«Билим Айтыш» долбоорунун алкагындагы жылда өтүүчү төкмө акындардын айтышынын жекшембиде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында өткөрүлүшү Кыргызстандын маданий жашоосундагы олуттуу окуялардан болду.
Ал терең символикалык мааниге ээ болуп, сөз жана ой эркиндиги, элдин көйгөйүн көтөрүү, чындыкты айтып чыгуу өзөгүн түзгөн салттуу элдик оозеки өнөрдүн жаңы форматта өнүгүп жатканын күбөлөдү.
Өткөн айтыш «Билим Айтыш» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Интерньюс уюму Музыка ишмерлер бирикмеси жана Кыргыз улуттук “Манас” театры менен биргеликте өткөрүлдү. Бул жылы айтыш кыргыздын атактуу төкмө акыны Майра Керим кызынын элесине арналды.
Кыргызстандагы Интерньюс үч жылдан бери төкмө акындарды коомдук маанидеги контентти жаратуунун жана аларды коомдук тармактарда жайылтуунун жаңы ыкмаларына үйрөтүп, салттуу маданий-ахлактык баалуулуктарды бекемдегенге кол кабыш кылып келет.
Кыргызстандагы Интерньюстун директору Назик Чекирова айтыш күйөрмандарынын алдындагы сөзүндө эмне үчүн медиалар менен иштеп, аларга колдоо көрсөтүп келген уюм катары белгилүү болгон Интерньюс акыркы жылдары манасчылар жана төкмө акындар менен иштей баштаганын түшүндүрүп айтып берди.
Назик Чекирова айтыштын ачылышында .
— Биз бардык контент жаратуучулар менен кызматташабыз.
Акындар илгертеден бери чындыкты айтып келишкен, элдин көйгөйлөрүн айтып турушкан.
Ошондуктан төкмө акындарды кыргыздардагы биринчи маанилүү контент жаратуучулар болгон деп эсептесек болот.
«Манас» – кыргыз элинин улуу жана теңдешсиз дастаны. Биз өзүбүбүздү «Манастагы» жалпы адамзатка таандык болгон баалуулуктарды жайылтууга милдеттүүбүз деп эсептейбиз.
Ошондуктан биз үчүн «Билим Айтыш» өтө маанилүү долбоор жана аны биз уланта бермекчибиз, – деди Назик Чекирова.
Анын айтымында, Кыргызстандагы Интерньюс төкмө акындар өз өнөрлөрүн өркүндөтүп өстүрө алган мектепти түзө алды.
Тема боюнча:
Төкмө акындар замандын актуалдуу темалары боюнча ырларын жаратышууда
Кыргыз Республикасындагы USAID уюмунун башчысы Кая Адамс айтыштын ачылышындагы сөзүндө АКШнын өкмөтү төкмө акындар коомдук тармактарда маанилүү темаларга, анын ичинде жаштарды кызыктырган темаларга да, контентти жаратып, жайылта алгандыктан алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү боюнча программаны колдоп келерин айтты.
Кая Адамс «Манастан» саптарды кыргызча айтууда.
«USAID кыргыз элинин салттуу өнөрүнө колдоо көрсөтө алганына сыймыктанат.
Ал үй-бүлөдөгү мамилелер, гендердик теңдик темаларын чагылдыруу маанилүү экенин белгилеп, өз сөзүн «Манастан» «Курама жыйып журт кылдым» деген саптарды кыргызча айтуу менен аяктады.
Айтыш учурунда төкмө акын Айсабү Базарбай кызына колдоо көрсөтүү үчүн сахнага жубайы чыкты.
«Билим Айтыш» долбоорун ишке ашырууга Түгөлбай Казаков, Назаркул Сейдрахманов, Мелис Мураталиев, Айман Касенов, Максат Жумабеков, Самат Көчөрбаев сыяктуу кыргыздын кыйын инсандары катышууда. Бул долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандагы Интерньюстун кызматкери Максуда Айтиеванын салымы чоң.
17 төкмө акын жети жупка бөлүнүп, бир топто үч акын айтышты. Айтыш жалпы жонунан 4 сааттан ашык убакытка созулду. Акындар чеберчиликтеринде чоң өсүш бар экенин көрсөтө алышты.
Үч акын болуп айтышуу оңой болгон жок.
Төкмө акындар айтышта ата-эне менен балдардын, улуулар менен жаштардын, апасы менен кызынын ортосундагы мамилелерди, үй-бүлөдөгү зомбулукту, сөз эркиндигин, башка пикирлердегилерди куугунтуктоону көтөрүштү. Бийликтин кадамдары, мамлекеттик желекти өзгөртүү аракеттери, кыргыздын унутта калып бараткан салттуу баалуулуктары, кыргыз коомунун келечеги тууралуу темалар көтөрүлдү.
Айтыш дээрлик 5 саатка созулганы менен зал толтура болду.
Акындардын айтышындагы айрым саптар коомдук тармактарда тарап кеткенине караганда айтыш ийгиликтүү өтүп, ал коомго оң таасирдеги, агартуучу, билим берүүчү багыттагы маанилүү окуялардан болду.
Түз эфирдин жазуусу:
Айтыштын жыйынтыгы боюнча жюри төмөнкү төкмө акындарды жеңүүчүлөр деп тапты:
Биринчи орун жана $1000 — Мамбеттокто Мамбеторозо уулу
Экинчи орун жана $800 — Кубат Тукешов
Үчүнчү орун жана $500 — Нурсултан Малдыбаев
Долбоордун бардык 17 катышуучусу $500 өлчөмүндөгү стипендиядан алышты.
Ошондой эле төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды:
“Жаңы ысым” – сыйлык Айнаре Баратбек кызына тапшырылды.
“Башкаларга үлгү болгон Акын” – сыйлык Мамбеттокто Мамбет Орозо уулуна тапшырылды.
“Ойчул Акын” – Баян Акматов жана Айсаба Базарбай кызы.
“Чечен Акын” – Турат Жумаев.
“Данакер Акын” – Кубат Тукешов.
“Агартуучу Акын” – Мамбеттокто Мамбет Омүр уулу жана Жамайка Токонова.
Интерактивдүү добуш берүүнүн жыйынтыгында эл сүймөнчүгү сыйлыгы Нурсултан Малдыбаевге тапшырылды.
Internews.kg‘нин сүрөттөрү