдоо, баалоо жана болжолдоо максатын, б.а. кесиптик өсүшкө жана технологиялык өнүгүүгө жетишүүнү, корпоративдик жоопкерчиликти жана тилектештикти күчөтүүнү, этикалык нормаларды сактоону, коомдук маалымат үчүн көз карандысыз институттун принциптерин сактоону, ЖМКга мүнөздүү башка социалдык функцияларды аткарууну, журналисттердин чыгармачылык жөндөмүнө дем берүүнү ж.б.д.у.с. көздөйт.

Сынактын негизиндеги тандоодон өтүп, тренингде жана андан кийинки ментордук программада өзүн көрсөтө алгандар Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынчылар тобуна чакыруу алышат. Алар фрилансер катары гонорарга медиасын жанрындагы контентти даярдап турушат.

Кыргызстанда медиа сынды өнүктүрүү программасынын катышуучусу Мирлан Кадыровдун аймактардагы жарандык журналистика тууралуу макаласын  сунуштайбыз. Учурда коомчулукта кесипкөй журналистиканы жарандык журналистика…

8-сентябрь – Журналисттик тилектештиктин эл эралык күнү. Анткен менен эгемен Кыргызстанда эркин ой-пикир айткандар, бийликти сындагандар куугунтукка кабылып, темир тор…