Блогерлердин курултайы биринчи жолу Кыргызстан менен Казакстандын ар түрдүү интернет аянтчаларындагы белгилүү жана жаңыдан баштап жаткан контент жаратуучуларды бир жерге чогултту.
Блогерлердин биринчи фестивалына катышууга 1 миң өтүнмө келип түшкөн, бирок уюштуруучулар 400 катышуучуну гана чакыра алды. Бул форум 1.1. studio менен Кыргызстандагы Интерньюстун Өкүлчүлүгүнүн кызматташуусунун жыйынтыгы болду.
Интерньюс буга чейин мектеп окуучуларын кыргыз тилиндеги контентти жаратууга шыктандырган #блогербол долбоорун ишке ашырган болчу.
Кыргыз эл оркестринин коштоосундагы улуттук кийимчен жаштардын бийи жана желектерди көтөргөн жүрүшү менен коштолгон иш-чаранын ачылыш аземи ага өзгөчө көрк кошуп, катышуучулардын эсинде көпкө сакталып калды.
Кыргызстан блогерлеринин коомчулугу акыркы эки жылда өзгөчө тездик менен өстү.
Блогерлердин биринчи курултайым YouTube-блогерлерди, Instagram жылдыздарды, тиктокерлерди, вайнерлерди чогултту.
Иш-чараны белгилүү шоумендер Ростислав Ященко менен Нурсултан Курсанали уулу алып барышты.
1.1. studio’нун Генералдык продюсери Асхат Табалдиев курултайды ачып жатып, мурдагы шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) оюнчуларынан, тамаша жана оюн-зоок контент жаратуучуларынан турган командасы бара-бара акырындык менен блогерлер болуп калганын белгиледи.
– Блогер деген ким? Бул бир эле учурда актер, сценарист, продюсер жана продакшн болгон адам. Эми ушул төртөөнө силерге жазылгандарды кошуп койгула, – деди ал.
Асхат Табалдиевдин айтымында, алар чоң аудиториянын алдындагы өзүлөрүнүн жоопкерчилигин жакшы сезишет.
Ростислав Ященко:
– Бүгүн блогер – бул көптөгөн нерсе… Биз радионун, ТВнын жана жаңылыктардын ордуна келдик… Ири компанияларга продуктыларын жарнамалоо кыйын болуп калганда блогерлерден репост кылып койгулачы деп суранышты… – деп тамашалады.
Сүрөттө ким кайсы платформаны баарынан көп колдонот деген сурамжылоонун жыйынтыктары.
Жарнама рыногунун изилдөөчүлөрү Айпери Алтынбекова менен Адель Муканова жарнамалык агенттиктер жана бренддер жүргүзгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары менен тааныштырышты. Интернет-жарнаманын рыногу өсүп жатканы, элдин 90% инфлюэнсерлерди таасирдүү деп эсептешээри байкалган. Жарнама берүүчүлөрдүн дээрлик 80% жарнамаларын блогерлерге берүүгө даяр экен. Ал эми алардын 44% жаңы блогерлер менен иштешүүгө макул экенин билдиришкен.
Мээрим Толепберген – Instagram жылдыз, белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы – контент жаратуу жана жарнама берүүчүлөр менен кызматташуу боюнча өзүнүн 10 жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал өзүнүн презентациясын «Эч качан МУНУ кылба» деп атаган.
Казакстандык көрүнүктүү блогер Биржан Ашим өз сөзүн стендап түрүндө айтып берди. Ал блогинг менен миллиондогон акча тапса болобу деген темага токтолду.
Жарнама берүүчү ири компаниялардын өкүлдөрү менен кызыктуу пикир алмашуу болду. Алар иштешүүгө блогерлерди тандап жатышканда биринчи кезекте эмнеге көңүл бура тургандарын айтып беришти. Блогер сөзсүз түрдө креативдүү, жоопкерчиликтүү, айлан-чөйрөгө аяр мамиледе болгон жана адамдык жакшы баалуулуктарды карманган болушу керек экен.
Instagram’да популярдуу жубайлар Данияр Болотбеков менен Ажара Койчуманова ишти, үй-бүлөлүк жашоону, үч баланы тарбиялап өстүрүүну активдүү блогинг менен кантип айкалыштырып келишерин айтып беришти. Жубайлар үй-бүлөдө азырак талашып-тартышып, бири бирин көбүрөөк сыйлап, түшүнүп калышканын белгилешти.
Курултай учурунда: блогерлер аудиториясын тарбиялаш керекпи, интернеттеги жек көрүүчүлүк менен кантип күрөшүш керек деген темалардын айланасында да талкуулар болду.
Шайыр Мыкы катары белгилүү Мыктыбек Мукаев чынчыл, жасалмасыз болууга, өзүңдүн кемчиликтериңен корпоого, хейтерлерге көңүл бурбоого жана аларды бөгөттөп салууга чакырды.
Психолог Бейшен Жумабековдун жек көрүүчүлүктүн себептери жана аларга кандай мамиле кылуу керек тууралуу сөздөрү көпчүлүктүн чоң кызыгуусун жаратты. Анын айтымында, хейтер – чоңоюп, өсүп жетиле албаган, психикасы бузулган адам болуп эсептелет. Хейтке кандай мамиле кылуу керек деген кеңештери менен бөлүштү.
Дүйнөдөгү эң атактуу тиктокер Yolo house казакстандык Азат Халимовдун «Эмне үчүн кызматташуу зарыл жана кантип TikTok оюндун шартын түп тамыры менен өзгөрттү?» деген презентациясы бардык катышуучулардын көңүлүн өзүнө бурду. Анын паблигине 20 миллиондон ашык киши жазылган. Анын айтымында, ийгиликтин себеби – талыкпаган эмгек, ал күн сайын саатына 20 видео жаратып турат.
Нурбек Токтакунов курултай тууралуу:
Курултайдын жүрүшүн толугу менен бул жерден көрсө болот: