Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү

2020-жылы Кыргызстандагы Интерньюс COVIDге, эмдөөгө, медициналык беткаптарга, 5Gга ж.б. байланыштуу жалган маалыматтар менен күрөшүү ниетиндеги төрт редакциянын «Медиа-Блокпостко» биригип, фактчекинг жүргүзөлү деген демилгесин колдогон болчу.

Кийин дезмаалыматтар жана жалган жаңылыктар менен күрөшкө жети редакция бирикти. Жыйынтыгында элдин медиакеректөөсү боюнча изилдөөнүн тыянактарына таянып, видеформаттарга басым кылган жана кыргыз тилинде контент жараткан Checkit Media платформасы түзүлгөн болчу.

Интерньюс ошондой эле жаштардын жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында медиасабаттуулукту жайылтуу боюнча «Текшердим» кампаниясына активдүү катышкан.

Фактчекерлер жана иликтөөчү-журналисттер үчүн күчөтүлгөн тренингде фейктерди жана дезмаалыматты аныктоого жардам бере алган ЖИнин жеткиликтүү аспаптары тууралуу маалымат берилди.…

Кыргызстанда өткөн ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча “Жолдун кесилишинде: Демократия үчүн ЖМК эркиндигин коргоо” 24-борборазиялык конференцияда Checkit Media’нын башкы редактору Асель Сооронбаева…